Өлгөн жымжырттык

Жымжырттык жок. Унуттум. Баарлашчу эле,
Кайсы тилде болсо да угуп оюм.
Кээде орустун розасын арнап белек,
Кээде сунчу немистин твурогун.

Булак этчү бычагы жөөттүн капыс,
Генералдын дежурлук белгисиндей.
Кайталачу күзгүнүн сөзүн калпыс,
Жымжырттык ал — көз жумган эр кишидей.

Башым сууруп алгандай ойлоруман,
Жаңы багыт болгондой жарык-дайра —
Жымжырттык ал иңирди жойлоп улам,
Боюн сунуп жатуучу арыктарга.

Отко чуркап киргемин, чамдап, демек,
Мүйүз-тумшук бар сымал чулу моюн.
Караңгы жок. Унуттум. Баарлашчу эле
Кайсы тилде болсо да угуп оюм.