Эски шаарда күн куйкалап турса да...
* * *
Эски шаарда күн куйкалап турса да,
Көзү сокур арабга мен барсамбы,
Төрт саат бою соодалашып, алсамбы:
Күмүш айкел — левиафан, арстанды,
Мына, Давид падыша ойнойт арфада,
Бул — жүрөкчө кичинекей каралжын,
Өтө сырдуу түймөктөшкөн шакекче,
Уктабас Көз, анан цимцум жылаажын,
Шыңгырап да бүтпөс куурчак-кошокчу,
Сага да бир буюм алып пайдалуу,
Үйгө барып, колумду артка жашырып:
«Кайсы колдо, тапчы?» — десем жайдары,
Тапсаң дагы айталбайсың, кымбатым,
Он жыл болду сенин жогуң жанымда,
Бирок мунун мааниси жок анчалык,
Куландан соо жүрсөң болду дайым да.
Күмүш белек кубандырат болжолу,
Кээде мени эстей жүрсөң болгону,
Бар болгунуң укпасам да үнүңдү,
Кечир анан бул жекшемби күнүмдү.




