Happy Birthday

Керек эле буга небак көнүшүм
алгачкыдай толкунданып турамын
апкаарыбай коюш кыйын мен үчүн
келген кезде 22 жаш курагым

Караңгыда ак канатчан калтырап
сызда олтурам баардыгы өз чегинде
жылыткычтан шылдыраган үн чыгат
төштө — бака, а башымда — чегиртке
сүкүт чалып олтурамын, билемин:
эми эч нерсе мүмкүн эмес болушу
акыры алар келет алып белегин
ал анткени
мен аларды укмуштуудай сүйөмүн

Ах кандай жашка келдиң тептегерек
укмуш болуп чыктың дешип сен кайдан
шаңгыр-шуңгур баары шайыр кепке келет
майрам майрам түтөйт биздин бул майрам

Эх, урматтуу алтындарым жылмайган

Аларды мен аяп кетем кучактап
алар дагы мага ошондой күйүшөт
аяп турат алар мени ушактап
ал анткени мени аябай сүйүшөт

Эч кимине шек алдырбай кучактайм:
шамга күйгөн канат көрдүм болгону
периште-кут келбегенсип кылчактайм
баардыгына ыраазыбыз болжолу

Биз жашайбыз эркин-эмин жайдаңдап
Чарчоо билбей кайгысы жок баш менен
Биз ар качан шаңданабыз майрамдап
толгон сайын 22 жашка мен.