Оттук саткан кыз
Атактуу москвалык скульптор Цураб Зеретелинин нэцкэ чогултуп алектенерин ар ким эле биле бербесе керек. Ал өзүнүн айыбы жок бул хоббисин эмнегедир башкаларга жая бербейт.
Москванын бул мезгилдеги аба ырайына адашып келип калгансыган кар аралаш ызгаар кечте — отуз биринчи декабрда Валерий Крылов Пушкин аянтынын ыптасындагы антиквариат салонунда азыр эле сатып алган нэцкэсин карап турган.
Нэцкэ деген — Россияда деле нэцкэ. Чөнтөктү ойлоп таба албаган бечара япондуктар ага ачкычын, мүштөгүн, жарынып өлөр бычагын жана башка майда-чүйдөлөрүн байлап коюп, анан ал түйүнчөктү белине илип алып кезиккендерге өз байлыгын көрсөтө көйрөңдөнө басышкан, жыгачтан же пилдин сөөгүнөн жасалган беш сантиметрдин тегерегиндеги статуэтка. Кыскасы, азыркы кезде кенедей пайдасы жок, ошондон улам баасы асман чапчыган аябагандай кымбат буюм.
Бирок, эгер сен түстүү металлдарды куйган чакан заводдун ээси болсоң жана Москвада сатып өткөрүш үчүн рынок керек болсо, анда тааныш-билиш скульптор-монументалисттен өтөрү жок. Улуу скульптор колону москванын аман калган заводдорунун баарыныкын кошкондон да көбүрөөк колдонот! Ал эми болочоктогу алармандын көңүлүн табыш үчүн анын анча-мынча алсыз жерин таап, маселен, нэцкэ тартуулап кой.
Искусствонун илбериңки, андан аша назик чогултуучулук чөйрөсүндө акча түккө татыбай тургандыгын айта кетүү жөн. Кээ бир вазон чогултуучулардын алдына бир чабадан доллар үйүп салсаң да Фридрих Улуунун жортуулга чыкканда ала жүргөн жападан-жалгыз бүктөмө күлтүгүнөн туруп бербейт.
Нэцкэ сатып алыш андан да азап. Ал үчүн арбын акчанын болушу жетишсиз, өз ышкысын канааттандырыш үчүн бардыгына кайыл башка байсымал чогулткучтардан озунуп тагдыр таберигин куйруктан серпип калуу ар кимдин эле шыбагасындагы кезең эмес.
Валерий бул ирет жолдуу болду. Анын кантип жана кандайча болгондугун кеп кылуунун кереги жок — жолдуулук, эмне, жолдо жаткан бирдеме бекен? Ток этер жери: ал азыр өзүнүн эски «Пежосуна» жөлөнүп, япон брелогун бетиндеги безеткисин сыгып алып жыргап калган адамдай ыракаттана карап туру.
Нэцкэге кездемеге оронуп, колуна табак кармаган кичинекей тултук кыз тартылыптыр. Табакта кепкенедей сүйрү бирдеме жатат. Нэцкэнин каталогунда «Суси саткан кыз» деп жазылган.
— Суси-пуси, — деп күбүрөнүп алды Валерий. — Жок дегенде туура жазып коюшса эмне...
Которунуп кийинип, бираз коньяктан согуп, шопурду чакырып, анан атактуу скульпторго япон атаандаштары чыгарган нерсени көрсөтүүгө ыңгайлуу көздөн далдоо дурус жерди табыш үчүн үйгө жөнөш керек эле. Валерий аялы менен кызын өткөн жумада эле жаңы жылдык эс алууга жиберген. Андыктан майрамдык кече шапар-шаң менен, же балким, тескерисинче, чартаңбай менен аякташы мүмкүн. Эс алыш үчүн үй-бүлөсүн чет өлкөгө байлар гана жибербейт, кээде алардын өзүлөрү да кете беришет...
Күрүч оромосун сатуучу япон кызын карап жатып (оромо, Валерийдин оюнча, нык жана салмактуу көрүндү), Крылов тамекисин сууруп чыкты. Ал машина айдап баратканда тамеки чеккенди жактырчу эмес.
— Байке, оттук сатып алыңыз, — деген уяңкыраак үн угулду кулагына.
Валерий кайрылып карады. Жол четинде өзүнө абдан чоң, башкалар үчүн абдан кир, мойнуна чоң кишилердин жазы шарфын оронуп, жиптен түйүлгөн топу кийген, нейлон курткачан он жаштардагы кыз туруптур.
Көкмуштум болгон колунда өтүктүн кутусунун капкагын кармап алган. Кар бүртүктөгөн картон капкакта ар түркүн түстөгү кытай оттуктары жатат.
— Өзүбүздүкү жокпу? — деп бурк этти Валерий. Ал акыркы ирет метрого үч жыл илгери түшкөн, көчө боюндагы кайырчылар менен тилемчилерди көп деле көргөн эмес. Ошондон уламбы, мындайларды кезиктиргенде кичине ичиркене түшүп, жылуу сууга жуунгусу келип кетчү.
Кыз былк этпестен мелтейип тура берди.
Валерий оттугун алып чыкса кичинекей тилемчи кыз кетип калар деген ниетте чөнтөгүн аңтарып кирди. Бирок оттугу табылбай жатты.
Кыздын мурдунан суу куюлуп, жеңи менен аарчып коёт.
— Оттугуң канча турат? — деп күңк этти Валерий. Ал эч качан кайыр-садага берип көргөн эмес, ошондуктан көнгөн адат боюнча кыз менен соодалашууну чечти. Тамекини оозго тиштеп алып, бирок оттугуңду таппай калганда ого бетер чычкың кайнайт эмеспи, Валерийдин тамеки тартуу ышкысы ошондой кайнап кетти.
— Он... — деп оозун кыбыратты кыз.
— Он... — деп оозун кыбыратты Крылов да, анан чөнтөгүн майда акча издеп аңтара баштады. — Сен эмнеге суукта жылаңач жүрөсүң? Суук тийсе, өлүп каласың да?!
Антип айткан акыл-кеңеши кандайдыр жасалма, олдоксон болуп чыкты. Анысын өзү деле сезип турду. Бечара кыз жырганынан ушинтип оттук сатып жүрбөгөнү айдан-ачык иш да.
— Кооз куурчак экен, — деди кыз Крыловдун колундагы нэцкэни карап алып.
— Ооба, ооба, кооз... — Крылов капилеттен нэцкэ менен тилемчи кыз сыртынан караганда окшошуп кетээрин таң кала баамдады. «Суси саткан кыз» дегенди ошол учурда эч кимге кереги жок «Кытай оттугун саткан кыз» деп койсо куп жарашып жатып калмак. Башкысы бул эмес! Эң башкысы ал экөөнүн жүздөрү куюп койгондой окшош эле!
Ыңгайсыз абалдан чыгуу аракетинде Крылов кызды желкеден алып, терезеден түшүп жаткан жарыкка тартты. Маңдайына чөк түшө отурду. Нэцкэни сунулган колуна кармап, жүзүн салыштыра баштады.
Карасаң ай! Тим эле куюп койгондой!
— Оп, бали! — деп оозу ачылып калды Валерийдин. — Кылымдар карыса да, эл эч качан өзгөрбөйт тура... япондор мурда адамдарга окшош болгон турбайбы?
— Менин эч качан куурчагым болгон эмес, — деди кыз муңайым үн менен.
Валерий бурк-бурк этип, чөнтөгүнөн жүз сомдукту сууруп чыкты да, оттуктардын үстүнө ыргытты:
— «Балдар дүйнөсү» дүкөнүнө бар, балам. Өзүңө куурчак сатып ал...
А куурчак канча турат болду экен? Валерий капилеттен ушуну да билбей тургандыгын баамдады. Өзүнүн кызы бул жардыдан алда канча улуу, бөлмөсү оюнчуктарга толтура... бирок ал ага жок дегенде бир жолу оюнчук сатып берди бекен? Же аялы, ал болбосо бала баккычы сатып берчү...
— Ме, өзүңө «Барби» сатып ал, — деп Крылов картон капкакка дагы бир беш жүз сомдукту аярлай таштады. Жаңы жыл түнүндө ушинтип ак ниет иш жасап жаткан соң майдаланыштан не майнап?!
— Мага алдагы жагып атат, — деди кыз нэцкэден көзүн албай.
Валерий жайдары жылмайып башын чайкады:
— Жо-ок, балам. Бул куурчак... аябагандай кымбат. Башка куурчак сатып ал, эми барагой апаңа...
— Менин көшөкөрлүгүм үчүн кечирип коюңуз, — деди кыз картон капкакты колунан ылдый кылып. Капкакка жабыша тоңо түшкөн оттуктар кулап калбады. — Бирок өзгөчө бир кырдаалдар сиздин жаңы жылдык мээримиңиз менен кайрымдуу ак ниетиңизди пайдаланып калууга түртөт...
Крыловдун оозунан күйгүзө элек тамекиси ыргып кетти. Ал ордунан атып туруп, машинасына кире качты.
— Мүмкүн мен күндү ыңгайсыз тандап алган чыгармын? — деп калды кыз анын артынан. — Бирок сиздин календарыңыз туура эмес, сиз жаңы жылды эки ирет тосот экенсиз, ошондуктан мен ошо экөөнүн ортосун тандап алгам...
— Келесоо, — деди Крылов машинасынын каалгасын тарс жаап. Моторду от алдырды да, нэцкэни чөнтөгүнө тыга салды. Кыз аны тирмийе тиктеген боюнча катып калыптыр. — Келесоо же акылынан айныган. Бирок, кимибиз?
Кыз көрүнбөй кала берди. Турган ордунда жок болду.
— Мен айныгам, — деген ойдон Крылов титиреп кетти. Не деген шумдук!? Тукумунда андайлар жок эле... Ал машинасын акырын жылдырды.
— Сиз таптакыр соосуз, — деген үн угулду артынан. — Ошондой болсо да...
Крылов чочуп кетип тормозду тепти. Артына карады.
Кыз картон капкакты тырыша кармап арткы отургучта отуруптур. Крыловду балалык баёо көздөрү менен тиктеп турат.
— Геморройдун жеңил формасы, башталып келаткан простатит, өттүн дискинезиясы. Калганыңыз таптаза, — деп кайталады кыз. — Ошентип, мен убакытты туура эмес тандап алгандыгым үчүн кечирим сурайм. Менимче, дал ушу жаңы жыл түнү, анан калса орточо арифметикалык арапада сиз ак ниет иш жасоого жөндөмдүүсүз...
— Сен кимсиң? — деп секирип кетти Крылов. — Сен машинага качан отура калдың эле?
— Мен кичинекей кызмын. Мен өзүмдү мейкиндикте жылдырып коё алам. Сиз мени угуп жатасызбы?
— Сен муну эмнеге айтып атасың? Кыздар минтип сүйлөбөйт!
Кыз улутунуп алды:
— Менин сөздөрүм түшүнүүгө кыйын бекен? Өзүңүздү колго алыңызчы, суранам сизден! Бардыгы жөпжөнөкөй, мен — келечектен келгем.
Валерий башын ийкеди:
— Ооба. А мен болсо Марстан келгем.
— Окшобой турат, — деп сөзүн бөлүп кетти кыз. — Ошентип, мен келечектен келгем, мен мезгил кезип саякаттап жүрөм. Кайсыл мезгил экенин билишиңиз кажет эмес.
Крыловдун көздөрү ойноктоп кетти:
— Келечектен келдим дейсиңби? Демек, фантастикабы? Ооба, ишенип калдым! Бул жерде — бизде мезгил кезип саякаттагандар толтура. Каякка бутту шилтесең ошолорго чалынып жыгыласың.
— Мунуңуз калп, — деп таарына кетти кыз. — Биякта бир да саякатчы жок. Жана да сиздин мыскыл орунсуз болуп турат!
— Эгер сен келечектен келген болсоң, анда эмне үчүн мезгил кезе саякаттагандар тууралуу эч ким билбейт? Эмне үчүн аны буга чейин эч ким кезиктирген эмес?
— Азыр эч ким саякатка чыкпай калган, — деп сөздү кести кыз. — Мунун эмнеси кызык экен? Экология булганыч, тамак-аш таза эмес, элдер каардуу, маданияты төмөн, согушуп-тытышкандар... Бардыгы байыркы Грецияга, Орто кылымдарга, эзелки Кытайга жана Японияга кетип атышат...
Крылов эмне деп жооп кайтарарын таппай калды.
— Ошентип, — деп улантты кыз. — Мен мезгил кезген карапайымдардын биримин. Он жаштамын. Мен сизди кабатыр кылбайын, акылым чоңдордукундай эле.
— Ишенбейм, — деп көжөрдү Крылов. Кыз ошол замат абага сиңип кетип, алдыңкы отургучта пайда болду.
— Көзбоочу, — деп болжолдоду Крылов.
Машина солк этип, абага жай асылып калды. Кар баскан жолдор ылдыйда калып, шамал шуулдап, астыда Москванын жарыктары жалтырайт.
— И-и, бу дагы көзбоочулукпу? — деди кыз күлүңдөй карап. — Анда эшикке чыгыңыз.
Крылов башын чайкады.
— Аныңыз дурус, — деп кубана кетти кыз. Бетине бираз кызыл чуркады. — Эми ишендиңизби мага? Же дагы бирдемелерди көрсөтүүнү каалап атасызбы?
— Ишендим... — деп күбүрөндү Крылов. — Ай кыз, кызымке... аяк жак, келечек кандай?
— Токтой туруңуз! — деди кыз. — Ошентип, Валерий Павлович. Сизден бир өтүнүч. Кылымдардын караңгылыгында адашып калган мендей кичинекей кызга жаңы жылдык белек берип коюңузчу.
— Нэцкэниби? — тактап сурады Крылов.
— Ии, — деп кыз күлүп ийди.
Крылов бир саам дудук боло дымып калды да, анан бакырып жиберди:
— Сен эмне деп атасың, ыя? Белек бер дейсиңби? Нэцкэниби? Мен ага кантип жеткенимди сен билип коюпсуңбу? Акча кара жерге кирсин дечи... эмне, сен бүт Москва ушундай укмуш нэцкэге толтура деп ойлойсуңбу? А мен аны бүгүн бир скульпторго тартуулашым керек! Ошондо, балким, заводумдун колосун сатып ала баштайт! Ошентип менин бизнесим оңолот! Антпесе... талаада калам.
— Мага мобу нэцкэ аябагандай зарыл! — деп чыйпылыктап ийди кыз. — Аны мага бериңизчи!
— Кел, башкасын берейин, — деди Крылов чечкиндүү. — Сага Японияга жетип барыш кеп эмес да, туурабы? Эки жүз жыл илгерки нэцкэни сатып алып Москвага кайтасың да мага бересиң... кандай дейсиң?
Кыз кир колу менен жашын сүртүп, кыңкыстай ыйлап жиберди. Машина солкулдап оой баштады.
— Ай, сен абайла! — деп коркуп кетти Крылов. — Ме, аарчынып ал... — ал кызга таптаза бетаарчысын сунду. — Сага менин нэцкэмин кереги не? Сенин колуңдан баары келет турбайбы!
— Негизи... ал сиздики эмес да... — деп бышактап жатып сөз кайтарды кыз. — Аны сөөктөн менин атам жасаган...
Элдик макалда айтылмакчы, аялзаты ыйлап ийди дегиче туура чыгат. Бул акыйкат кичинекей кыздарга да тиешелүү. Крылов ыңгайсыз абалга кептелди.
— Меники эмес... бирок аз эмес акча сарптабадымбы... — деп тишин кычыратты. — Уксаң, көрсө сенин колуңдан укмуштардын баары келет турбайбы, анда эмнеле мага жабышып атасың? Өзүңдүн нэцкэңди уурдап же тартып кетсең деле болмок да...
— Анте албайм! — деп тултуңдады кыз. — Кептин баары ошондо болуп атпайбы!
Баш айланткан баяндан улам Валерий мезгил кезгендердин бардыгына кулк-мөнөзүн өзгөртө турган ийне сайып коюшарын түшүндү. Ошондон кийин эч бир саякатчы өзүн өзү коргоодон башка учурда бирөөнү өлтүрүп, уурулук кылууга же өздөрүнүн артта калган караңгы ата-бабаларын таарынтууга жарабай калышат экен.
— Кокустан сиз мени уруп же тиштеп албасаңыз... — деп жалдырай карады кыз.
— Ха! — деп нааразылана кетти Крылов. — Сен мени ким деп ойлоп атасың? Мени сени ургум келбейт, жеп жибербейм!
— Өкүнүчтүү, — деп улутуна кетти кыз. — Анда мен сизден нэцкэни алып кетет элем...
Кызык жери, анын мындай чечиле сүйлөшү Валерийди жубатып койду.
— Сага дал ушу нэцкэнин эмне кереги бар, кызым? — деп сурады ал. Тамекисин оозуна тиштеп, полдо жаткан кытай оттугунун бирин алды да, чылымын күйгүздү. — Сен эмнеле мага жабыштың да калдың?
Кыз өз таржымалын айта баштады.
Көрсө, ал өткөн заманда атасы менен жаңы жылды тосуш үчүн он сегизинчи кылымдагы Англияга барыптыр. Бирок атасы Англиядан тажап кетип, он сегизинчи кылымдагы Японияга аттаныптыр. Белгиленген мөөнөт аяктап, бирок ал Япониядан кайтпай калат. Кыз атасы бирдеме болгонун түшүнөт. Балким, мезгил машинасы бузулуп калгандыр, кээде ошондой да болуп калат.
— А силерде куткаруучулар жокпу? — деп таңдана суроо узатты Крылов.
— Жок. Мезгил мерчеминде ар ким өз тобокелдиги менен саякаттайт, — деп моюнга алды кыз. — Жоголуп кеткендерди сактап калуу — бул убактылуу парадокс!
Атасы жоголуп кеткенде, кыз үйүнө өзү эле кайтып бара алмак. Бирок ал атасын сактап калгысы келди. Ал атасы эмне кылып жан сактайт деп ойлоду. Ага бирөө-жарымды карактап-тоноого мүмкүн эмес, билим үйрөтүүгө да болбойт. Ошондо кыз атасы сөөк жонуп иштегенге кызыкчу эмес беле деп эстей калды. Демек, нэцкэ жасайт. Ал эми аны батыраак таап алыш үчүн ар бир нэцкэге мезгилге шайкеш келбеген анахронизмди тарта баштаган. Айлакер кыз мына ошондой нэцкэни издеп жүрүп, ошолордун бирөөсүн, дал ушу Крылов сатып алганды таап алып отурбайбы.
— Түшүндүм! — деди Валерий. — Демек бул эч кандай «Суси саткан кыз» эмей эле, «Кытай оттугун сатуучу кыз» турбайбы, ээ?
— Жок, булар оттук эмес, — деп каяша ыргытты кыз. — Бул... силерде аны айтаар сөз да жок. Бул аны жасаш үчүн кызмат кылган кичинекей буюм... ал сөз да азырынча жок. Башка чоң нерселерди жасай турган нерсе.
Крылов нэцкэни колуна алып, аны шектене карады:
— Ии, мунун эмнеси бар экен? Мейли, муну сенин атаң жасады, жардам бер деген белги берди деп коёлу? Андай экен, барбайсыңбы атаңа. Сага дагы эмне керек?
— Нэцкэ! Аны мезгил машинасынын атайын кутучасына салыш керек! — деп чаркырап ийди кыз. — Ошондо гана мезгил машинасы нэцкэни жасаган жерге жеткирет! Ошентип мен атамды сактап кала алам.
— А нэцкэчи? — деп тактап сурады Крылов жооп кандай болорун алдын ала болжой.
— Атом болуп бычырайт.
— Башка жарактуу нэцкэ жокпу? — деп сурады Крылов.
— Түшүнсөңүз боло, алардын болушу да мүмкүн эмес! Эгер алар бар болсо, демек мен атамды сактап кала албаганым ошо! Демек ал ошо байыркы Японияда түбөлүккө кала берет!
— Оп-паа, — деп үшкүрүндү Крылов.
Кыз дагы үшкүрүнүп алды.
— Же сиз мага нэцкэни тартуулайсыз, мен атамды сактап калам. Же сиз сараңдыгыңызды көрсөтөсүз, анда атамды экинчи көрбөйм.
— Ай, кыз, мен сызга отуруп калчу жердемин, — деп агынан жарылып кетти Крылов. — Албетте, мен деле сенин атаңды аяп турам... сен дагы кайраттуу кыз экенсиң...
Мезгил кезген кыз башын жерге салып унчукпай калды.
— Жок дегенде акчамды кайтар! — деди Крылов бейкапар. — Же мунун ордуна башка нэцкэ бер!
— Менин акчам жок да, — деп чыйылдап калды кыз. — Башка эч нерсе да бере албайм. Ал тургай кайсы күнү лотереядан утаарыңызды да айта албайм.
— Тыюу салынганбы?
— Илгери ойнолгон лотереяларга кызыгып көрбөптүрмүн... — деди кыз кайдыгер.
Крылов үндөбөй калды. Эх, кандай сонун план эле! Белекке табылбас нэцкэ... достук баарлашуу... пайдалуу контракт... албан киреше...
— Ме, атаңды сактап кал, — деп ал кызга байыркы япон ачкыч байлагычын сунду. — Болгону адегенде машинаны жерге түшүрүп кой!
Кыздын жүзү жадырап-жайнай:
— Ыракмат! Ыраазымын сизге! Мен орточо арифметикалык арапанын кечинде бардык кишилер айкөлгө айланып, анык укмуш иш болот дедим эле!
Ал кысына Крыловду беттен өптү да, дароо көздөн кайым болду.
Машина кайрадан антиквар салонунун тушунда туруп калды. Болгону полдо арзан кытай оттуктары чачылып жаткан.
— Анык укмуш, — деди кейиш менен Крылов. — Кимге кандай?..
Анын бардык пландары жокко чыкты. Ошонун баары кайдагы бир аңкоо кыз менен анын келесоо атасынын айынан... Мындай туристтердин мага не кереги бар эле! Же жердешим болсо эмне, мезгил кезер машинасы бузулуп калган имиш...
Ал эмне үчүн түнкү клубга барганын да унутуп, машинасын от алдырды.
Эми эмне, атактуу скульптор менен эч кандай жаңы жылдык белеги жок мамиле түзүүгө аракет кылабы? Болбогон иш. Ошентсе дагы байкаштырып көрсө не болор экен...
Арткы орундуктан бирөөсү салабаттуу жөтөлүп калганда Крылов машинасын токтотмого коюп жаткан.
— Дагы эмне болуп кетти? — ал чочуп кетип, артына кылчайды.
Эми машинада экөө пайда болду — саргыч көйнөк жана жибек жамынчы кийген жанагы кыз менен чучук шым жана ак-ала күрмөчөн арыкчырай киши.
— Менин кадзамим кандай экен? — деп сурады кыз жайдары.
— Ыракмат сизге, Валерий-сан, — деди атасы кызын сүрдүү тиктей. — Сиз мени абдан зор турмуштук ыңгайсыздык менен сактап калдыңыз... Домо аригато годзаимас!
— О, коюңузчу... анын эмнеси бар экен... — деди Крылов уялыңкы. — Канткен менен майрам эмеспи...
— Биз артка, келечекке кайтышыбыз керек, — деди эркек. — Бирок сизге ыраазылыгымды билдирбей туруп кете албайт элем. Мобу жупуну белегибизди алып коюңуз, Валерий-сан! Мен бул нэцкэни маанилүү бир аткаминерге жасагам, бирок аны сизге кубануу менен тартуу кылам!
Крылов кичинекей скульптураны колуна алары менен кыз менен атасы сыпайы жүгүндү да, көздөн кайым болду. Бул ирет, кыязы, биротоло кетишти өңдөнөт.
— Ушундай да болот экен ээ?.. — деп күбүрөнүп жатты Крылов нэцкэни ары-бери жагынан карап. — Болот тура... мени сактап калыштыбы чын эле???
Нэцкэде, болжолу, скульптордун өзү — япон кийимчен шыңга бойлуу арыкчырай киши тартылган. Бирок ал колуна сыранын бөтөлкөсүн кармап алган!
— Анахронизм... — деп күбүрөндү Крылов. — «Сыра кармаган киши...» Муну бүгүн кантип тартуулайм?
Ал ындыны өчө жылмайып тим болду. Укмуштуудай керемет... майрам... жакшылык жасаган соң ыраазылык үмтөтпө!
Ошондой болсо дагы...
Крылов нэцкэни дагы бир ирет кызыга карады.
Тиги кызды эмне үчүн «Суси саткан кыз» деп атап койду экен?..
Башкысы — убагында туура ат бериш керек. А калганын адам өзү каалагандай түшүнүп алат! Москвалык скульптор-монументалисттин иштеринде мындай учурлар иттин кара капталынан!
— Сокбилекчен киши... — деди Крылов. — Жок. «Сокбилекчен алхимик»! Белгисиз устаттын иши...
Нэцкэни колуна кармап ал машинадан түштү.
Бардыгы жайында болот.
Бул кечте бардык адамдар айкөлгө айланат эмеспи!