Бешик ыры

Укта, бөпөм! Ободо тынчтык жана бейкуттук. Шекспир ойлоп тапкан мокочо гана кыйнайт бизди чочутуп. Ыйлаба, уулум! Тынч алгын! Кудай сүйөт дүйнөнү. Джойс деген гана кырчаңгы бейпилдикти бузат үйдөгү. Болду эми?.. Көгөрүүдө чөп дагы. Ыйлабачы! Күн жарыгын арнасын. А былжырагы Кафканын — Болбогон сөз! Кудай өзү жалгасын.