Өмүрдү өзүмчө даамдап, менменсине...
* * *
Өмүрдү өзүмчө даамдап, менменсине,
Байкалбас айкел курдум мен өзүмө.
Карап туруп көзү өткөн бул кумирине,
Уулдарым жаш ирмелтпейт көздөрүнө.
Уланган неберелер, чөбөрөлөр
Мени эстебей өз-өзүнчө күнүн көрөр.
Билишпес ыр деп күйүп жүргөндүгүм,
Даңктуу да, таттуу да өмүр сүргөндүгүм.
Мен жөнүндө айың өтөт жазгы жаандай,
Ким бирөөнүн кулагын чуулдатпай.
Бирөөмүн теректен учкан тыбыттардай,
Жандырмын кол шилтелген ушактардай.
Өлөмүн. Баары өлөт. Меркурийге
Таш тарагын кайрып берет таз Аполлон.
Илинбейбиз кандайдыр бир эскерүүгө,
Эч ким болбойт биздин ошо жанды ойлогон.
Капитолий жреци, славян тукуму да,
Уйкаш курган оюнубуз да бекерге.
Бирок муза түпсүздүккө куларымда
Каршы болот таканчыктап калемге.




