Бейиш качкыны
(повесттен үзүндү)
Менимче, ар бирибиздин ичибизде тыкыр бекитилген жыгач сандыкта камалып турган бир жандык бар жана ал бошонуп чыгуунун убакыт-саатын күтүүдө; бошотуу үчүн болгону анын талылуу жерине тийип, темир менен кылдат бекитилген капкагын дароо ачып, чынжырын чечип жиберүү зарыл, ошондо ал дароо түктүү шайтандын белин сындырып, өзүндөгү ыйык деп эсептелген ишенимдерди тебелеп, тышка атырылып чыгат.
Бирок, туугандар, аны каардуу, ырайымсыз мезгилге чейин ким кайтарып тура алат? Алагды болушуна, эркиндикке чыгышына мүмкүндүк бербестен, көзгө көрүнбөс бышык кайыш менен байлап таңбастан, ар бир минутада ким аны сергек, сак абалда күзөтүп турат? Жандүйнөбүздү тынчтандырып, өмүрүбүздүн аягына чейин эч нерседен коркпой жайбаракат жашап өтүш үчүн, ошол ак көңүл сакчынын сырдуу көрүнүшүн кантип ажыратып таанып, анын майтарылбас күчүнө кантип чындап ишенсек болот? Өмүрдүн чыныгы жыргалчылыгын курулай коротуп, кийин өзүңдүн жетимсиреп жалгыз калганыңа жаның ачып ыйламсырап калбаш үчүн телегейи тегиз жайбаракат жашоону кантип тапса болот?
Анан калса ар кайсы жеринен буркулдап суу чыгып турган сормо саздан көңүлдөш кызың менен өтүп бараткансып, опурталдуу жука жашыл чымды кокустан жаза басып, бүткүл аракетиңди бүлгүнгө учуратуудан чочулап, көңүлсүз жолуңду саздын бир дөңчөсүнөн улам кийинки дөңчөсүнө уланткан сымал; көргөндө жүрөгүң жарылып кетчүдөй тыбырчылаган маркумдардын капчыгайын элестеткен, адамды уулап салчудай чиринди жыты буруксуган; суу токтогон түнөрүңкү арыкка окшогон кара, жылтылдаган түбү жок деңиздин жээги менен аспид сымал шуулдап жөнөйсүң.
Ал эми баягы уйкусуз жандык көкүрөктө тыбырчылаганы тыбырчылаган, кысылган жаны кеңдикке умтулат, кар баскан тоолордун күн нуруна куйкаланган чокулары тирелген кең асмандан көзүн ала качат. Анан кантип жаза басып жаңылбайсың, туугандар, кантип кайгыдан улам «Оо, Кудай, мени кечир жана жардам бер...» деп жалбарбайсың. Мына, бүгүн мен өз колум менен адам өлтүрдүм.
Чынын айтканда, мен көптөн бери ушул кадамга баргым келип жүргөн, бирок өзүмдү сактап калуунун туура жолун издеп таба алган эмесмин, бул себеп мени токтотуп турган: менин ийкемдүү акылым канчалык эпчилдигин көрсөтпөсүн, кандайдыр бир жеңилдетилген же жашыруун жолдор табылбасын, кайсы бир жашыруун жерге баш калкалабасын, бардыгы келип эле кайгылуу аяктады: баш айлантма түйүндөр чечилди, бир түрдүү тегеренме жолчолор өз багытын тапты, мага суук, жамгырлуу күндөрдүн биринде наган тапанчасы бар мамлекеттик адам келди да, колума болоттон кишен салып, түрмөгө алып барды; мындан улам менин акылым дел болуп, башымдын ичи чыкыроон суукка толуп, мээм караманча иштебей калды.
Менин бүтүндөй уч-кыйырсыз аймагы бар ата мекеним, андагы чытырман түнт токойлор жана тайганын кокту-колоттору, тоо капчыгайлары жана калк жашаган жүздөгөн жерлер жана андан тышкары жайгашкан аңчылык үчүн эң бир сонун жайлар мени жашырып алуудан баш тартканы белгилүү болду; акыр-аягы Мыйзам Акыйкаты өлкөнү тыкыр көзөмөл менен бекем чулгап, элди эркинен, ал гана эмес бийликтен жашырган кенедей кыялдарынан да ажыраткан экен. Колунда бийлиги барлар жана аны өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон шылуундар убараланып жүргөн жазанын сөзсүз боло тургандыгын түшүнүп, ошону менен бирге мен эң башкысынан ажыраганымды, тактап айтканда, өзүмдүн баёо аң-сезимимде кастарлап жүргөн орус адамын — ар дайым козголоң чыгаргысы келип турган, баш ийүүнү каалабаган, өзүнүн эр жүрөктүүлүгүнө маашырланган орус адамын жок кылып алганымды бүдөмүк түшүнүп турдум.
Анткени ар бир козголоң өч алуудан улам келип чыгат; бирок анын кан төгүүсүз өтүшү таптакыр мүмкүн эмес, ошентсе да анын Кудай-таала тарабынан ыйык деп эсептелген белгилүү бир мааниси бар. Мен бир нерсени түк түшүнө албайм, адам качан башка бир адамды өлтүрүүгө, Жараткан тарабынан берилген өмүрүн кыюуга ниеттенсе, мейли бул жашоодогу болсун, мейли акыреттеги болсун, ал эч качан сурактан коркпойт, демек, ал эч качан кутулуу жолун ойлонбойт. Бул ушунчалык тез убакыттын ичинде, күтүүсүздөн, илгертпей тийген душман сымал, алды-артын ойлобостон, акыл калчабастан, көкүрөктү куйкалаган кандайдыр бир ысык илептин күчү менен болуп өтөт, капыстан аялуу сезимдериң муздак шамал болуп учуп кеткенсип жана мээңде жарк дей түшкөн жагымдуу абал ишке ашат
...Менде да ушундай нерсе болуп өттү.
Петровщинада өлгөндөрдү эскерүү күнү өтүп жаткан. Менин жыгач үйүмдүн арт жагында мүрзөгө кирүүчү дарбаза улам кыйчылдап ачылып-жабылууда жана да бир жолу күйүп бүтүп, ошону менен куурап өлүш үчүн биротоло көчүп келип, ошол жерде отурукташып калууга моюн сунгансып бакалардын да көптүгүн айтпа; тигинде түйүнчөк жана кичинекей бидон көтөргөн кемпирдин жылтырап аккан көз жашы узакка боз эшикке агып турду; эч кимдин мүрзөдөн кайтчу түрү жок. Терезеден мага айылдын чет жакасы даана көрүнүп турду: жыш өскөн куураган кунарсыз чөптөр; жайкалган буудайдын, тааруунун арасынан жапырайган кичинекей үйлөрдүн терезелери билинер-билинбес жылтылдайт. Акыры сурнай тартылып, бардыгы маркумдар үчүн ала келген азыктарын көтөрүнүп, бекем ыкылас менен ылдый жөнөштү.
Бул көрүстөн мен үчүн чоочун эле, менин бардык ата тегим башка жактагы унутулуп бара жаткан мүрзөгө көмүлүшкөн, бирок жер эненин боорунда жетимсиреп жалгыз калуудан чочулагансып, жөнөкөй адам аңдап түшүнө албас нерсени жалгыз мен көрө алчудан бетер күтүүсүздөн кандайдыр бир күч мени мүрзөгө келген адамдарга кошулууга чакырды. Маркумдарды куттуктап, аларга тамак уюштуруу үчүн шашкалактап сууга бышкан эки жумуртканы чөнтөгүмө салдым да, дароо кашааны жандап өтүп, жыш өскөн кызыл карагайлуу, ал карагайларды аралап аккан өзөнү бар Кызыл дөңгө жетип келдим.
Баатырларча жезден соот кийген карт дарактардын арасынан кемпирлер көрүндү, көрүнүштөрү өзгөчө аянычтуу, кудум тизесинен, айрымдары көкүрөгүнөн жерге батып калгандай; саргыч кумда кээ бирлеринин баштары гана эрбейет. Бул жесирлер мүрзөнүн жанында эмгектеп алып кечирим сурап жалбарып, мүрзөнүн дөңчөсүндөгү ар кандай отоо чөптөрдү, сейрек өскөн каракыйгактарды жулуп тазалап, калтыраган манжалары кургатылган нан кесимдерин, токочторду жана карамелдерди бүлкүлдөй тизип жатышты, алардын ичинен кимдир бирөөнүн чөйчөккө куюлган арагына небак жамгыр суусу жана токойдогу майда тыпындар аралашып калган. Маркумдарга арналган бул азыктарды токой канаттуулары жана жаныбарлары чыдамсыздык менен күтүшүүдө...
Королишка деген атка конгон Груня деген аял бейитти кучактай жыгылып, көкүрөгүн жарып чыккан арманын айтып, карга сымал каркылдаган үн менен үзүл-кесил жалбара боздоп жатты:
— Ой, Ванюшка, садагам, эмнеге мени боздотуп жалгыз таштап кеттиң? Эмне үчүн мени жаныңа алып кетпейсиң? Кантип эле мени сагынган жоксуң? Сага деле кобурашып отурганга бирөө керек го.
Кресттердин жанынан үн чыгарбай канчалык кылдат басып өтүп баратканыма карабай, Груня өзгөчө сезимталдык менен баары бир мени байкап калды, сырткаркы адамдан уялгансып оңтойсуздана дөңчөдөн дароо тура калып, шашкалактай тизесине жабышкан кум бүртүкчөлөрүн күбүй баштады. Грунянын кан-сөөлү качып кубарган жүзүндө көздөрү өзгөчө жылдыздуу жанып турду. Азыр эле уңулдап, ачуу кайгыдан улам муңканып ыйлап жатканы дароо токтоп, эч нерсе болбогонсуп анын кой көздөрү башкача бир учкун чачып жадырап турду.
— Эриңди сагындыңбы? — оюма биринчи келген суроону узаттым, бул суроом менен жүрөгүнүн түпкүрүнө көмүлүп, үстүн небак чым басып унутулуп бараткан эски жарасын кайра сыйрып ачып аларым оюма келбестен.
— Жо-жок... Ваняга сүйлөбаткам, а ал болсо эч үндөбөйт. Мына, чөйчөккө арак да куюп койдум. «Кел, ич» дедим. Дале үндөбөйт. Ушуга чейин жооп берген күнү болбоду. Жок дегенде бир ооз болсо да жооп берип койсо эмне. Кыязы, бул картаң тооктун мага эмне кереги бар дейт окшойт. Жер үстүндө жашап жүрүш уу жуткандан да жаман жаныма батты, ал эми мени алып кетүү тууралуу... Унчукпайт эч. — Груня оор күрсүндү, бирок анын бул күрсүнүүсү коштошуп жаткансып, оор мүшкүлдөн арылган сымал туюлду жана абыдан бышырылгын жумурканы эпчилдик менен көөмп, кесилген жемиштерди кабыгы менен бирге себе баштады.
— Чын эле көрдөн бир нерсе угууга болобу? — акылсыз жылмая суроо узаттым. — Же ал жакка, маркумдун төшүнө телефон салынды беле? Тигил дүйнөгө ала кетип колдонуш үчүн.
— Салынган, Пашенька, салынган. А сен, Пашеня, ыңгыранба, тизелей калып тыңшап көр. Ал сени бир тууганы катары жакын санаган. Балким, бул дүлөй акыры үн катар.
Сылтый кадамдап басып, тармал башымды жерге жакындатып, мен үчүн чоочун эмес адамды — эл ичинде Горбач аталып калган Иван Горбачевду беш жылдан бери астына басып жаткан чымдуу жерди тыңшоого ниеттендим. Ушул жерден кимдир бирөө мага үн сала кыйкырды, үн көрдүн ичинен чыккандай болду. Мен эки жагымды каранып, дөңсөөдө турган киргил бетон түстөгү крестти (мындай кресттер мурда бетегелүү талааларда сороюп турганын көрөр элем) көрдүм, бул мага өзгөчө тааныш сезилип кетти. Колуна узун айнек бөтөлкө кармаган Федор Зулус, Грунянын уулу бүкүрөйө кетти да, эмнегедир менин келишимди ишара кылып, кырдалган жашыл «хрусталь» чөйчөгүн шыңгыратты. Мындай бөтөлкөсү он эки рубль турган жасалма арак менен жашыруун спирт ташуучулар айылдын жакыр элин камсыздап турушар эле.
— Бул крест каяктан пайда боло калды? Мурда мен муну эч көрбөптүрмүн. Же кышында жаңы орустардан бирөө дүйнө салганбы?
— Кана? Кайсы крест? — деди Груня жакшы айрып көрө албай, колун маңдайына алып, дарактардын ортосундагы мүрзөнүн жанында үйүлгөн жаңы дөңчөнү карады. — Сага көрүмчү көрүнүп жатат, Паша. Мына, сага трубка. Ал сени абышка менен асман аркылуу байланыштырат. Мен сага номерден бери терип берем.
Тамырлар чырмалышкан, быжыгыр ичке четин жыгачы өсүп чыккан бут алдындагы кара жер астында жатканына карабастан, аркы дүйнөгө небак аттанып кеткен Иван Горбачев менен киргил түстөгү кнопкаларды баскылап, көзгө илинбес ичке зымдардын жардамы аркасында миңдеген чакырым бийиктиктер аркылуу байланышмак болуп жатты, ошол убакта колундагы күңүрт-киргил түстөгү курбака чардап баштады. Мен Груняны колго түртүп жибердим: себеби былжыраган, жаактары шишимик тарткан бул жандыкты алаканга салууну мындай кой, исиркектенген былжыр денелүү курбаканын өзүн карап туруш эле канчалык жийиркеничтүү.
— Өзүң чал, оюңан кайтып кетпе, — деп ал катынга кеңешимди айткан болдум да, айнектин шыңгыр музыкасы менен чакырып жаткан Зулусту карай бет алдым. Асман тиреген бетон крест, анын төбөсү быжыгыр карагайлар менен бой талаша заңкаят, кайчылаштыра каккан жыгачтын үстүнө конуп алган кузгун жаан тамчысына жуунуп, берилүү менен канаттарын тазалоодо.
— Ме, алып жибер. — Зулус мага жашыл шактын сүрөтү түшүрүлгөн чөйчөктү сунду, чөйчөктүн түбүндө кумдун сары майдалары каалгып жүрөт. Фёдордун энесине окшогон чаар көздөрү күтүүсүздөн кекчил карап турду, кудум мен андан абдан көп акча карызга алып, кайра өз убагында кайтарып бербей койгонсуп. Мына, азыр Зулус «эсебин ачат», сербейген буурул чалган муруттары өйдө көтөрүлүп, бекем сары тиштери чыга келди. Мындай кебете, негизи, өзүнө тиешелүү сөөктү коргоп ырылдап турган иттерде болот.
— Билесиң да, Зулус, мага ичкенге болбойт.Доктурлар тыюу салган.
— Кудукка түкүрбө, Паша. Эң жакшысы, менин ыгыма көнүшүң керек.
— Ким каза болгон, я? — мен Зулустан капталдай басып, сүрөттү кароого аракет кылдым, бирок ал алдымды көрсөтпөй оройлоно бет маңдайыма алаканын такай тосту. Анын жоон алаканында кырдалган стакандагы арак тоонун кашка мөлтүр булагындай көгүш түс алып, мөлтүлдөп турду.
— Сен өзүңчө күбүрөнө бербе, алып жибер, — Зулус демите буюра кайталады жана ийрейген узун колу менен сыйыртмак салган сымал, эпчилдик менен мойнуман бекем кысты. Көздөрүм чанагыман чыкчудай болуп, көз алдымда булчуңдуу колу тараза ташы сымал бултуюп чыга баштады да, күнгө күйгөн териси барсайып, аны тешип чыгуучу көгүш түстөгү тамчылар бөлүнүп чыгып жатты. Буканыкы сымал зор күч тез эле чуңкур идишке куюлуп, мени муунткусу келип турду.
— Бир гана Христос ичпейт, себеби анын колдору мык менен кадалган, — келекелей күлүп мыңкылдады оозунан махорканын жана арактын каңырсыган жыты буркурап. — Ал эми бекер аракты эмнеге ичпеш керек? Бекер аракты келесоолор гана ичпейт, а сен болсо ашыкча акылдуусуң. Уктуңбу? Ичкин, айбан, эркиң менен ич. Эркиң менен, уктуңбу, а сен болсо күңк-мыңк дейсиң, башкасын куюшумду каалайсың. Башкасын бербейм. Мен сага ушундай айтам: сага бок дагы жок, арам тамак.
Менин эмне кылышым керек эле, туугандар? Көзүм караңгылашып бара жатты, анын зордугу жаныма батып кетти. Болгон күчүмдү жыйнап, анын бекем кыскан күчтүү колдорунан бошонуш үчүн болушунча жулкунуп жаттым, каржайган арык башым менен ылдыйдан жогоруну көздөй сүзгүлөй бердим, акыры Зулустун тишине таамай тийди. Ал бир онтоп алды да, ыркыйган арсыз денемди таң кала карап, артка бир кадамдай кетенчиктей түштү, бирок ошол замат кичинекей чуңкурга (чөп баскан мүрзөгө) түшүп кетти, эски ьабыттын үстүнө түштү окшойт, буттарын чыгара албай жатты. Зулус кыймылдоого аракет кылды, бирок боюн кармоого чамасы жетпей чалкасынан жыгылды.
Дөңчөлөрдө сайылып турган кыска жумуру темирлердин жанында кызыл карагайдын жыгачынан жасалган трактордун волокушасы жатат, сыягы аны менен бетон крестти сүйрөтүп келишип, андан кийин кереги жок болгондон улам унутта калтырып таштап кетишсе керек. Мындай көрүнүш орустарда көп кездешет. Бул жерде төө жалбыракка басылып кылым бою кароосуз жата берет, бул жагынан бир гана жолу колдонулган табытка окшош, пайдаланылгандан кийин акырындан топуракка батып, көмүлүп чирип жок болот.
Таң калыштуусу, чечүүчү мүнөттөрдө адамдын көз карашы канчалык жумшара түшөт, бирок ал бардыгын алдын ала көрө билип, азыр эмне болорун баамдап, өзгөчө кылдат абалда болот, кыязы, жүрөктөгү чыңалуудан, ички коркуудан жана тымызын кызыгуудан ар кандай майда-барат нерселер өзгөчө байкалып турат эмеспи, алдыда боло турган нерсени билүү аны колго кармоо менен барабар, ал эми келечекти алсак, көзгө көрүнбөс чектерди башкара билүү менен, убакытты абдан өнүмдүү пайдалана алат.
Зулус болгону аргасыздан артты көздөй теңселе түштү, бирок мен ушул көз ирмемдин ичинде трактордун дөңгөлөгүнүн тытылган жара өңдөнгөн арсак издерин жана мүрзөнүн үйүлгөн топурагындагы кесектерди, андан сырткары малдын чубалган ичеги-кардын эске салган чөптүн чырмалышкан бозомтук тамырларын, волокушанын кабагы арчылбаган сары түстөгү жалтыраган жан жыгачын, жаңыдан дат баса баштаган балык кармоочу дегээнин учуна окшошуп оркоюп чыгып турган мыктарды көрүүгө жетиштим. Зулустун оор денеси дал ушул учталган темирди баса жыгылды, курч темир анын денесине кирип кетти да, төшүнөн кылтыйып чыгып калды. Ичинен электр жарыгынын зымын жулуп алгансып, Фёдордун көзүнүн нуру өчүп баратты, көздөрү сүзүлүп барып жумулду, жанынын ушунчалык кыйноо тартканы титиреген эриндеринен даана билинип турду, кыйшайган оозунун сол жак кычыгынан ачык кызыл түстөгү кан сызылып...
Акылга сыйбас иш болду, туугандар! Мына, азыр эле жүргөн адам эми жок. Башка адамдын жанын кыюу көп деле кыйынчылык жаратпады. Чынында, жарабас иш болду. Ошентип, мен адам өлтүрдүм.
Эл арасында Зулустун жаза басып, буту тайып түшүп кеткендиги, мен тараптан эч кандай күч колдонуу болбогондугу, бардыгы күтүүсүз болгондугу, мындай өлүм анын маңдайына жазылгандыгы тууралуу түрдүү кептер айтылар, бирок дал менин колум менен жасалбадыбы баары. Мен өз колум менен киши өлтүрүп, тээ түпкүрдө тымызын катылып жаткан эңсөөмдү турмушка ашырбадымбы.
Мен ага жардам беришим керек болчу, айылга шашылыш чуркап барып, бүткүл Жабканы көтөрүп, эл чогултуп келишим керек эле, бирок мен күтүүсүз пайда болгон коркуу сезиминен улам үрөй учурган түштөн кутулуп чыгыш үчүн Кызыл дөбөдөн ары чуркадым. Ылайлуу көлчүктөрдү аралап өтүп, камыштарды жарып чыгып, сормо саздарды жандай өтүп, тизеге чейин баткакка батып, ольха дарактарынын жылмакай бутактарына жармашып, коюу, жаш бутактуу папоротниктер өскөн коктунун наркы тарабына демим кыстыгып өрмөлөп чыга келдим, көкүрөктөгү жанды жеген боштукту жеңип чыгып, жүрөктүн дүкүлдөгүн басуу менен, акыр-аягы коюу ылайлуу чириндиге келип түштүм да, акыркы күчүмдү жыйнап, мени жашырып калчу бир ийин издеп жаттым, бирок ошол жерден күтүүсүз жымжырттыкка кулак төшөп, селейип катып калдым. Токойдо кулак кескен жымжырттык өкүм сүрүп турду. Болгону жүрөгүмдүн дүкүлдөп кан тамырларымда соккону жана дагы бутактардын арасынан тээ алыстагы оор жүк ташуучу машиналардын үндөрү угулуп жатты.
«Ошол тарапка, ошол жакка» деген тентек ой мээме келе түштү. Ал тарапта Москвага жол. Жолдо ар кимди тоссо болот, Москвада болсо чөптүн ичине түшкөн ийнедейсиң...» Бир маалда бирөөнүн токтоо үнү өйдө жактан өкүм угулду: «Эй, сен кайда, каякка мээримдүүм? Бардык жактан таап алышат».
Бутактарды аралап, сындырып, токойдо бирөө келе жатты. Кургап калган кызыл чаттын куурайларын ачып келе жаткан адамдын ысык деми жаактарымды куйкалап баратат. Коркконумдан ушунчалык түйүлүп калдым. Капысынан ойгонуп кеттим.
Кудайга шүгүр, шүгүр! Түшүм экен, түш. Жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй түрсүлдөйт. Жаным ордунда эместей. Үй ичинде кобуранып энем жүрөт: «Ой, койгон нерсемди ордунан таппайм. Каякта калат, билбейм». Керебетимдин жанында карыган дөбөт ысык демин үйлөп, тилин салаңдатып отурган экен. Мага кадалып турган ак кайыңдын кара көмүрүндөй капкара болгон көздөрү тээ качанкы жаштыгынын кубаттуу кездеринен кабар берип тургансыйт. Кудайыма шүгүр, түшүм экен деп кере дем алдым. Болгону түшүм экен. Шишиген денемди керип-чоюп ордуман турдум да, үйдүн кире беришине далиске чыктым. Эшикте күн ысык. Эркиндикте июль айынын аптабы. Тигинде мүрзөнүн дарбазасы тараптан чыккан күйөрмандардын акыркылары чарчаңкы абалда басып бара жатышат. Мени кандайдыр бир таң калыштуу көз караш менен тигиле карап алышып, кайрадан шашыла жүздөрүн менден бура калып жатышты. Менин өңүмдү карап чочулап жатышты. Дарбазасын кенен ачып, малдары чыгып кетпеш үчүн эшигине дөңгөч жөлөп, бери мени көздөй басып чарпаянын эшигин кенен ачып Фёдор Зулус пайда болду. Зулустун өңүндө кан-сөлү жок, көздөрүнүн алды шишимик, бирөө ортосунан мокок араа менен бөлгөнсүп, узун мурду экиге бөлүнүп турчу эле, азыр анысы бүркүттүн тумшугундай болуп ийрейе түшкөндөй... Кандай гана кубаныч, кандай сүйүнүч, сүйүктүүлөрүм, ченеми жок кубаныч! Ой, кудайым ай! Кошунам тирүү экен, Зулус тирүү, кең көкүрөгүндө, далысында бир да так жок. Болгону моюн жагында үлүл жеп кеткендей канталаган издер. Мага эмне, жаздыкчаларымды алмаштыргандай. Көз тийбесин деп алдым.
Үй тарапта терезе ачылып, көк жибек терезе тарткыч желге желбиреп, ушунчалык даамдуу жыт келди, мештен жаңы гана чыгарылган тамактын жыты. Апам тооктун канаттарын жана да таттуу токочту табагынан түшүрүп жатса керек деп алдым. Оозум толо шилекейим тилдин учунан агып келип, кайра аны кылт эткире жутуп алдым. Бирок кургап турган оозум муну сезип да койгон жок. Заматта алагды болгон ойлорду кубалап, көңүлүмдү Зулус жакка бурдум. Көрүмчүдөй болгон Зулустун кебетесине көз кырымды салдым, анын кебетесинен жаманчылык сезилип турду; башы ийрейген кызыл чырым өтүгү, өтүгүнүн ак жүн кырларына бозомтук түстөгү уюган топурактар чапташып калган; анын бул түрү казылган көрдөн жаңы чыккандай, анан да кайра көргө кошо ала кетчүдөй туюлуп турду. Мен жаңы гана түшүмдөн чочуп ойгонуп турган үчүнбү, айтор, чын-төгүнүн жакшы ажырата албай тургансыдым. Сүйүнүчүмдү жашырбай мен суроого өттүм:
— Фёдор, майрамың менен, Иса пайгамбарыбыздын майрамы менен. Ой, бир нерсе болдуңбу? Көрдөн туруп келгендей болуп өңүң кантет, купкуу болуп. Мен сени азыр эле түшүмдө көрдүм...
— Кулак сал, кыйшык бут. Сен менин кызымды бузуку жолго аралаштырба, — деп бурк этип бир тийди.
— Сен эмне келесоо болдуңбу?
— Акыркы жолу айтып жатам, кыйшык бут, менин кызымдын артынан жойлоп жүргөнүңдү токтот, мен сен үчүн чоңойткон эмесмин.
Зулус акырындап өз денесинин салмагынан өзү жерге кире түшчүдөй теңселип, эки колун чапанынын чөнтөктөрүнө терең салып бериледи, эки чөнтөгүндө эки жарылуучу граната бар сыяктуу сезилди. Мен ушунчалык ызаланып турдум, мени кыйшык бут деп атагандыгы толкуп турган бүткүл кубанычымды бир заматта жоготту. Адамдын кемчил жагын айтып кемсинтүү кантип туура болсун, туурабы? Бүгүн тойдо болсоң, эртең кабырдасың дегендей эле кеп да.
Зулус жакындап тегерегимдеги боштукту бүт ээледи; калың каштуу, үнү ачуу, түйүлгөн жаактарын ийнедей сакал баскан опол тоодой адамга айланып, көздөрү төбөдөн тийгендей оңурая теше тиктеп жатты, а мен ийленген теридей болуп демим кыстыгып дем алалбай бараттым; айланамды нымдуу көктүн жыты каптап, нымдуу топурактын жыты, саздын жагымсыз абасы, чирип бараткан коңгуроо гүлүнүн жалбырактарынын жана да анын чириндилиренин астынан жаңы өсүп чыккан козу карындын тумчуктурган жыты келди. Коногума жапайы эркек камандын коркунучтуу сүрү кирди. Мен алсыз абалда короонун арткы тарабына үмүттүү көз чаптырдым, токой сакчысы Артемон Борисович өзүнүн сырттагы отургучунда отурат болду бекен, мүштөгү менен убаралынып жатты бекен, анын мылтыгы дайым жанында эмеспи.
Зулус курсагы менен түртүп жатты, а мен болсо чарасыз абалда түктүү чымыр денесин алсыз колдорум менен түртүп коргонгон болдум. Ээ, менде кайдагы күч, кайдан мага таштай болгон дубалды жылдырыш? Бир маалда башыма бир ой келди: талылуу жеринен кармасамбы? Бирок кайра туруп, туура эмес го дедим, эми согуш болуп жатпагандан кийин, мени өлтүргөнү келбегенден кийин. А мен — шаардык, эмне себептен Федор Горбачевдун кыжырына тийдим экен. Ал болсо жалгыз кызы үчүн кишинин башын болсо да жулуп алганга даяр эмеспи.
Зулус мендей курсагы ток кайгысыз адамды көкүрөгү менен кысып, ушунчалык кубанычтуу мыскылдап жатты, уялуунун эч белги-бетеси жок түрү менен мендей алсызды колунан келсе майда упага айлантып салчудай күч менен түртүп жатты. Колдорумдун күчү кетип, алсырап бара жаттым.
— Аай, чыдабай баратам, чыдабай! — деп өкүрүп жаттым. Алсыз колдорум менен капталдан булчуң эттерин өзөгүнө чейин матыра кармадым. Зулус болсо мени учтуу илмекке илгендей, эки бетимдин терисин түбүнөн сыйрып алчудай апчып, асманды көздөй ыргытты. Мен көккө учуп бараттым, ачык ак түстөгү булуттардын, эмгекчилер үйгөн чөмөлөлөрдүн, үстү жагы ак-саргыл, боорлору жаш баланын өңүндөй күлгүн кызыл түстөгү адамды айран калтырган укмуштуудай куштардын арасында учуп бара жаттым. Учуп баратып кудайым жараткан ушул сулуу куштардын канаттарына отуруп калсам деп эңседим.
Бирок андай болгон жок, кудайым мени биротоло унутканбы, айтор, кулаган таш сыяктуу жерди көздөй жөнөдүм. Кароосуз калган сарайга жакын жердеги таштан куюлган крестке келип түштүм, мурдагы үй ээсинен калган экен, эми эч кимге кереги жок, тегерегин чалкан менен шыбак чөп басып калыптыр. Эмнегедир дароо жан берген жокмун; менин салмагымдан уламбы, астымдагы кара жер силкилдеген болуп ачыла түштү, асты жагымда түпсүз чуңкур пайда болду, бирок мен эмнегедир кулап кетпедим, жай гана крестке минип алып, кудум учуучу килемде бара жаткансып калкып бараттым: чуңкурдун ичи ушунчалык жарык жана таза экен, кадимки күздүн түнкү асманындай, асмандагы жылдыздардын ар бир чаңчасы көзгө даана көрүнгөндөй, а мен болсо сонуркап жатып, ал эми Зулус небак эстен чыккан, «Оо кудай, чуңкурдун түбү жокпу!» деп кыйкыра бердим. «Эми мен эч качан жерде болбойт окшоймун» деп ойлонуп, өзүмчө ооруксунуп онтой баштадым.
— Уулум, тур! Эмне эле союп аткандай кыйкырып жатасың? — Ийнимден силкилдетип чочулаган энем турат.
Мен шишиген, чылпак баскан көздөрүмдү араң ачып, мунун баары жөөлүп жаткандагы көрүнүштөр экендигин түшүндүм. Туздуу көз жашымдын арасынан ушунчалык мээримдүү жакыным энемдин жүзүн көрдүм. Энемдин бырыш баскан, кара-тору жүзүнө жайдын аптабы сиңип калгандай. Тегерек көгүш көздөрү мени карап туруптур. Энем башымдан сылап жатты. Алсыз колдору тимеле таттуу токочту майлап жаткандай жагымдуу, куштун канаттарындай жеңил. Мени жемелеп жатты:
— Ай балам, беймаал убакта уктаган турбайсыңбы. Бош жүрүү адамды бузат. Ал эми сен болсо бекерчиликтин даамын таттың. Ушинтип диванда чирип жата берип, өмүрүңдү кур бекерге өткөрүп жибересиң... А мен болсо, Пашенька, жетимишке чыкканга чейин билген эмесмин, өмүр бою куландай жүгүрүп жүрөм деп ойлогом. Колума себет алып, токойго жемиш терүүгө жөнөчүмүн. Токойго жалгыз аяк жол менен баруу мүмкүн эмес эле, бет алдыңда чытырман токой. Бут алдыңда бутактар баскан сайын чытырап сыныктары ыргып...
Сырдалган муздак полго тамандарымды коё диванга отура кеттим, жүрөгүм дагы деле кабынан чыгып кетчүдөй дүкүлдөп жатты; кимдир бирөөнүн түбүнө жеткенимди же кимдир бирөө менин түбүмө жеткенин түшүнө албай турдум. Көргөн түшүм акырындап унутулуп, баштапкы жанды жеген кыйноосу тарай баштады, антсе да алдыда боло турган бир жамандыкты сезип жаткансып көкүрөктү кандайдыр бир сезимдер өйүп жатты. Апам үйдө кыбырап жайбаракат бир нерселерди жасап жүрдү, бирде эшиктин аркы жагында, бирде дасторкон чекесинде кармалып жатты, акыр-аягында сары түстөгү тор майлыкты алып чыгып, жумшара түшкөн пирогду ойлуу сүртүп, кызара бышкан капталдарын кисти менен сүргүлөп, кулебяка токочуна балыкты ургулап киргизди — чыгып кетпес бекен. Мария Степановна кырк жылдан бери нан бышырып келет, ушул колдору менен тонналаган камырларды жууруду, чаалыкпастан айылды нан менен камсыздап келет, тигил жакта столдун астында кар бүртүкчөлөрү өңдөнгөн ундун калдыктары, аларды мен канча ирет чачтым.
Пирогдорго эңкейип жатып, апам өзүнчө сүйлөндү:
— Бүгүн майрам, таттуу нандарды даярдаш керек. Майрам күндөрү таттуу нан жеш керек. Биздин Нюхчада илгертен бери ушундай салт бар. Же сен унутуп калдыңбы, Паша? А бизде Жабкаларда адамдар жашабаган сыяктуу. Бардыгын сатып жешет, бир эле батондорун алсак, тишиң өтпөйт, жей албайсың. Мындай берекесиз жерге сен мени кыйнап эле алып келгенсиң, Паша... Сабы жок баштык сымал эмнеге өзүң менен сүйрөп жүрөсүң? Картайганда менин сага эмне керегим бар? Качан менин жашыма келгенде гана түшүнөсүң, жашы өткөн маалда тынч эле бир жерде жашаш керектигин. Себеби адам картайгандан кийин эч кимдин жашоосуна тоскоол болбошу керек.
Мен апамдын дайымкы наалыган сөздөрүн көңүлкош угуп жаттым. Анын төрүнөн көрү жакын турганын, өлүмдүн жакын экендигин, карыган адамды кыйнай бербей, эң жакыны катары эсептеген кабырына алып баруу керектигин ишара кылган кеби абдан муңдуу угулуп жатты. Тирүүлүктө жердин ар кайсы жеринде кезип жүрсөң да, өлгөндө өзүңдүн туулган жериңе коюлушуң керек.
— Паша, сен мени өзүбүздүн эле үйгө алып барсаң жакшы болмок. Үйүбүз дале болсо абдан жакшы абалда, а чарбабыз жөндөн-жөн эле куурап баратат, ал эми ага эмне деген эмгек жумшадык эле. Отун эки жылда күйүп бүтпөйт, ал эми кой терисинен жасалган тонум, үч пальтом, сандык толо көйнөктөрүмчү. Эх, балам, мен бул жерде сенин үйүңдө капаска түшкөн куштай жашап жүрөм, кыймылдагандан корком. А кокус туура эмес болуп калса... А өз жерибизде бардыгы башкача, жолдо баратсаң: «Саламатсызбы, Марья Степановна. Айтчы, кара жаным, жашоо, ден соолук жакшыбы?». А бул жерде баары дүлөй сыяктуу, алдыңан чыккан адамды карап да коюшпайт, учурашпайт, көңүл көтөрүүчү бир сөз айтпайт.
Чындыгында, туулган жер адамды күйүткө салат, сагындырат, тынч уйку бербейт, өзүнө тынымсыз чакыра берет, түн уйкуңду бузат, станцияга билет алууга азгырат: тезирээк бар, кечигип калба. А кокус ойго чөмүлө түшсөң — шашылышың керек: каякка барыш керек, туугандар, баары куурап, кыйрап бүттү го? Улуу мамлекетибиз жок болуп баратат, жарыбаган акчанын кесепетинен десек да болот; нефть чыгуучу түтүккө гана ыктап жашап келет.
— Мен биздин Нюхчаны билем апа, сенин жомокторуң мага бештен белгилүү. Учурда сенин ар бир алдамчы элестериң сага эң бир укмуш сезилип келет.
Мындан беш жыл мурун ал жакка сапар алып, кокустан гана чыгып калган машина менен араң жеткем. Кең-Көл аркылуу машинанын кузовунда отуруп кетип баратканда аз эле жерден конькимди ыргытып жибере жаздагам. Кыштак болсо калың жааган карга белчесинен батып жаткан экен, кээ бир үйлөрдөн гана жалгыздап түтүн чыгат, жалгыз аяк жол көзгө эптеп эле көрүнөт, жолдун жоктугунан бир аптадан бери эч ким нан алып келген эмес. Терезеге чейин жеткен калың күрткүдөн улам айыл ээн калгандай көрүнөт. Өз үйүмдүн эшигин араң ачып, босогомду аттап, үйгө кирдим. Апам менин келеримден кабары жок эле. Дубана аялга окшоп калдагай пальтосун кийип, кичинекей темир меште бүкчүйүп отурган экен, тизесине суюк тамак коюп алган, алсыз колдору кашыкты араң кармайт, трахома оорусунан жабыркаган көздөрү түтүндөн араң эле көрүнөт. Эх, көкөйгө көк таштай тийген жесирлик жашоо: курсагы канчалык челкейип турса да, эч нерсе жебегенсип курулдайт. Мени көрөрү менен дароо обдулуп тура калайын деди, бирок турууга чамасы жетпеди. Ыйлап жатты, кол кабын тарткылайт, кайнак сууга күйүп калгансып, алакандарынын териси ылжырап турду.
— Сени мага кудайым жиберди, уулум, акыры кудайга үнүм жеткен экен. Пашенка, мындан ары мен бул жерде жашай албайм. Чарчадым. Чыдабайм мындан ары...
Мына, үч жылдан бери башка жакта жашайт, бирок сүргүндө жүргөндөй элестеткен ар бир күнүндө өз кыштагын жомоктогудай саймедирей берет. Ал жакка алып барганда эмне? Эски үй ошол калыбында тура бербейт; барып көр, ушунча жыл аралыгында эч нерсеси деле калбай калды; полдун ар бир тактайын чычкан тешип, шыптын жыгачын курт жеп, мурда эле дарманы кетип калган эле, барып жөөлөп койсоң эле кулап калат. Болгону отундар калды, отундар, аны жакчу эч ким жок...




