Кымылькут менен Еленны
(чукчалардын сүйүү окуясынан алынды)
Сен мени сүйбөй калдың Еленны,
Сен оруска көз саласың Еленны.
Сен аныңа бергиң келет денеңди.
Мен болсо бугу баккан бир чукча,
Менин сага керегим жок, Еленны.
Абдан жаман мага азыр бул чакта,
Бул Ортоңку дүйнөдө оор Кымылькутка.
Мен акыры белгилүү баардыгына
шаман аял Чарегого бардым мына,
Еленнымды эптеп кайрып алышка.
«Ыйлабагын, капаланба, кайгырба,
Мага ишенсең айтканымдай кыл анда.
Алачыгына кирип ал жуунуп жатканда
Жүрөгүнө айткының сен мындай кеп:
«Заара менен сызылып чыккын!» — деп.
Чыкканында тепсеп аны салгының,
Ооругандан жалынычтуу кыйкырат
Сага деген сүйүүсү кайра башталат».
«Мен шаманга баш чайкап жок, — дедим,
Көргүм келбейт кыйналганын сүйгөнүм,
Тепселебейм анын жанчып жүрөгүн.
Оору эч качан аны мага кайтарбайт.
Мейли кетсин орус менен, жок айла,
Мен алганды ага берсин кайра да.
Сүйсүн аны мен сыяктуу жалбара.
А мен кетем алыс-алыс жактарга,
Жайга кетем жакынырак асманга.
Андан ары чыгып кетем мен көккө,
Карамүртөз жерди экинчи көрбөскө.
Сен мени сүйбөй калдың Еленны,
Сен оруска көз саласың Еленны.
Сен аныңа бергиң келет денеңди.
Мен болсо бугу баккан бир чукча,
Менин сага керегим жок, Еленны.
Абдан жаман мага азыр бул чакта,
Бул Ортоңку дүйнөдө оор Кымылькутка.
Мен акыры белгилүү баардыгына
шаман аял Чарегого бардым мына,
Еленнымды эптеп кайрып алышка.
«Ыйлабагын, капаланба, кайгырба,
Мага ишенсең айтканымдай кыл анда.
Алачыгына кирип ал жуунуп жатканда
Жүрөгүнө айткының сен мындай кеп:
«Заара менен сызылып чыккын!» — деп.
Чыкканында тепсеп аны салгының,
Ооругандан жалынычтуу кыйкырат
Сага деген сүйүүсү кайра башталат».
«Мен шаманга баш чайкап жок, — дедим,
Көргүм келбейт кыйналганын сүйгөнүм,
Тепселебейм анын жанчып жүрөгүн.
Оору эч качан аны мага кайтарбайт.
Мейли кетсин орус менен, жок айла,
Мен алганды ага берсин кайра да.
Сүйсүн аны мен сыяктуу жалбара.
А мен кетем алыс-алыс жактарга,
Жайга кетем жакынырак асманга.
Андан ары чыгып кетем мен көккө,
Карамүртөз жерди экинчи көрбөскө.





