Эне тилим, ары тур менден алыс...
* * *
Эне тилим, ары тур менден алыс,
сен мага жакындаба, кеткин нары,
отуңдан корком азыр чыдай алгыс,
куйкалоодо жалындын алоо табы.
Сөөктү өрттөй турган ысык меште
ушинтип тура калат өйдө болуп,
кол булгап өлүк киши тынбай кечке.
Эмне болуп баратам, эмне болуп?




