Урушчаак. Кечигип эне болгон.Күйөөсү да кавказдык...

* * *

Урушчаак. Кечигип эне болгон.Күйөөсү да кавказдык.
Күн шооласы ойноктойт топ ойноп бирөө жаткансып.
Кирешелүү соодагер дене деген чымыр да.
Деги, ал ким өзү чынында?

Сүйлөшсөк: ал — чернобыль жесири, өңү окшош кара баткакка.
Эки ирет түшүп боюнан, акыры жеткен максатка.

Чакыра да, таштай да албас күйөө бул. Иштен дароо үйгө өтөт,
Уулу менен нарды ойноп, тың болгонду үйрөтөт:
«Сен кимсиң, эй?» деп сураса бирөөлөр,
«Ыйлабайм!» деп кайрат кылып жүрө көр.

Ал чын эле ыйлабайт. Тамак, тартип кудум Баку элиндей,
Жашайт жесир сойкулукка берилбей.
Түпкүлүгү москвалык бул бийкеч кара тору чүрпөсүн
Кудайындай асырап, жоготуп коёт өзүн да.
Күлүңдөгөн жөжөсүнө үзүлүп, дарылайт кулак, көзүн да...

— Айтчы, бай болгур, ал эмне үчүн качып кетпеди? —
Деп кемпирлер чернобылчы маркумду да эстеди.
— А Кудайды кантебиз? —
Суроо менен жооп берип, өлкөнү сөгөт анан ашата. —
Айттым канча суранып, башкалардай болбойт беле жашаса. —
Жинденип кирет жесир: — Кашайып туруп алды таптаза!
Милдетим дейт Мекен алдында! Жашай албайм дейт башкача!