Монплезирдин жок болушу
Срөтчү Илья Капорейкин далай жакшы күндөрдү баштан кечирген.
Бул тууралуу ал кызыл кыштан тургузулган элиталуу шаар курулуштарынын ортосунда өзүнүн ээсине окшоп үмүтсүз сызга отуруп калган тактай баржасы сымал сүрөтчүнүн эки кабаттуу түнөгүнө түздөн-түз жакын жайгашкан бурчтагы азык-түлүк үңкүр дүкөнүнө күшүлдөп-бышылдай желип баратып кейип калды. Капорейкиндин көксөгөнү «Невское» сырасынан сегиз бөтөлкө согуп алуу, анан бирдеме шам-шум этүү эле. Кечээ ошол ажайып күндөрдө бирге дуулдаган досу, качандыр бир кездерде сүрөтчүлүктү аркалап, бүгүнкү күнү Интернетте дизайн менен алектенген Дима Билбесовдон телеграмма алган. Борбордо жашаган Билбесов өз иштери менен кичи мекенине учуп келип, ошол бөлтөк-сөлтөк, айрык-жыртык чапталган дубалдары бар, баркан-шаркан чыгармачыл жылдары өткөн, акыры крахмалдай кытыраган жашыл долларлар атылган — бирок ал бардыгынын эле шыбагасына туура келе бербеген шаарга келди. Азыр Копорейкин дүкөнгө бара жатып, жүз рублдик төрт кагазды бир топко айландыра карап турду да, бирин калтырып коюуну ойлоп, кайра баарын алып алды.
Акыйкат үчүн айта кеткенибиз оң, өткөн жакшы жылдардын да жаман жактары болгону ырас. Он беш жылча илгери Висейка суусунун чым баскан түз жээгине устун үйлөрдү тургузуу даңазага айланып, эл ичинде Монплезир аталып кеткен. Ошол кездерде эле Монплезир шаар бийлигинин каттоосунда жок болчу; күкүгү бар саатка окшоп курама темирден тургузулган үйлөрдү алар үй катары эсептеген эмес. Айтмакчы, ал жерде телефон күркөлөрү, атактуу сыра чекиттери, пластмасса баштыктарын жана тапичке чыгаруучу цехтер сыяктуу шаардык обьектилер болгон, ошолордун бардыгы биринин артынан бири жоголуп отурду. Ошентип Момплезир шаарга шай келип, бутуна ишенимдүү турган; кыштактын кепелеринде күзгү кандай илинсе, дал ошондой болуп кыйшык орнотулган анын терезелеринен үлбүл-бүлбүл жарык түшүп турар эле.
Монплезирде жалаң бекерчилер турушчу. Кызыктай бул инсандар эптеп-септеп тегиздемиш этилген таар-кагазга бирдемелерди шыбап-боёп, өзүлөрү чыгарган советке каршы ырларын кыңылдап ырдап жатышчу. Бекерпоздор азыркы искусство теориясын, демек, искусствонун өзүн түзүп чыгышкан. Техника заманында артефакттар техниканы колдонуу менен түзүлүүгө тийиш деп болжолдонгон. Андай техника катары килейген полотно чымын-куюн тегеренип, чалды-куйду учкан самолеттордон калган издер сымал чачыранды менен толтурулган аэрографтар, ошондой эле жайылган ватман кагазга тамекинин калдыгы калкып жүргөн боёкторду чалпылдата ары-бери кубалаган сүргүчтөр эсептелген. «Америка» жана «Англия» журналынын сүрөттөрү маанилүү окуу каражаты катары колдонулуп, Америка үнү аталган эски радио кабылдагыч шыктандырып турган. Айрым бир чыгармачыл топтор жаңы театр идеясын көтөрө чуркашкан; ырас, желе баскан бир бурчка пол жуугучтан чыгарып алынган чирик чүпүрөк-сапырактарды тартып коюп, кайсы бир пластикалык пьесаны коюп көрүшкөн, бирок ал жомок шаарды дүрбөтүп, мышыктай сыйда КГБнын капитанынын кыжырын жагымдуу кытыгылап койгон эле.
Пьеса чалышка караганда Монплезирге кантип түшүп калганы белгисиз гипстен жасалган лениндик бюст андан аша козголоңчул болгон; терезе койгучтун жараңкасында жашаган ак тотукушка окшогон андан айтып бере алгыс диссидентчилик сезилип турган. Ошого карабастан бекерпоздор менен Монплезирдин айланасындагы болмуштун мамилеси кээде легеалдуу мүнөзгө да ээ эле. Бир топ убакка чейин жаш жана тырышчаак Билмесовдун аракети менен (комсомолдун райкомунан ага түшүнүксүз ыйгарым укук берген кандайдыр бир кагазды алып), Монплезирде балдар изостудиясы иштеп турду. Жаш сүрөтчүлөрдүн Билмес аларга эмнени койсо ошону кез-кез балалык баёо көздөрү менен жалдырай карап коюп карандаштарын кытыратып отурганы кызык болчу. Алардын ата-энелери, мисалы, талапка ылайык төрт чарчыны, конусту же башкаларды тарткандын ордуна сабакта кырдуу стаканды тартып атышканын билгенде чатак чыкты. Бул бойдон жүрүп отурса байыркы эстеликтер жоктугунан Момплезирдеги жалгыз Лениндин гипс эстелигине кезек келип, ичкич болуп кетишерине көздөрү жеткен ата-энелер балдарын алып кетишип, көпчүлүгүн Пионерлер сарайына берип жиберишти. Айтмакчы, аякка каттап калышкан улуу балдар эки-үч жылдан кийин ичинде бөтөлкөлөр шаңгыраган оор баштыктары менен Монплезирге тез-тез шынаарлап калышкан.
Кепе тургундары эптеп тапкан акчалары менен жашашчу. Тамак ичиш үчүн ичишчү: белгисиз бир мыйзам боюнча эгер арак табылса, анын катарында кайдан-жайдандыр жыттооч-чайнооч өзүнөн-өзү эле пайда болуп калар эле. Эл ичине Билмес менен Капорду, жана дагы экөөсүн «Изумруд» ресторанын жасалгалоого чакырышып, бригадага он бир миң сом төлөшөт деген аңыз тараган. Бирок бул акчаларды эч ким көргөн эмес. Ал эми кечкисин кумарпоз картачылар менен советтик офицерлер котолошчу «Изумруд» оңдоп-түзөөдөн кийин планетарийге анча-мынча окшоштук тартуулаган, жаркырак күзгүлөр жабыштырылган зор тегерек шар менен ачылган. Болору болгонго чейин ошентип улана берди. Ошентип күндөрдүн бир күнүндө Монплезирди чет элдиктер шынаарлап калышты.
Алар бет алдында жарк эте ачылган монплезир болмушуна караганда жууп салгандай кубакай, чаң жукпастай таптаза болушчу. Атургай жашыл юбка, кызгылт көйнөкчөн, көгүш чачтуу узун мурун француз кызы да тигилердин көпчүлүк сүрөттөрүндөгү түс айкаштыгына жете алмак эмес. Чет элдиктер Монплезирден эмнени көргүсү келишсе ошону, ага кошо казандын түбүнө тептегерек болуп жабышып калган «Америка» менен «Англиянын» айрык-жыртыктарын көрүштү, ал эми ооздору аңырдай ачылган бекерпоздорго жашыл акчалар жамгырдай жаады. Капорейкин капталынан караганда орок менен балканын элесин берген Майк аттуу миллионер аябагандай узун жашыл кагаздарды жарым саат санап атып бергенин, а өзү болсо милициядан коркпостон ошолордун баарын шыпырып алганын, тар чөнтөгүнө шыкап атып араңдан зорго салганын күнү бүгүнкүдөй эстеп ичи ачышат. Ушулардын бардыгы бир көргөн түштөй кайрылбай кетти, аттигиң! Колхоз тарап жок болду, көпчүлүгү өздөрүнүн искусстволорунун артынан Батышка сапар салышты. Капорейкин дагы далай жер кезди: Италия көз жеткис көк мейкини жана өмүрүндө биринчи жолу ооз тийген «Макдоналды» менен, Америка болсо пиццасы жана сырт келбети аябагандай зор кызылчаны элестеткен кайрымдуу афроамерикалык аял менен анын эсинде калды. Капорейкин ойгонору менен өзүн сыйкырчы аны дүйнөнүн бир бөлүгүнөн экинчисине ыргытып жиберген жомоктогу каармандай сезип кампайган. Кампайбай кара жерге кирсе эмне, капилеттен, минтип кеч күздө сүзүлгөн бейсболкачан, ичинде бираз доллары жана Горбачев тартылган жабылбас матрешкасы бар жешилген жынсы куржунун көтөрүп өзүнүн үйүндө болуп калып атпайбы. Эч ким жашабаган эски үй тамчынын тактары менен балыр болуп капталып, туз салаңдап таш болуп катып калыптыр. Алардан азмаз мекендин жыпар жыты келген бош бөтөлкөлөрдү чогултуп жатып Капорейкин мындан ары дагы жашоону чечти.
Бир топ убакытка чейин бардыгы көнгөн адат боюнча уланып жатты. Сүрөттөр гана эмес, эсеби маселен, алюминий ашкана айрыларынын же боёлгон чырпыктардын композициялары, ошондой эле азыркы кезде өлгөн чымындар жабалактаган жабышкак тасма сымал ыр жазылган сары жалбырактар коюлган көргөзмөлөр коюлуп турду. Бул жалбырактардан жылт эте өтүп кеткен кездердин сагыныч-санаасы келип турчу. Эми заманбап искусствону көбүнесе чет элдиктер эмес, чөнтөктөрүнүн көрүнүшү аябагандай чоң капчыктарга окшогон кызгылтым күрмө, тери тон кийген коңкогой мурун атамекендик миллионерлер сатып ала баштаган. Атургай, тилекке каршы, кийинчерээк нөлгө түшкөн абалда турукташкан жергиликтүү галерея бизнеси сымал бирдемеси да түзүлө калган болчу.
Искусствого салынган чыгаша ордун толтуруунун төмөндөшүнө караганда ындын өчүүнүн тамыры терең, себептери ого бетер олуттуу эле. Капорейкиндин айланасы менен сатып алуучулардын чын турмушу башкача болуп чыкты. Эми алар өзүлөрүн өздөрү аңдашып, өз кызыкчылыктарын сары эсепке сала башташты: нерселер эми мурдагыдай ар кай жерде унутта калып жатпастан, бардыгынын ээлери табылды. Ошентип Монплезир жер бөлүштүрүү боюнча шаардык чоң оюндун аркасы менен аман-эсен калып турду. Дегиңкиси, бир кездеги атактуу турактын аты калып, өзү жок деңгээлде. Советтик кепе кыштактын мурдагы тургундары чар тарапка чачырап, мезгил менен мейкиндик арасында кардай эрип ың-жыңсыз. Кимдир бирөөсү бул жалгандан өтүп кетсе, сазга чөккөндөй кабарсызы канча дейсиң. Ошентип турганда кагаз жүзүндө жок туракта болгону жалгыз Капорейкиндин катталуу экендиги табылып жүрөт. Ошентип ал тегерете катар-катар күзгү коюлуп, ошолордун ортосунда Монплезирдин жападан-жалгыз чыныгы ээси болуп чыга келди.
Бул сезим аябагандай ачуу, бирок сыймыктуу эле. Иш жүзүндө Капорейкин өзүн ушинтип, бул жерде турган сүрөтчүлөрдүн ичинен жападан-жалгыз чыныгы сүрөтчү деп саначу. А алардын да өзүлөрүн ошентип санашкандыгы эсепке алынган жок. Башында ал ар бирин жогеле дегенде төрт жүз долларга баалап, алыстан караганда крест менен сайма сайгандай көрүнгөн өзүнүн сүйүктүү адам-балыктары менен адам-куштарын чиймелеп отурчу. Кийин анысын токтотуп таштады. Ошентип эми иши өрдөдү. Ал өзүнүн жашыл канат бирдемелери каалгыган айлана-чөйрө андан терең мааниге ээ экендигин туйду. Ошол түпсүз терең мейкиндикти боёктордун тунуктугу менен ачып берүүнү үйрөнүп, эми ал жергиликтүү калкка жыл маалына ылайык кумшекер жамынган же муз тоңгон ёлкалуу пейзаж сүрөттөрүн сатып күн көрө баштаган. Көп учурда өзү үчүн жан аябастан эмгектенип, эмне жеп, эмнени ичишти да унутуп калчу. Бир топко чейин ал баягы коммунадан алынган тырмактардай курушуп катып калган вермишелдерди ботко кылып кайнатып ичип жан баккан. Натыйжада Капорейкин шалдырап-шалпайды: анын сакалдары кетпес такты микроскоптон караганга окшоп калды.
Билмес эптеп сүртүмүш этилген столдогу муздаткычта сакталбастан сыра темир эриткичтин коңурсук жытын ура баштаган маалда саал кечигип келип калды. Капорейкинден айырмаланып, Билмес анча өзгөрүлбөптүр. Болгону атайылап боёп койгонсуп маңдай чачтарын ак аралап, шортасынан ылдый салаңдаган буттары баягы бул шаардагы Билмесовдун буттары эмес, көбүнесе, эчкинин шыйрактарына окшоп калыптыр. Аны менен бир кездери шаардагы мыкты аялдардын мыктысы жана жолдуу сүрөтчүлөрдүн жолдуусу Яна колтукташып кошо кирди. Капорейкин жарым жылаңач киши менен кантип колтукташып басса болорун түшүнө албай аң-таң. Азыркы Янанын упаланган жаактары ийленген теридей салаңдап, басыгы оордоп калган экен. Кыязы, ал бул шаар Билмести бир нече күн оозун ача карап калыш үчүн оптималдуу вариант катары тандалса керек.
— Мынакей, менин университеттерим! — деп шаңк этти Билмес майланышкан диванга жуулган чүпүрөктөй жумшак көчүгүн коюп жатып.
Сырадан ууртап коюп искусство тууралуу кеп кылып жатышты. Бирок эмнегедир искусство менен чыныгы турмуш шайкешпей койбоспу. Билмес көтөрүп келген туздалган жаңгак баштыктар менен курсак тойгузбас чечмичкелер Капорейкиндин бекер ашка болгон куру үмүтүн актаган жок. Яна отуруп-отуруп, бир маалда анын ичинде толуп кеткен айым-балыкка окшогон багелеги жазы кызыл шымын аяй Монплезирди аралай басып кетти. Билмес болсо бардык жыртык-тешиктерди шыкаалап, сынык-бүлүк шкафтардын ичи-тышын аңтарып, ар кайсы терезелерден эт кесчү тактай үстүндө анда-санда куйругун булгалаган балык сымал кез-кезде бир шарп этип агып жаткан Висейканы шыкаалап коёт. Ал азыркы тапта эң мыкты жыштыктарды сатып алган «Голос Америки» менен «Би-би-сини» гана тартып калган эски радионун кулагын бурап, чалдыкындай кырылдап-шырылдаган Америка үнүн издеп убара. Кара мурч сээп койгонсуп карс-күрс эткен жергиликтүү губернатордук радионун үнүн угаары менен мурдун чүйрүп, андан ары жылдырат. Монплезирде тапкандарынын бардыгы Билмеске жагып жатканы сыртынан эле байкалып турат. Ал Капорейкин тарабынан сатууга камдалган товарды көрөр замат ичтен жым болду. Бирок сироп менен тартылгандай жылмакай сүрөттүн артында Капорейкиндин чыныгы иштери салабаттуу катылып жаткан. Ошондо барып Билместин ичинен ит үрүп, өзүн кайда катарын билбей калды.
— Канчадан кетип атат? — деп сурады ал фарфор шорпо куйгучтун капкагына Россия империясынын таажысын бираз элестеткен сымал анча чоң эмес жашыл адам-жөжөнү сүрөттөгөн Капорейкиндин акыркы эмгегин көрсөтө калп каткырымыш этип.
— Кандай десем... — Капорейкин токтой калды. Ушул сүрөттү тартып жатканда жагымсыз бир окуяга туш болгон. Шорпо куйгучту сүрөтчү анын империялык шөкөтүнө азгырылып жакшы бир үй-бүлөдөн убактылуу колдонууга сурап алган. Караңгы түндө кара басып, акыр-чикир жана көрүмчү-арбактардын арасынан суу ичем деп анысын сындырып алган. Талкаланган шорпо куйгучтан падыша шаанисин жоготуп, капустанын жалбырактарына окшогон томпок капталдары гана калды. Сүрөтчүнүн талкаланган шорпо куйгучтун ордуна анын сүрөтүн тартып берейин деген тилеги да таш капты. Баягы ак көңүл идиш ээлери дарооле карасанатайга айланып, анын сүрөтү идиштин баасына татыбайт деп баш тартып коюшту. Алардын ою боюнча, сүрөттө алардын шорпо куйгучу кыйшык тартылып калган имиш. Капорейкин үчүн бул курчап турган турмуш чындыгы мурдагыдан башкача боло баштагандыгынын, тактап айтканда, адамдар бардыгынан буюм менен дүнүйөнү өйдө санап калгандыгынын дагы бир белгиси болду. Кыязы, жаңы турмуш мыйзамы катаал белем: болбогон бир идиш-аяктын ээлери сүрөтчүнүн же идишти, же анын кунун төлөй албасын билип эле турушуп, бир жарым миң сом бересиң деп көжөрүштү. Ошондуктан Капорейкин азыр идиш-аяктын ээлери үчүн эмес, өзүн өзү жубатыш үчүн, сырага бир жарым миң сом сурагысы келип турган.
— Эки миң сомдон! — деди ал Янаны тешиле тиктей.
— Капор, сен өзүңдүн гений экениңди билесиңби? — деди Бильмес мыйыгынан жылмайып. Ал ак «Адидас» кийген буттарын шалкылдаган отургучка коюп, кыйчылдаган диванга чалкалай отурду. — Эки миң сом деп кишинин күлкүсүн келтиресиң да. Сага мунуң үчүн эки жүз сом да беришпейт. Сени азыр, Капор, кулагыңды кесип берсең да баалашпайт. Мобереги сенин гениалдуу чыгармаң, — деди ал уялыңкы жаркыраган сүрөттү көрсөтүп, — качандыр бир убакта ондогон, атургай жүздөгөн тонна жашылбайларга бааланат, карап тур. Бирок аны сен көрбөй каласың, Капор. Анткени генийлер — азап болушат.
Капорейкин шилекейин кулк эттире жутуп жиберип, колун багелегине аарчынды. Кайра-кайра аарчынып жатты. Көздөрү көкташтай жайнап, бир саам ага сүрөттүн бир жери өзгөрө түшкөндөй сезилди.
— Эмне үчүн? — деп суроо узатты үнү бүткөн короздон бетер кыйкылдап.
— Биздей генийлерди ким түшүнөт? — деди Билмесов тишин кычыратып. — Сен, маселен, Шагалдын ким экенин балесиңби? Же Пикассону? Же, мейли, мобу ширин импрессионисттерди деле алалы — булар деги эмнелер? Мен түшүнбөйм! Мен сенден айырмаланып, курсакты кампайтып, ыйык сууларда кайык минген жокмун, кыдырып көрүп чыктым. Чындап түшүнгүм келген.
Музейлерде алардын алдында темтеңдеп жүрдүм. Алар жабынып алышкан. Бир көз ирмем ачылып, анан кайра жабылып алышат экен. Менин сүрөт тууралуу түшүнүгүм сүрөттөн тышкары жашайт. Ал каяктан келип, каяктан табыларын билбейм. Бирок ал генийден эмес, менин өзүмдөн табылат. Генийлик деген шарттуулук экен да. Аябагандай кооптуу шарттуулук. Боёк шыбалган чүпүрөктөр үчүн жашылбайларын аябай чачкан бай эшектердин жарымысы искусствону менден да кем түшүнүшөт. Тактап айтканда, мындай эмес, акча катары түшүнүшөт. Гений дегениң аябагандай чоң көбүктү үйлөп чыгаруунун болбогон бир шылтоосу. Бул Милос Венерасынын колдору сыяктуу. Алар ойдон чыгарылып, катын менен бирге чегилип коюлган, азыр алар барбы же жокпу? Айтчы!
— Билмесик, сен мыкты философ турбайсыңбы, — деп койду Яна алаксытыш үчүн. Бирок Билмес башын чулкуп алып, кебин улантты.
— Сен, Капор, дөдөйсүң, а мен акылдуумун. Ошондуктан мага кулак сал, — деди Бильмес, ал эми Капорейкин ага башын ийкегилеп отурду. — Сага гений катары бул жалганда эч нерсе буюрган эмес, анткени сен келечекти булгап атасың. Сен тарткандар, тартып жатканыңда гана жогорку мааниге ээ. Тартып бүткөнүңдөн кийин анысы өзүнөн өзү жоголот жана наркка ээ болот. Сен, Капор, табытка киресиң, а сенин тартканыңды музейлерге илишет. Бирок бул сенин түбөлүктүүлүгүңдү билдирбейт. Сүрөттөрүңдү бири-бирине сатышат, уурдашат, аукциондорго коюшат, байышат, анын толтура көчүрмөлөрү пайда болот. Көчүргүчтөрдү кошо алганда, сен эмнени тартканыңды, аны кайдан алганыңды эч ким түшүнбөйт. Кийин-кийин бир маңбаш табылат да, аны бычак менен кесип кетет. Бул окуяга тиешелүүлөрдүн кимдир бирин мууздап же атып салышат. Мага жооп берчи, Капор, — деп башын көтөргөндө Билмесовдун экөө эки жакты караган каректеринде бирдемелер бийлеп жаткансыды. — эгерде сен өзүңдүн шедевриңдин азабынан ондогон кишилер ажал табарын алдын-ала билген болсоң эмне кылар элең?
— Мен аны өзүм эле кесип-тытып салмакмын, — деп чын ниеттен жооп узатты христиан Капорейкин, жана эмнегедир, кайрадан Янаны телмире тиктеп калды. Мурдагы момплезирдик даражасынын деңгээлине таптакыр шайкеш келбеген бул генийлик даража анын катышуусунда ыйгарылгандыктан Капорейкинде билип-билбестен аны менен төшөктө бир болгондой сезим калтырды. Яна азыр деле сынынан кетпептир: семиз жоон мойнунда шокалад түспөл меңи бар, түйрүк эриндеринин үстүндөгү түктөрүндө сүттөн калгансыгандай сыранын көбүгү агарып турат. Ал ортодо Яна эки достун аркасынан Капорейкиндин сүрөтүн илгерки жакшы мезгилдерде ар дайым олжо апкелчү өзгөчө көз караш менен кадала тиктеп турду.
Иш жүзүндө Яна Билместин таба аралаш фантазиясына анча ишене берген жок. Тек гана анын алдында турган алкактуу сүрөт түсү боюнча өзүнө жакшы белгилүү кайсы бир турак жайдын обойлоруна укмуштай окшош өңдөндү. Янанын ак ыр жазуу, ал дагы кайсы бир мезгилдерде шаардын мыкты айымдарынын бири болгон абысын-жолдош кызы андан өз ательесинде бирдемелерди түзүп чыккан чоң апалардын ак крепдешинине одоно граффити тартуу сыяктуу көп кырдуу таланттарынын ичинде жалгыз, нагыз таланты бар эле. Ал мыктынын мыктысы деген журналисттер да жете албаган жашыруун калбаат каармандардын үй жана мобилдик телефондорун эч кимге билгизбей таап алууга маш болчу. Ал номурларды ачык колдонуу абдан кооптуу. Анын аркы-беркисин териштирбестен туруп жанчып коёбуз дегендер да кездешет. Бир ирет ошондой окуяга кептелип, бир топ күн пирогдун кабыгынын астындагы ысык вареньедей көгала бойдон жүргөнү бар. Ошондой болсо дагы каардуу абоненттердин көпчүлүгү телефондон укмуш сонун артефакттар тууралуу аялзатынын күбүр-шыбырын укканда, бардык сүрөтчүлөр жинди чалыш болот эмеспи, андыктан алардын искусство таануучулары деле ошондой да деп ойлоп тим калышчу. Эгерде эле Яна жаксакчылары менен катчыларынан буйтап өтүп кимдир бирөөлөргө жетти дегиче, демек ал андан эмнесин болсо да сатып алды дей бер.
Янаны ар ким-ар ким ар башкача кабыл алышчу, а ал болсо жүрөк түшүргөн көпөстөргө назик кылыктануусу менен арканды алыска ыргытып шынарлаар эле. Кокусунан ал көз карашы кескелдириктикиндей эксперт же көптү көрүп көзү каныккан коллекционерлерге кез келсе акча жасаш кыйын экенин баштан кечирген тажрыйбаларынан улам жакшы билчү. Накта акчалар кайсы бир ала-була сүрөт сымалдын бетачарын өткөрүп жаткан маалда спонсордун моюнуна оролуп: «Ва-ась, мен мобу сарысын каалаар элем», — дегенде Вася чекесиндеги бырыштарын куруштура ичтен санап туруп, колтугунан пачкелерди сууруп чыкканда гана келет.
Эпчил Яна өтөле акылдуу Билмесовдун философиясын бөлүшпөгөнү менен, түркөйлүктүн жана искусствонун бирлигине макул эле. Өз кезегинде эркектик мүмкүнчүлүгү чабал жана алаканы ачылбаган зыкым миллионер Майктын айласын таба албай заманасы алты куруган; атамекендик эки чыгаан чыкманы тооруп көрсө: ичине арааны катып бышырган нандай эски түрмөчүлөр экен, эсин эки кыла мант беришкен. Ошондой болсо дагы Яна демөөрчүлөрдү уйдай сааган нимфеткаларды абдан жактырчу: колдон келип турганда бардыгын алып калыш керек.
Искусство чыгармаларын сатып өткөрүү уламдан улам оорлой берди: шаар аябагандай тар болуп чыкты, кардарлардын көпчүлүгүнө Яна бир эмес, эки-үч сүрөт сатып жибериптир, үчүнчүсүнөн сылык-сыпаа баш тартып коюшат. Ошентсе да бир жума илгери ал жетпей жүргөн бир кардарга жетип алган. Андан бир катар кичи шаарлардын бюджети көз каранды болгон каржы-өнөр жай тобунун башчысы Селиванов аны менен жолугушууга макул болду. Олтгарх сүрдөп кирген Янаны өз кабинетинин артындагы жасалгалуу бөлмөдө кабыл алды. Селиванов мырза корто киши экен. Маңдайын туташ ысык каптап, кызыл-ала башындагы суюк чачтары жаңы чыккан балапандын жүндөрүндөй үлпүлдөйт. Ал сыркоо сымал көрүндү.
Адам-балапандын кантип кофе ууртап жатканын баамдай карап Яна ага укмуш сонун келишимди сунуш кылды. Селиванов анын быдылдактарына кайдыгер кулак төшөмүш этип, бирок анын айткандарынын баарына башын ийкеп макул болуп отурду. Анын төбөсүнөн кандайдыр нур чачырагансыды, ошондо барып Яна олигархтын жылаңач дубалдары сүрөт тилеп ээнсиреп, ошондуктан ээсин эриктирип жатканын сезе салбаспы. Бирок чынчыл аял катары Селивановдун жан сергитер арбын акчасына жооп катары аны биротоло ыраазы кылуу ниети ойгонгон ошо жерден. Акылы айныган Билмес аны ресторанга алып барыштын ордуна эки кабат ыплас сарайга жетелеп келгенде, ал асмандан издегенин жерден тапкандай болду. Анын отургучтун көөсүн да, жылымык сыраны да, дегиңкиси, бардык ушул калжырак-келжиректерди да айласыздан чыдап көтөрүп отурган бирден-бир себеби ушунда.
— Менин сага берер кеңешим, Капор, — деп Билмес акыры ак көңүл Капорейкинди муюта кебин улантты, — чыныгы нерсени эч качан тартпагын. Жасалманы жасай бер. Көчүрүп көбөйт. Ошондо карап тур, эл катары байыйсың!..
— Болду, балдар, жетишет, — деп бултуңдады Яна этегине жабышкан чипстин калдыктарын күбүп. — Асмандан жерге консоңор. Сенин сынгандан калган живописиңди сатып берем, Капор. Эки жүз бакс дебейм, жүздү анык аласың. Эртең үйүңдөн карыш чыкпа, таңата келип калам.
Кечке жуук Билмес менен Яна кичине кыйшалаңдап, бири-биринин бутун баса жаңы окуя издеп жөнөп кетишти. Капорейкинге ошол эле керек болчу: акыркы дүбөлүңдүү жылдарда жалгыз калып көрбөгөнсүп өзү менен өзү калууну ушунчалык самап жаткан. Өз талантын сынагысы келип жаткан. Ошондуктан ал сүрөттөрүнүн баарын сынык эмеректерге катары менен тизип чыкты. Капорейкин келесоо эмес, Билмес аны калп эле Шагал менен Пикассого теңегенин түшүнүп турду. Бирок ошондой болсо да... Билместин бал сөздөрү анын эзелки эс-очогун жандырып койду. Капилеттен Капорейкин өзүнүн итбекер кеткен эмгектери үчүн эсептеп жүргөн акчалар тирилип келип бири-бирине кошулуп отуруп тоодой болуп үйүлүп чыкпаспы. Жайдын түнү ачык. Айдын нуру үзүк-кесик булуттарды күмүш түскө боёгон. Монплезир менен жылдыздардын ортосунда андан башка эч нерсе жок. Уйкусураган Висейка суусунун үстүндө чырактын жарыгы чагылышып, арыраакта адам-балык чабак урат. Элес-булас көрүнгөн адам-куштар анда-санда жалбырактар ичинен башбагып кайра жок болушат.
Адам-куштар жапкыч тартылбаган терезеден тиягына да, биягына да коюлган окуу көргөзмөлөрүн таякчасы менен сайып көрсөтүп жаткан мугалимдей болуп колундагы бычагы менен ары-бери басып жүргөн чоң сакалды байкашаары ыктымал эле. Ырасында Капорейкин бир чечимге келе албай жаткан. Кээде ага бычактын жардамы менен келечектин жана адамзаттын тагдырын башкарчудай элестеп кетип жатты. Жандүйнөсү жанчылып, анысын жумуру дене Янаны ушундай бөтөнчө түнү өзү менен алып кала албагандыгы ого бетер күчөтө берди. Толкундоосу кандайдыр бир бийик чекитине жетип токтогондо ал Янага ашык болуп калгандыгын, эми анын турмушу эртеңки күндөн тартып башка нукка түшөөрүн туйду.
Таң эрте чиркей талап бети-башы күпчүктөй шишип-көпкөн аны тепкичтин тыкылдагы ойготту. Үтүк жыттанган аскердик кийимчен Яна чеберканага атып кирди да, кечегүнкү натюрмортту дароо колуна алды. Капорейкин ойгонгонго да үлгүрө элек болчу. Ал тер сиңген төшөгүнөн оонап турганча эки саат өтүп кетти. Мыйрыйган чөмүч менен муздак суудан кере жутуп, үй ичин жыйнаштырууга камынды. Ошо маалда шагылды шаркылдатып эрмен түстүү боз-жашыл иномарка короонун алдына келип токтоду.
— Селивановдун так өзү келип жатканына сыймыктанбайсыңбы! — деп жарыя кылды Яна. Анын жүзү мурдагыдан да нурданып, оозунан ментолдун кермек жыты бурр этти. Сумкасын аңтарып бир ууч жүз долларлык акчаларды алып чыкты да, бирөөсүн тайсалдай түшкөн Капорейкиндин алдына чаап койду. Сүрөтчү аны казан кармагандай кучактагысы келди эле, бирок Яна андан буйтай качып, такасын тырсылдаткан бойдон сыртка чыга качты.
Адегенде Капорейкиндин маанайы суз тартып, бара-бара кадимки калыбына келди. Тактайдан катып калган чүпүрөктү сууга малып жумшартып, полдун бираз бөлүгүн жууп салды. Ошондуктан чеберкананын ичи суук мончо жыттана түштү. Алган акчасы чөнтөгүн тырмабай коймок беле: ириде боёк алсам деп турган, анан кайра Билместин эски досторуна кезигип, кичине эл аралоону самады. Бирок бир чечимге келиш кыйын болгондуктан керебетке кулап, радио кабылдагычын курсагына коюп алып кыркырап-шыркыраган Америка үнүн издей баштады. Радио ышкырып-кыйкылдап келип кандайдыр бир джаз музыкасын ойной баштады. Аңгычале аялдын үнү жаңылыктарды окуп кирди:
— ...Шевченко жана Биринчи май көчөлөрүнүн кесилишинде автомат менен атып кетишти. Селивановдун жансакчыларынын бири дароо мүрт кеткен, а Селивановдун өзү болсо ооруканага алып бара жатканда үзүлгөн. Облустук ИИБнин өкүлү журналисттерге маалымдагандай, ок чыгарылган кочкул түстүү «Жигули» кылмыш жасалган жерден алыс эмес аралыкта табылды. Автомобиль ушул жылдын май айынан бери уурдалып кеткендердин арасында экен. Селивановдун ишмердүүлүгү жана «Алтын аюу» каржы-өнөр жай тобу кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын туудурган деп болжолдонууда...
Ушуну менен үн какап-чакап өчтү. Канча бир убакыт Капорейкин бөлмөдө жоктой туюлду. Андан соң кайра кайтып келип, эми керебетте эки тизесин колдору менен чапкылап таптакыр башка адам отургандай.
Өңү бөдөнөнүн жумурткасындай ала-була тартып, көздөрү мунарыктаган. Арык курсагы эки бөлөк тырышып, чачтары тик турган.
Андан ары Капорейкиндин табышмактуу ишмердүүлүгү улам тынып бир нече күн уланды. Азыр аны сырттан караган киши колуна таякча кармаган мугалим катары эмес, короо ичиндеги чарбачылык менен алектенген фермер экен демек. Ал чирип калган тосмону балта менен талкалып, канистрин көтөрүп чуркап жүрдү. Көгүчкөндөрдү үркүтүп, шыптан бирдемелерди издеп жатты. Кокус анын оюн билген бирөөлөр болсо, Монплезир буга татыбайт деп айтмак. Анткени Монплезир бардык жерде небакта эле бүткөн болчу: жеке колдордогу жана чакан музейлердеги сүрөттөрдүн боёктору упуранып түшүп, ыр менен жазылган автографтар жоголгон, авангарддык композициялар чирип же дат басып, боёлгон бутактарды курт жеп салган. Бул жалгандын материалдык жана менталдык таштандыларынан жасалган дүйнөгө келген искусство эми кайдан келсе, ошоякка кетип жаткан. Эми Капорейкин дүйнөнүн ар кыл бурчуна чачырай ыргытылган адамдардын жалпы тагдырын бөлүшүп, ошолорго барып кошулуу керектигин түшүндү. Монплезирдин бар экендигин далилдеш озуйпасы акыркылардан болуп анын энчисине тийип жатканына канааттанды.
Ал ортодо Селивановдун кадыр-барктуу Хомутов көрүстөнүнө кеткендигине байланыштуу жер бөлүштүрүү маселеси тез арада оңунан чечилип, аябагандай зор тигүү машинасына окшогон бульдозер солкулдаган бадалдарды уйпалап, белгиленген жерге бет алды. Бирок аны Висейканын саздак жыты эмес, ысык илеп тосуп алды. Монплезир алоолоп өрттөнүп жаткан. Экинчи кабаттын сынган терезелеринен шамалга желбиреген жибек пардадай болуп кызгылт-саргыч жалын жалбырттап, үйдүн төбөсү алоо өрткө айланган — көп узабай бүткүл Монплезир баштан-аяк көрүнүп, оттуу рентген аны бир байыркы жаныбардын куу сөөгүнө окшотуп койду. Ал эми Илья Капорейкиндин сүрөтүнө келе турган болсок, ал жеңил-желпи кутулду. Жалгыз гана картинасы РУБОПтун фантомастары аңтарып карап, кагаздарды казып-чачып жаткан маркум Селивановдун кабинетинде кол жеткис бойдон кала берди.



