Каякка сен... Коляскада барат ойноп бала жай...

* * * Каякка сен... Коляскада барат ойноп бала жай, коңшу тамдан табытты алып чыгышты го шашкансып. Чебер колдон жаралгандай бул кар, анан кара май аралашты, бизди кошуп алгыла деп жаткансып. Жакшы адамды таарынткандан тартынып, рахматымды биринчи мыкка илемин. Чуркай турган ишти четке калтырып, чай ичкен бул — акмакчылык, билемин. Чылым берген сыйлап сени бул жерде. Чүмкөсөк да төшөккө, саат тынбай чыкылдап. Шаар багында оркестр ойноп киргенде, сен кол сундуң селсаякты утурлап. Сен каякка... Ыйык эмес, көңдөй боштук ушунда. Коляска токтоп, абада табыт кармалат. «Ит байланбай, бирок да бир тутумда», — деп бирөөлөр ышкырына таң калат.