Баары татаал, а жаңырык жупуну...
* * *
Баары татаал, а жаңырык жупуну,
сайраганы кудум токой кушундай,
үндөп койсоң, так жооп берет утуру,
жалган айтпайт, ал жаңырык ушундай.
Өмүрү не, өлүмү не өзгөнүн?
Учур келди көздү умачтай ачканга.
Россия — не? Өзүмдү зор сезгемин,
алды жакта өлүм күтүп жатканда.





