2012-жылы Свердловск зоопаркында Алмаз аттуу бегемоттун өлүмүнө

Алмаз аттуу өлдү бегемот
биздин бул шаарыбызда.
Кабагымды бүркөп, ичим чок,
Кайгы болду баарыбызга.

Мен курактуу ушундай,
жашы отуз жети экен.
өлдү деңиз кушундай
карылык келген кези экен.

Билчүмүн бала кез чакта эле,
Камырдай жайылып жатчу эле.
Жеп-ичип, ыктытып ооручу,
Кыктарын тазалап коюшчу.

Байкушка берсе эмне капуста,
катыган бир нерсе беришчү,
бул жашоо сараңбы бакытка,
калдыкты челектен жеп-иччү.

Бир келген жашоодо жалгыздап,
бегемот өлдүбү жан сыздап,
бул тагдыр күтөбү баардыгын.
Боору таш адамдар салды муң.

Жашайсың сасыган чуңкурда,
Библия ыйыгы болсоң да.
Африка учабы көзүңдөн,
«Тез кел!» деп коркпойсуң өлүмдөн.

Бир нерсе токуюн ыр өңдүү,
саптары калса да курчубай,
бекерден бу жерде жүрөмбү,
ыйгарым укуктуу ырчыдай.

Ыр:

«Иштегим келет, апа,
биздин бул зоопаркта,
таарынтпай бегемотту,
суу чачам тазалап да,

сабиз берип сары, таттуу
жакшы көрүп багамын,
тартууласам ырахатты,
мен да ага жагамын.

Эми ушул жаман ырым
балдарга жагаары чын.
Баардыгы айбанаттын
бейишке бараары чын».