Билиги шам чырактын түтөп күйүп, арык чымын урунат айнегине...

* * * Билиги шам чырактын түтөп күйүп, арык чымын урунат айнегине, наристе Моисей уктап калды корзинкада, азыр жылуу Египетте. Наристени уул кылып ал, көзүн ач да — терезеден карагын, кумурадан канча көпкө куюларын коюу кахетин шарабын. Жана дагы унутпагын, уктаганда шыбыроону түшүнүксүз сөздөрдү: Дарактар бүт али учуп кете элек; бүт тапталып бүтө элек чөптөрү. колдору белгисиз бир устанын жепирейген жер кепеде, анан дагы, камыштан бешик эмес, Кудайдын бир белегиндей токууда табытыңды.