Жактырбайм французду өзүн сүйүп сараңданган...
* * *
Жактырбайм французду өзүн сүйүп сараңданган,
Жактырбайм жөөттөрдү кыйынсынып арамданган,
Жактырбайм арабдардын моймолжуган фанаттыгын,
Англичандын — зеригип, ак көңүл көрүнгөн манаптыгын,
Немистердин — оройлугун, ырайымсыз канкордугун,
Жактырбайм италяндын — кыйдыланган анткорлугун,
Орустардын — аракечин, өкүмсүнгөн балакетин,
Испандардын — маңыроо, текебердүү аракетин,
Жактырбайм түндүк эли адистикке жарабай элейгенин,
Жана да түштүк эли аңырайып селейгенин,
Жактырбайм барабанды, жылаажынды, африка маскасын,
Кылычтарын түрктөрдүн жана дагы башкасын,
Жагабы же эл аспаптар ансамбли чын эле?
Котормочу, бул ырды которбогун дегеле,
Кайсы улутту тандайт элең салабаттуу?
«Эч кайсы» деп жооп берген Фет. Ал сүйгөн табиятты.




