Суу айрыгындагы басмырт жымжырттык
Досуна жазган каттарынан
Эгерде биздин жайбаракат советтик жашообузду эмнелер күтүп турганын билген болсок, эгерде Теңир өзү бизди жагымсыз өзгөрүүлөр жана башка кырсыктар күтүп тургандыгы жөнүндө эскерткенде, кийин жөн гана жетпей кала бере турган, бардыгы тарабынан бирге топтолгон кадимки артыкчылыктардан пайдаланып калууну колдон чыгарбастан бизге ыйгарылган жакшылыктарды баалап, дагы жыргап жашаганга үлгүрмөкпүз. О, эгерде, эгерде...
Ошол кайрылгыс болуп кеткен жашоодо баары жөнөкөй, кадыресе, арзан болчу, бардык жактарга барып келип, эч бир жерде алыста кабарсыз болуп калуу деген жок эле.
Эми болсо өкүнө турган нерселер бар...
Бекеринен, мени өз тууганындай кабыл ала турган жерлерди да кыдырбаптырмын, ашыкпаптырмын...
Атамдын бир тууган агасы Тимофей Федорович Ташкентте жашачу, ал бир тууган инилери Степан менен Петрга, Новосибирскиге бир да жолу келбептир; согушка чейин жана согуштан кийин Орто Азиядан жолго аттануу деген өзүнчө эле бир тарых болчу, ошентсе да Кривощековедеги елизаветиндик хохолдор Ташкентке жана Ашхабадга катташкан жолшериктердин бригадасына бир нече ирет туш болушканы жана таттуу өрүктөрдү алып келишкени эсимде. Ата тарабындагы туугандар эне тарабындагылардай камкор, ынтымактуу (боорукер, кең пейил, өз тарабындагылардын эч кимисин унутушпаган) үй-бүлөлөрдөн болушкан эмес. Жээн карындаштарым жана инилерим менен көп көрүшчүмүн, азыр ушул кезге чейин да жакшы билемин, ал эми атам тараптан менин апамды, «Таня эжени» жакшы көрүшкөн жана аяшкан үч карындашым менен гана дос болчумун. Эгерде Тимофей аке мени институтка окууга тапшырууга келип, анын үй-бүлөсүн сыйлыгыштырып кошо жашап калат деп коркпогондо менин өмүр баяным Ташкент менен байланышып калышы мүмкүн эле: менин суранган өтүнүчүмө ал жооп берген жок. Балким бул жакшы болгондур. Андай болгондо менде Тамань, Пересыпь болмок эмес, Екатеринодар жөнүндө роман жазбайт элем жана «Брянскиликтер» деген менин биринчи аңгемемде баяндалган Псебебс дарыясынын жанындагы хутордон куткаруучуларым Терентий Кузьмич менен Мария Матвеевнаны жолуктурмак эмесмин. Ал эми апам Сибирден Ташкентке, Үргөнчкө эч качан көчүп бармак эмес.
Ашхабад, Дүйшөмбү, Алма-Ата мен үчүн сүйлөшкөн кездерде жана адабиятта гана кездешчү.
Ооба, Тбилисиге падышанын Кавказдагы башкаруучусунун фондусунун архивин аңтарып издөө үчүн аттанган жокмун. Ал эми мен Симферополь-Баку поезди менен азербайжан жазуучуларына келген жокмун. Махачкалада Расул Гамзатовдун кечесинде отурган жана князь Барятинский туткун Шамил менен жолуккан жерде турган жокмун.
Мунун бардыгын кийинкиге калтырып, башка күндөрдөн үмүт арттым. Бүт жерибиз жалпы болгон соң, үлгүрөмүн деп ойлодум.
Андан соң Ельциндин төңкөрүшүнөн кийин вокзалдарда бир стакан чай жүз рубль турган жана бардык жерде талап-тоноочулукту күтүүгө туура келген кезде көп жерлерди кыдыра да албайсың.
Баары кеч болуп калды, менин убактым да өтүп кетти.
Менин бара турган эң кыска жолум Пересыпка, анан Таманга гана болуп калды.
Ахтанизовский булуңунан агып, деңизге куйган суу айрыгында мен ак чардактардын арасында олтуруп, үлүл кабыктарын иргеп-шилегилеп, алыстагы кимдир бирөөлөр менен сүйлөшөм. Мага кимдир бирөөнү сөзгө тартып кетүү оңой. Бирөөсү менен калам, алыстан кеп салышам, азыр сен мени мененсиң деп башкасын өзүмө тартам, толкундар кантип удургуп оодарылып, үлүл кабыктарын жээкке сүрүп чыгарып салып жатканын тыңшачы, алар бир күндө бүтүндөй бир дөңсөө болуп калат. Мен жалгызмын, жанымда — суунун үстүндө, кумда ак чардактар гана бар. Алдыда, чыгыш тарапта Голубицкийдин адырлуу кырлары так-даана көрүнүп турат, дал ошол жерде ак маяк бар, андан жакындап келе жатып Пересыпь менен деңиз булуңуна ар дайым жан-дилим менен салам айтам. Ал эми батышта, булуттардын астында Кучугурский жээги ороктой ийилип турат, тик өйдөдө турсаң тумшуктун нары жагынан Керчти көрүүгө болот. Чыгышка бурулсам Тоболдун жанындагы кызыл карагайлуу кыштактагы Уралдын ары жагындагы биздин назик жазуучубуз тууралуу ойлоп кетем жана Сибирге, туулуп-өскөн Обь дарыясынын жээгине чейин жетем.
Эми сен, менин ойдон күлүк вяткалык жазмакерим мени менен бирге нымдуу үлүл кабыктарын иргеп-шилегилеп олтурасың.
Сен жаштай болуп дүйнө жүзүн аралай чаап баратасың, Кудайдын кабырынын жанында он экинчи жолу тизелеп жыгыласың жана мага бир укум жер жана «тиричилик ааламы» тууралуу китептерди белек кылып бересиң. Мен болсом камыш таякча менен сууну бойлоп басып баратам, таманымдын астынан үлүл кабыкчалары кычырайт.
Эч жакка алыска деле барбайм, менин эң узун жолум — кырк чакырым, Таманга чейин эле. Кечээ ошол жакта болдум. Анда, өзүм сүйгөн Таманда, ыйык монах Никон монастырь курган жерде (сага дагы бир жолу эскертип коюга уруксаат этиңиз), гректер, татарлар, черкестер, генуэздер, түрктөр кылымдардан кылымдарга сүрүлүп чыгарылган жерде, Суворов запорожьелик Захарий Чепига менен чай ичкен, элпек жаш Пушкин тик жарда көз ирмемче турган, муңайыңкы Лермонтов сокур баланы жактырбаган жерде, Александр Экинчи Екатеринодарга бараткан жолдо жээкке түшкөн жана балким, ошол эле Таманда, кандайдыр бир алачыкта түнөгөн жерде, ондогон көп жылдардан кийин, кокусунан, бирок бир гана сен үчүн Надя деген кыз пайда болгон жана Лыска тоосуна жана Керчке суктана караш үчүн бир ирет сага колун сунган жерде, о Жараткан, дал ушул Таманда чейрек кылымдан бери катерлер жээкке токтобогон жана балыкчылардын кайыктары толкундарда чайпалбаган жана сен Москвага түбөлүккө азгырып алып кеткен ошол кыз деңиз балырларынын жанында ошончодон бери ыйлабай калган жерде болдум.
Сен мага өзүңдүн атактуу Камергерский өткөөлүнөн жазбайсың, мени жана менин пересыптык жашоомду эстебейсиң.
А мен болсо сенин китебиңди барактап жатамын.
Бүгүн кечке короодо эринип жүрдүм, апам менен сүйлөшүп, ага Топоктон, Запорожьеден жана Петрозаводскиден келген каттарды кайрадан окуп берип, китептерди иргедим жана ачып карадым.
«Вифлеемде, — деп жазасың, — мен толук он күн жашадым. Мен аны кандай гана сүйөм жана сүйүп келем! Анан алар бизди Вифлеемге экинчи жолу эки саатка алып келишкенде азап чегүүнүн кандай гана чаңырыгын, дээрлик айла кетүү сезимин баштан кечирдим. Анан да: тез! тез! деп түрткүлөп жатышты».
Мен дагы Вифлеемде болгом, Христтин акырына көз ирмемге түшүп бардым.
«Бактыга жараша, — деп жазасың — мен көп мүнөттөр бою Вифлеем жылдызынын, акырдын жанында жалгыз калдым».
А мен болсо жазуучулардын чакан тобунда болчумун, ошол көз ирмемде мага биздин атактуулар жакпай калышты: алар бардыгына туристтердей тикесинен тик туруп карап турушту, чокунушпады, жылдызга карай тизелеп жөрмөлөп барышпады — алар өздөрү байыркыдан келишкендей, асмандагы жылдыздарды койчулардан мурда байкашкандай жана ушул учурларда өздөрүнө карата урматтоону күтүп жатышкандай болгон көндүм окумуштуулугу, чарчаңкы акылмандыгы жүздөрүнөн ушундай көрүнүп турду. Константинополь менен Иерусалимге болгон сапарын сүрөттөп жазган XII кылымдагы игумен Даниил караңгы жана билимдүү кишилердин «ырайымдуу кечиримине» татыктуу болгонбу? Мен эринбестен анын китебин издеп таптым.
Сен Вифлеемден эки чакырым алыстыктагы периштенин — коңгуроо уруучунун урматындагы «май чыга турган токойдогу каралбай калган кичинекей чиркөөнү» көрдүң беле? Бул тууралуу Фаррар жазат, мен анын «Иисус Христостун өмүрү» аттуу оор томун ыйык майрамдардын алдында ачам... Эмне үчүн ушинтем? Фаррарда жана Ыйык жер жөнүндөгү эски китептерде чиймелер, гравюралар, алгачкы фотосүрөттөр ыйык жомоктордун жүйөө-жагдайларын кандайдыр бир ажайыптуу атам заманкы эскиликтери менен кооздоп жана Кудайга, сыйынууга ушунчалык сезимталдык менен тартып турат, ошондуктан баарыңар кандайдыр бир заматта момурайып, демди ичиңе тартып, Галилей менен Иерихондун түздүктөрүнө, Кудайдын табытынын чиркөөсүнүн тосулган терезелерине, библиялык койлор менен адырларга жана ойдуңдарга сыйынасыңар.
Азыр цивилизациянын тарчылыгында эски убактардагыдай сезимди билдирүү кыйын.
Кеч күздөгү боштук гана гректер Меотиданын жанынан сүзүп өтүшкөн, Ахтанизовский булуңунан азыркы суу айрыгынын кенен куймасы ийилип өткөн тээ байыркы замандардан бери түбөлүк жалгыз бойдон эч ким тийбеген кумдуу аймактан (азыр Голубицкая жана Пересыпь турган жер) кабар берип турат.
Суунун айрыгында туруп мен сени эстедим, «Күн батпаган жарык» деген зыярат тууралуу китебиңди кармап турам. Топтошкон ак чардактардын көкүрөктөрү агарып, мага көз салып турушкандай көрүнөт. Эч ким жок! Деңиздеги жана асмандагы боштуктан улам бийик жээктин ары жагындагы кыштактагылардын баары өлүп калгандай туюлат. Мына ушул айланадагы миң жылдыктарга созулган боштуктун бул күүсү мага угулуп турат.
Бирок мен эмне үчүн сага күрсүнүүмдү жиберип жатам? — сен менден алда канча алыссың, эч нерсени ойлобойсуң, ичим тарып жатканын сезбейсиң. Сен бардыгын көрүп-билдиң, баарына таазим кылдың, кичинекей кресттерди касиеттүү кылдың, княгиня Ольганы чокундурган жерден (Айя-Софияда) майда таштарды чогулттуң, болжолдуу баш калкалаар жерди тандап алдың, а мен байкуш, ак чардактарга гана сенин ачып айткан сырыңды окуп берип жатам: «Кош бол, Стамбул! Биздин жан-дүйнөбүздө Византиянын борбору, Ыйык София храмынын, Кудайдын эненин Влахернск иконунун шаары Царь-град жашай берсин...»
Ошондой эле сенин Пантелеймон монастырында монахтар менен бирге тогуз сааттап чокунганыңды, Кудайдын табытынын жанында он эки жолу тизелеп чөгөлөп турганыңды, Иерихонго жылаңаяк басып барганыңды да унутканым жок.
Бул жерде, суунун айрыгынын жанында мен дептерге жазуучулардын Түндүккө болгон сапары тууралуу жаза баштадым, биринчи барактан кийин андан ары жаза албай калдым. Ылайыктуу сөздөр табылбады. Бардыгы ичте сакталат — кымбат нерселер ичке кылдай болуп өзүңдө кала берет, узун обондой созулуп кете берет. Сөз таба албайсың.
Эми, кылымдын аягында биздин өлкөдө болуп өткөн окуялардан кийин менде кандайдыр бир башка жашоо чагылдырылып, биздин сапар коштошуп жаткандай, анткени ельциндик төңкөрүшкө чейин дагы бүтүндөй он жыл бар болсо да, мындайдын андан кийин такыр кайталанбашы үчүн коштошуучу болгондой туюлат. Андан бери канчалаган суулар агып, ошол топтон канчасы аркы дүйнөгө узап кетти. Андыктан азыр мен үчүн көз ирмемдерди тандоо, аларды мындан ары ушинтип жашоого болбойт деп аёо кыйын иш. Мына, Ленинград вокзалында жазуучулар — «кыштактыктар» пайда болушуп, бири-бирине бир тууганындай кубанышат: Сергей Павлович Залыгин, Виктор Петрович Астафьев Марья Семёновна менен, Василий Белов, Валентин Распутин, Владимир Крупин, Виктор Потанин, Анатолий Ким, Владимир Личутин, Владимир Гусев, Владимир Коробов, Борис Романов, россиялык топурак таануучулардын боорукер коргоочусу Валерий Ганичев жана дагы башкалар. Аларга Петрозаводскиде жана Мурманскиде Д. Балашов, В. Бондаренко, В. Маслов кошулушат.
А мен, кумдуу Анападагы мурдагы мектеп мугалими кайсыл кадырлуу топто болом?
Азыр болсо үн салып кыйкырам: оо, кандай гана жолум болду!
«Брянскиликтер» деген аңгемем жана «Мен сени сүйөм жарык» повестим мени жазуучулукка тартып кетти. Болбосо мени мектепте окуучулардын дептерлери жана мугалимдер кеңеши жадатып бүтмөк.
Анда мен Распутинге, Астафьевге, Беловго, Балашовго, Олег Михайловго эч качан жакын жүрбөйт элем, алардын түшкү тамактануу учурундагы, сейилдеп жүргөндөгү сөздөрүн эч качан укмак эмесмин. Ал эми Уралдын ары жагындагы Утятка кыштагынан келген жазуучу, менин тыгыз байланыштар менен чыңдалган, «Молодая гвардия» басмасында менден бир нерсе сураган, он жылдан бери ошентип сураганын токтотпогон Виктор Потанин жөнүндө эмне дейбиз. Ал экөөбүз Астафьевдер менен бир купеге жайгаштык; Марья Семёновна айтып калды: «мына, менде эми үч Витя болуп калды, антпесе менде бирөө бар болчу, ал да жадата баштаган эле». Биз баарыбыз үй-бүлөдөй болуп күлүп калдык. Ошол эле үй-бүлөдөй болуп тамактанууга олтурдук, бизге дагы беш адам кошулуп, жанаша отурган соң баары башталды. Муну кайтадан жарата албайсың. Эч кандай сөз, эч кандай күлкү, эч кандай жүз механикалык сырлар менен бекемделбеди. Эч кимисинде дептерлердеги, блокноттордогу саптар жашырынып калбады. Бул көз ирмемдерди анча баалабай калдыкпы? Жашадык, жана жашадык. А эсте калгандары — азыр алтын кумдай баалуу. Мындай да болду: түндө мен экинчи текчеден түшүп, эшиктин туткасын бурап ача албай койдум; Астафьев укту да, ордунан туруп, туткасын тартып, мени чыгарды. Чалды... ойготконум үчүн ыңгайсыз абалда болдум. Ал болгону элүү жетиде эле. Мен жакында сексенге чыктым. Анан качандыр бир жолу Виктор Петровичти осолдук менен ойготконум элестелип көрүнүп, бир саамга капа боло түшөм.
Жылдар зымырап өттү. Биз кандайдыр бир башка жашоого өттүк. Түндүккө сапар азыр коштошуп жаткандай, дал ошондой сезилет, анткени эч нерсе кескин өзгөрүүлөрдүн жана катастрофалардын болорунан кабар берген эмес.
Ал биздин жер үстүндөгү бактылуу достугубуздун аз гана учуру болду. Айрылышуу тезинен болбойт. Мындай көз ирмемдер Мурманскиде, Апатиттерде, Североморскиде, Кандалакшиде, баарынан мурда мен Дмитрий Балашовдун кошулганына кубанган Петрозаводскиде болду. Адабий чөйрөгө караганда Кичи театрда жакшы таанымал болгон Володя Бондаренко ата-энесиникине кечки тамакка чакырды. Мен Балашовду күттүм. Ал босогодон тарых окуу китептериндеги орус князына окшошуп жапалдаш бою, өтүгү менен көрүндү. Бир кыш ичинде калың романдарын жазып, айылда жашап, уй, жылкы кармап, өзү чөп чаап, жыгачтан үй салган. Мен андан корктум. Ал эми Астафьев болсо ага кандайдыр бир кыйгач көзү менен карады, балким, атүгүл мобул жумшак өтүгү, көйнөгүндөгү бел курчоосу Виктор Петровичтин адабий белгилүүлүгүнө көңүл бурбагандыгы мененби, айтор бир нерседен улам ал ага жакпай калды. Китеп текчелери бар бөлмөдө бир томду алып чыгып, кайра ордуна койду да, башкаларын алып чыгып, көз жүгүртүп карап туруп кайра жаап, акыры Балашовдун чыгармалар жыйнагын сууруп чыгып, бизден жашырынып барып терезенин жанына олтуруп, барактап, күмөн саноо менен окуп жатты. Ошол учурда Балашов өзү катуу үн чыгара кирип келди.
— Князь Дмитрийди баары билишет, — деди Астафьев. Акылдуу көзү менен Балашов ал жөнүндө сөз болуп жатпагандай болуп тыңшады. — Ал Царьградда да өз адамындай жүрөт, Айя-Софиянын бардык булуң-бурчтарын карап чыгат, Патриарх Филофейдин колун ушунчалык чебердик менен өпкүлөйт, биз, чалдондор, беш кылымдан кийин да суктанабыз. Эмнеге ушундай? — Астафьев эмнегедир атайылап таң калгандай болумуш этти, а Балашов болсо полду тиктеп олтура берди. — Мына, ага Мамайдын өзү экинчи Батый болом деп айткан. Бардыгын билгенине жана жазганына кызыга түшөсүң: муну кантип бүтүндөй жүздөгөн жылдардан кийин карап жана тыңшай аласың? «Князь Дмитрий өзүнүн уктоочу бөлмөсүндө Дунянын жанында отурганда, ал жумшак көкүрөгүн анын тизесине жөлөп, ыйлап жиберди». Автордун өзүндө ушундай Дунясы болду бекен?
— Бирөө эле эмес, — Балашов сыпайы мойнуна алды.
— «Ал... — уксаңар, — жыттап, таптап, кадам таштап, аны өзүнө тартып, чекесинен бапсагай өөп койду». Бул сен качан ушинтип бапсагай өптүң эле жана кимди? Мен азыр барып өзүмдүн Мариямды өбөйүнчү, — деп Астафьев тамашакөйлөнүп, кебелип да койбогон Балашовду кучактап үстөлгө карай алып кетти.
А мен бир азга кармалып, ошол китепти алып, аны дароо ачып карадым. Ошентип...
«Бул адамдардын баары өлүштү, алардын көбүнүн мүрзөлөрү да калган жок. Посаддык чымыр жигиттер, кызыл тору кыздар да карышып, чирип жок болушту. Заңгыраган чоң үйлөр көп жолу өрттөндү жана кайрадан тургузулду. Кыштактар түп орду менен жок болду. Алардын баары азыр жерде, биз жылнаамада сараңдык менен белгиленгендерден башканы, айтылган сөздөрдү да билбейбиз жана князь, жоокер, кыз эмне жөнүндө сүйлөшө алышкандарын болжолдой гана алабыз...»
Мен жаңы эле Екатеринодар жөнүндө роман жазып жаткам, ошол эле өкүнүчтүн обону жан дүйнөмдү каптады.
Башка бөлмөдө үстөлдө олтурушуп Балашовдун Петр Биринчини тилдеп жатканын уктум, кийинчерээк киргенимде: «Ал эми азыр Түндүктө да ошонун бири жок... Кечээ мен теремдик элден безип жалгыз тиричилик кылгандар, алардын жашыруун кумарлануулары, басып баратып эле айтылган жагымдуу сөздөн, бир көз караштан, мончонун бурчунда тамашалуу кер-мур айтышуулардан эле кыз түбөлүккө өзүмдүкү деп эсептеген кишини күтүүгө (бир жылдап эмес) даярдана баштагандыгы жөнүндө жаздым» дегенин уктум.
— Демек, теремдик элден безип жалгыз жашагандардын кайтып келиши үчүн ичебиз! — дедим мен, баары бир дем менен колдоп жиберишти.
А балким мен ойдон чыгарып жатамбы? Ошол дасторкон үстүндөгү ирмемдер да түтүн болуп жайылып жок болду; менин отуз жыл мурунку Петрозаводскидеги дасторкон үстүндөгүлөрдү жазганыма караганда Балашовго татарлардын учурундагы жип ийрүүчү чарыктарды иштетишкен аялдарды сыпаттап жазуу жеңил болсо керек.
Мен Балашовго гана көз салып жүрдүм. Ал өз кыштагынан чыкпайт, мен аны Москвадан көрбөйм, байыркылык жана бүгүнкү күн менен жашаган жана Владимир Мономахты да, Иван Калитаны да, Сергий Радонежскийди да дурустап биле бербеген бизден эмнеси менендир жогору турган ушундай бир сейрек кездешүүчү оруска күйгөн аны берилүү менен уккум келе берет. Он тогуз жылдан кийин гана аны Новгороддун жанында өлтүрүп кетишти, мен аны дагы бир жолу Юрьев монастырындагы спектаклде, Русту чокундуруунун 1000 жылдыгын майрамдоонун даңктуу күндөрүндө... эл менен бирге бий сайранында жүргөнүндө жана анын үйүндө тамактануу учурунда көрдүм. Апам каза болгондон кийин эле, 1999-жылдын декабрында Москвадагы Жазуучулар союзунун жертөлөсүндө аны менен чай ичип отурганыбызда ал келерки жылдын жазында Таманга келип кетем деп убада берген. Январда мен ага эскертип жаза баштадым, бирок андан ажырап калдык. Ошондо чай үстүндө ал ушунчалык укмуштуудай, күтүүсүз сөздөрдү айткан эле, бирок мен бул сейрек кездешүүчү сөздөрдүн баарын жазып алган эмесмин, кийин аларды калыбына келтирүүгө жөндөм-кудуретим жетпеди. Мен Дмитрий Михайловичтин Пушкин Керчти (Корчев) көргөн ошол тик жерде турбай калганына ушул күнгө чейин өкүнөм.
Ооба, бардык жылдарда тең салгылашуулардын эң бир коркунучтуу бир укуму да ансыз кандайдыр бир боштук болуп келет. Аны аёо менен анын тагдырын Василько Теребовльскийдин, княздар Бористин жана Глебдин тагдырларына теңейм; аны, мүмкүн, ушундай эле Святополк өлтүрдү. «Тамандагы күздө» Васильканы эске салганымда балача кайгырганым эсимде. Ошондо эле Теңир мени колумдан жетелеп, бактысыз кубандык казактарга тилектештиктин жолуна салып, жоош Попсуйшапканы мага жөнөтпөдү бекен?
Мен Балашовго Пересыптын жээгиндеги өрөөндү көрсөтөт элем, Ахтанизовскийден ары Борис жана Глеб тоосуна алып бармакмын, мага азыр эч ким айтпаганды андан укмакмын, ыйык монах Никон монастырды кайда негиздегенине аны менен бирге жоромол кылмакмын, аны биздин жертөлөгө түшүрмөкмүн, муздак шараптан сүзүп бермекмин, апам бизди тойгузганга аракет кылмак да, анан бир аз убакыт өткөндөн кийин менден сурамак: «Эмне, ал дагы жазуучубу? Маңдайы аябай жазы экен». Ушунун баары болбой калды.
Биз Түндүктү кыдырып жүрдүк, апам болсо күндө мени «коштоп», Паша тайеже менен кандай жолугушканымды сезип, атүгүл алыстан биздин маегибизге кошулуп, кыштактагы курбулары менен сүйлөшкөндөй болуп кубанды. Алар кырк жылдан бери көрүшө элек, Паша тайеже кызынын артынан Кривощеководон Карелияга кетип, бул жашоодо мындан ары көрүшө алышпайт, туугандарымды Елизаветиного келип кетүүгө көндүрүү оюма келбегенин мойнума алам. Бир саамга баарын чогултсам! Паша тайеженин атасы Григорий менин атам Иоаннды чокундурууда чиркөөнүн метрикалык китебинде жазылган.
А мен мындан башка эч нерсени билбейм. Ал кеткенден кийин көп жылдар бою апамдын Паша тайежени эми саздан таппай калабыз го деген аянычтуу үнүн гана угуп келдим, Карелиядан келген ый менен коштолгон каттарды окудум: Сибирден кийин бөтөн жерге көнүү кандай жаман.
«Таня, биз сенин көптөн күткөн катыңды алганыбызды билдирем, — деп бүгүнкү кечте жазуу үстөлүмдө олтуруп саптарды созолонгон обон менен кайталайм сөөмөйүмдү саптарга жөрмөлөтүп, — кандай гана кубанганымды сүрөттөп бере албайм. Биз сени менен жакын курбу болуп жүрдүк, эми ушунча жылдан бери көрүшө элекпиз. Мен азыр 73 жаштамын. Кривощеководо күлүп, ар кандай болбогон нерселерге деле каткырып жүргөн учурларыбыз болду, а азыр анын баары артта калды, кечти күтөсүң, тез эле жатканга камынасың. Кривощеководо кандай жашаганыбызды, уйлар менен канча ирет сүйрөлгөнүбүздү, базардагы узун столдун ары жагында сүт, жуурат сатып турганыбызды, ошондо да бири-бирибиздин үйлөрүбүздө отурганга, конокторду тосконго үлгүргөнүбүздү эстейсиңби. Сен Сибирди дегеле унута албай жатам деп жазыпсың, албетте, кымбаттуум — унутуу кыйын, ал жакта узак өмүр өттү, апаң ошол жерге көмүлдү, эми сенин көчөң, ылдыйдагы саз болбосо кантип көнүүгө болот? Бир уулуң болсо, ал да жаныңда эмес. Демек, Кудайдын маңдайга жазганы ушул. Биздин воронеждик кыштагыбыздагы Тышко байке каза болгон; быйыл кышта бизге ошол жактан келишти, көп адамдар жөнүндө сүйлөшүштү, мен болсо... кээ бирлерин унутуп калыпмын. Баргым келет... Витяны күтүп жатам, ал жазуучулары менен келе жатат, бизге деле кайрыла кетсин. Сенин Парасковья Григоровнаң».
Кызы Маруся аны станцияга коштошуу жана дагы бир жолу «Таня курбусуна» салам айтып коюу үчүн алып келди. Кемпир жарашыктуу плащ кийип жаш-арык болуп турган, башына калың жоолук салынган, мурду ичке, бир көзүндө кенедей ак бар. Мен ага жазуучуларды алып келдим.
«Апам алардын алдында канышадай түздөнүп... — деп Маруся бизге Пересыпка жазды, — колдорун таягына кайчылаштырып турду, алар биринин артынан бири келип ийилип саламдашышып, ар бири кандай болбосун сылык сөздөрдү айтышып, а Витя болсо Брежневге апасын тааныштырып жаткансып баарысын атап айтып жатты, кийин биз үйдө күлдүк: «Апо-о, бул сизге окшобойт, сиз алардын алдында падыша аял Екатеринадай болуп турдуңуз, ушундай катуу болгудай сиз ал тукумдан жана башчы да эмессиз...» — «А мен эмне экенмин? — деп жооп берет ал. — Алар мага келишти, мен ыраазычылыгымды билдирдим, мен китеп окубайм, бирок булар Витиндин жолдоштору да, бирдемелерди жазышат, макул, мен саламдаштым, ичинен бир улуусу: «Мен да сибирдикмин» деди. — А мен сибирдик эмесмин, мен воронеждик болом, кимдерди айдап жиберишти, а Лихоносовдорду, Витиндин апасы менен атасы Сибирге өздөрү кетишкен» — «Тукум», — деди Астафьев. — «Биздин тукум кыштакта белгилүү болчу. Осыкиндер. Осыкин көлмөсү болгон. Гайворонскийлер да бар. Лихоносовдор андан да жаман, аларды көчөдө Голычевдер деп коюшчу». Мен китеп окуганды жакшы көрөм, Астафьевди, Беловду көргөнүмө кубанычтамын. Белов ачууланып, күңкүлдөп, апамдан дароо сурады: «айдап жибергенге чейин канча уйуңар бар эле?» Распутин Валентин узун бойлуу, унчукпаган, бирок боорукер. Потанин анын «Туруксуздуктун үстүндө» деген повестин окуп ыйлап жиберди, Личутин кыска бойлуу, көп сөзгө кирип кетип, поездден калып кала жаздашты, биздин Петрозаводскилик Балашов анын көзүнө көпкө чейин карап турду, ал эми Крупин апама Иерусалимден алып келген иконду белекке берди, ал ошол жакта болгон. Апам ыраазы болду. «Мен Таняга жазайын, — деди ал, — Витянын кандай жакшы достору бар. Биздин туугандарыбыздан жалгыз гана Витя жазуучулукту үйрөндү. Кудайга шүгүр. Ал абдан жоош болчу, сүйлөтө алчу эмеспиз».
Энебиз Петрозаводскиден келген катты көп жолу кайталап окуп, бакчага барып, ал жерде да Паша эже менен сүйлөшкөнүн улантып, өзүнүн үлүшүнө туш келген бул жашоого акырын даттана берет.
Менин күндөлүгүмдө акыркы жылдарда Попсуйшапка Толстопятка эжеси Манечканын өлүмү тууралуу айтып берген бөлүмүн жазып бүткөнүм айтылат. Лермонтовдун туулган күнүнө карата мен Таманга, ал жактан гректердин Витязево айылына, Благовещенский айылынын атактуу атаманы Константин Юхнонун кызына — дагы бир жолу сурап-билүү, дагы бир жолу укмуштуу бир нерсе болуп кетээрине үмүт артуу, дагы бир жолу небак эле көзү өтүп кеткендерди эскерүү үчүн бардым.
Суунун айрылышында мени дайыма бүкүрөйгөн ак чардактар күтүп турчу.
Мен бүгүн алар мененмин. Үлүл кабыкчаларын иргеп-шилегилеп, окуп, жазам жана менин вятка-москвалык досум азыр Вифлеемде жылаңаяк басып жүрдү бекен деп жоромолдойм.
Ал азыр менин алыста кантип анын асты-үстүнө түшүп жалпаңдап жатканымды укпайт, бирок өзүмдүн ыйга толгон барактарымды жазып бүтсөм качандыр бир убакта окуйт. Биз ал кезде карып калабыз. Ал эми москвалык Вятич мен Пересыптагы суунун айрыгында тургандай болуп өзүнүн кыштагынын кайсы бир жеринде ушул эле саатта мени окуп жаткан жокпу? Мына булар анын жазган саптары: «Бул жарык дүйнөдөгү төрт жерде менин жандүйнөм жашап келет жана кечки сыйынууда ар дайым чокунамын. Лавр, окутуучулук үжүрө. Никольское. Великорецкое. Кильмез. Албетте, Москвадагы батир».
А менде суунун айрыгынан башка эмне бар? Мага кымбат үйүмдө анын бардык барактарына кошо аралашып жүрөмүн. Оомийин.



