Сезон жабылган соң

1. Эльба

Башталат түпсүз январь — май айында Эльбадан,
кумары күч аптадай — жашыл пальма, вербадан.
Жайылып түн ой-кырга, уктаган көзгө толсо да,
Ойгонуп бирок алган соң уйкуң кыска болсо да,
баштыгың да, башың да көтөрүлбөйт бошоп муун,
келген болсо шеригиң шор сазын кезип Азовдун
(же Индиана талаасын). Чокунтуп вазир койдубу:
чакырыкта акыркы дабатчылар толкуну
сенейет муздак шамалда... Кең жайылып оорлошо
түшүрүлөт көшөгө тоңгон сай жээгин бойлото.
Кар баскан чекке урунган добушту даана угамын:
бузулуп чыккан жаңырык — бузчудай чептин дубалын.

2. Урал коругу

Узун шыргый, брезенттен курулуп бир топ алачык,
жазында дайым ал жерде — көчмөн турмуш конушу.
Түнт корукта сакалчан эркегин «хиппи» аташып,
аялдарын алардын — «скво» деп койуучу.

Чоң жолдо шарапканадан таралып да чыйыр жол,
көр тирилик уланат болсо дагы кыйын, оор:
таштагы жок тайгада чөкмө саздан өтүүгө
өткөөлгө жыгач төшөлүп, көпүрөдөн — көпүрө.

Кыйгап өткөн боштукту таманында кыраңдын
түйүндөлө өрүлүп сойлогон жолу жыландын,
көчмөн турмуш башталат коругунда Уралдын,
таңкы Күндөй кызарган алоо от түрүп түн артын.

Камгак сындуу селсаяк, акылман жана думана,
«тоо баласы» саналган томояктар үйү жок:
түркүн жүздүү болсо да, биримдиги улана,
тамырсыз муун чөйрөсү — хор өңдөнөт үнү жок.

Бир эргул чыгып сүйлөдү — бир короодой кой менен
жыш токойго кез келип ара жолдо тургансып,
кооз айтылган сөздөрү мээге жайган тор белем,
коштоп кетти көптөрү эркиндик колун сунгансып.

Даяр болгон китептин кулач-кулач түрмөгү
желдей тарап кеткени — чогулуп кайдан-жайдан да,
азгырылып арбалган жаштар арбын дүрбөдү,
чакыргандай шум кечил талоончулук сайранга.

Кумдан бетер куюлуп, шаардагы мармар таштарга
устаттан мурда өзүнүн атын жазып жар кылды...
өктөмсүнгөн бул уюм өрттөнүп күнү батканда
жоголсо да жоюлуп, өз тамгасын калтырды.

Азиат түнү жайылып ээнсиреген өрөөнгө,
эски журтта калган жан түш көрүүдө назданып:
мекиренген текедей өз ыры болуп өбөлгө,
Далиланын тизесин жатат Самсон жазданып.