Бут алдыңда тоголонуп оролуп, назиктикти сурап сенден турамын...
* * *
Бут алдыңда тоголонуп оролуп, назиктикти сурап сенден турамын,
Төрөлө элек түйүлдүккө айланып, тилим менен мээнет кылып бурамын.
Колтугуңда наристемин кенедей, канатыңды кыскан бойдон ачпагын,
Кыймылдаба мен жылынып бүткөнчө, коюнуңдан келбейт менин кулагым.
Жетилелек, омурткасы ката элек, азырынча мен чала жан балыкмын,
Сөөгүм жумшак, ичим жарык союлган, ошондуктан карманалбай
калыпмын.
Дүнүйөлүк караңгылык артында, анан дагы боштук жатат космостук,
Сени көздөй урагансып баратам, анын арты учкуну жок жарыктын.
Таштабагын мени опур-топурда, таштабастан жарыктыкка алып чык,
Эмне болорубуз менден окулат, менден өткөр миллион жыл алыстык.
Катып калган жыгач жана дөңсөөлөр, мен алардын калдыгымын чогулган,
Жана дагы күнгө жаңылыктармын, сокур окуур сөзмүн десем калыстык.
Бүт деңиздер, материктер добушун, тыңшап укчу кулагыңа келсе эгер,
Үндөп жатат мени дагы чакырып, тропикалык деген бардык өлкөлөр.
Акыл жетпес кыйма-чийме базарлар, ызы-чуулар, кыпчып кетчү сөздөр да,
Коңгуроодой чынжыр, билериктин бүт, бардыгынын шыңгыры эле
эмнелер...
Чүпөрөкмүн аягы жок чубалган, тандап айрып ал бөлүгүн каалаган,
Бийлигиңе түшкөндөрдүн сен аны, бөлүкчөңө айлантып ал жарасаң.
Сенин жылуу жытың бары үчүнбү, жакшы көрөм мен аларды карасам.
Мен жек көрөм! Сыныктары айнектин терим тешип кесип өлүп баратам.
Балапан де мени. Айтчы, жашайбыз, белгисиз бир дарыянын жээгинде,
Тереңине түшөбүз да экөөбүз, көтөрүлүп кайра жээкке кээ күндө.
Биз баарына дудук болуп балыктай, үнсүз дүйнө менен жашап калабыз,
Эч ким бизди сыртта туруп тааныбайт, таанылбаган бойдон калып өмүрдө.





