Себастьян
Ийри жаа жебелерин түз атса да
Кайтып келет. Бир шыбыр мындай дейт:
«Кыйноого каршы болбойм Ыйык ата...
Сен көбүрөөк жабыркайсың Параклет*».
Ирмем сайын жакындайт кара ниет топ.
(Зенондун** да акылы сактап калбайт!)
Көр пенденин жан дүйнөсү күчүн топтоп,
Өсүп чыгып, көктү карай умтулат.
Учкан жебе токтобойт көктө эч качан,
(Элеаттын*** бул туура эмес ойлонгону) —
Бул жөн гана Ыйык Кыздын**** азаптардан
Байкуштарды жоолукка ороп коргогону.
Абдан бекем болсо дагы ал туптунук.
Ирмем да кылым бою өтүп барат.
Ыйык дагы мелжеп коюп, тыптынч туруп,
Жашообузду чет-четинен алып жатат.
________________
* Параклет же Параклит — Байыркы гректердин жаңы осуяты боюнча жардамга чакырылган,
соороткон же болушкан адам.
** Зенон Элейский — байыркы грек философу, Пармениддин шакирти, Элей философтор
мектебинин өкүлү.
*** Байыркы гректердин биздин доорго чейинки VI кылымдын аягында V кылымдын биринчи
жарымында өкүм сүргөн философтор мектеби. Ал Элей шаарында жайгашкандыктан
ушундай аталган.
**** Иисус Христостун энеси Ыйык Мариянын дагы бир аты.