Баары татаал, а жаңырык жупуну...

* * * Баары татаал, а жаңырык жупуну, сайраганы кудум токой кушундай, үндөп койсоң, так жооп берет утуру, жалган айтпайт, ал жаңырык ушундай. Өмүрү не, өлүмү не өзгөнүн? Учур келди көздү умачтай ачканга. Россия — не? Өзүмдү зор сезгемин, алды жакта өлүм күтүп жатканда.