Кеме
Зор кеменин уюлгуган түтүнүнө
Ансыз да түнөргөн порт капталды.
Кеме жөнөп кетүүсү күтүлүүдө
Беттеп Лиссабонду же Лиманды.
Бир киши бырыш калпак, кир кийимчен
Чыгып келди калбаат басып трап менен.
Учурашты куралчан кароол менен,
Боштуктан өсүп чыгып келгенсиген.
Бул киши мага тааныш, жүргөм көрүп,
Жөн жүрсө да өзүн ак сөөк санаган жан.
Акын менен учурашты кол көтөрүп,
Өзүн алдап ыр-мунарга камап салган.
Ашыгалы бир гана мүнөт калды,
Кеме мына калкылдап жөнөйт сүзүп.
Зор кемеден табарбыз бир каютаны,
Үстүнө ийгиликтүү алдык түшүп.
Жанынан өтүп Канар, Азор аралдардын
Жана дагы Бермуд менен Багамдардын.
Сүзөрбүз деңиз жыргал үчүн эмес,
Тоюна түшүш үчүн кудайлардын.
Жансызды жандандырган жаркын талант
Жана да жан талашкан аракетиң,
Асман жашоочуларынан сактай калбайт,
Жеп коюшат жырткычтарча, кап, аттигиң.




