Гюстав Курбенин «Тоодогу кепе» картинасын эстеп

* * *

Гюстав Курбенин «Тоодогу кепе» картинасын эстеп

...Булут калкып, кепеси да Курбенин
Туруп калды мээмдеги музейде.
Момураган кусалыгым бул менин,
Жол чырактар жарык төгөт бу жерде.
Ошондой тынч жатагында Курбенин
Өткөргүм бар соңку күнүн өмүрдүн.
Тагдырыма тартуу кылып ыр демин,
Кереметтүү сапка келет төгүлгүм.

Карап алып каптаганын караңгың:
«Тоодо түнбү? Тоолорго түн келди» деп
Өзүмө айтып, ырын угам шамалдын,
Ал сүрөттүн ар мүчөсүн белгилеп.
Күчтүү шарап ичип жанга дем кирет,
Ал артынан ууртап муздак сууну улам.
«Тоодо түнбү? Тоолорго түн келди» деп
Өзүмө айтып, кара түнгө жуурулам.

Эшитемин чайнегимен ыр чыкса:
Өз тилинде ышкырына чыйылдап,
Не бир бийик нотаны алып тынчтыкта,
Ыр сабыма сырдуу обон буюрмак.
Көрсөмчү анан ырда жашоо жүргөнүн,
Элеттик жан жандуу сүрөт көргөндөй.
Көшүлсөм-ээ сыртында бул дүйнөнүн,
Бир кездеги сүрөтчү уктап көнгөндөй.