Кейикчээл кишилер
Оо, азап, шордуубуз биз!
Майрамга, бизге келди кейикчээлдер,
капага баткан кишилер!
Күңкүлдөп, мыңкылдашты кайран алар:
«майрам эмес — силердин майрамыңар!»
Кейикчээл кишилер, жүздөрү уйпаланган,
арактан баш ооруган.
Келишти кабак-кашты тырыштырып:
«Жарабайт бизге булар!
Көңүлдүү эмес силердин көңүл ачуу!
Силердин кубанчыңар кубаныч эмес,
зериктирме, жана да аянычтуу!»
Кейикчээл кишилер түк көрө албайт,
маанини, изги иштерди майнаптуу.
Келишти, басышты ары-бери мурун чүйрүп,
коюшту түкүрүнүп, кыйшык карап,
сөөмөй кезеп кекетишти түсүн үйрүп:
«биз отурар орундук кайсы тарап...»
Эсинеп, жешти тамак... Кургап-тердеп,
күңкүлдөштү: тиги андай, бу мындай деп.
Туура эмес ойнодуңар, туура эмес ырдадыңар,
Бардыгын туура эмес камдапсыңар!
Бул жалганда аларга жакпайт баары,
оорута ийне сайып, ичкендей ачуу дары,
кейикчээлдин тырышат бети-башы.
Жетишет,
болду, жетет,
болду, болду!
Башканы куйдуңар деп бокалдарга,
таарынып тартуу кылган розага да.
Кейикчээлдер каргап-шилеп кетишет...
А майрам дале болсо уланууда!
Майрамга, бизге келди кейикчээлдер,
капага баткан кишилер!
Күңкүлдөп, мыңкылдашты кайран алар:
«майрам эмес — силердин майрамыңар!»
Кейикчээл кишилер, жүздөрү уйпаланган,
арактан баш ооруган.
Келишти кабак-кашты тырыштырып:
«Жарабайт бизге булар!
Көңүлдүү эмес силердин көңүл ачуу!
Силердин кубанчыңар кубаныч эмес,
зериктирме, жана да аянычтуу!»
Кейикчээл кишилер түк көрө албайт,
маанини, изги иштерди майнаптуу.
Келишти, басышты ары-бери мурун чүйрүп,
коюшту түкүрүнүп, кыйшык карап,
сөөмөй кезеп кекетишти түсүн үйрүп:
«биз отурар орундук кайсы тарап...»
Эсинеп, жешти тамак... Кургап-тердеп,
күңкүлдөштү: тиги андай, бу мындай деп.
Туура эмес ойнодуңар, туура эмес ырдадыңар,
Бардыгын туура эмес камдапсыңар!
Бул жалганда аларга жакпайт баары,
оорута ийне сайып, ичкендей ачуу дары,
кейикчээлдин тырышат бети-башы.
Жетишет,
болду, жетет,
болду, болду!
Башканы куйдуңар деп бокалдарга,
таарынып тартуу кылган розага да.
Кейикчээлдер каргап-шилеп кетишет...
А майрам дале болсо уланууда!





