Одиссей

(узун монотравелог кыска купюралар менен)

Чыдамым жок кумарга, коркунучка, ооруга. Айнып калдым калп эле, баргым келбей казатка, бирок дүйнө жининен согуш жини ашат да, дөдөйлөнүп шарт эле, соо экеним күмөндөп, кошуп өгүз, эшекти, тузду сепсем үрөн деп, чабарманы согуштун амалымды түшүнө, салып ийди баламды соконун курч тишине, таштап катын, баламды, аралды да дегеле, кылыч алдым колума, калканды илип кемеге.

 <...> 

Тез бүтсүн деп согушту тапкансыдым мен эбин: ичи көңдөй ат курдум тактайынан кеменин, толгон жоокер жашынган тоодой болгон ат кепти Кассандрага ишенбей, трояндыктар апкетти, тартуусу деп кудайдын ойлогон эл бечара, ошол түнү Троя жексен болду, не чара.

 <...> 

Согуш бирок өчөшүп, куулугума алды кун: деңиздерди мен кезип, жыйырма жылы каңгыдым, капталдарын тыгындап какжыраган кеменин, үзүгүндөй үмүттүн парустарды керемин, акты канча ай-жылдар, албай калдым эсебин, жексур согуш кармаса, кайдан үйгө жетемин, чимкириктей мурунда салаңдаган кезегим.

 <...>

 Сайма саят аялым, кылдым эптеп мен тирлик, мезгил баарын эскерет, унутту өзүн мейкиндик. Өңү өчкөн парустай созуп жатсам мезгилди, колго илинбей үзүлүп, чиригенин сездирди, аралыкты мыкчысам рулюндай кеменин, суурулуп да колумдан, чарк айланып турганы, чоочун арал жана да толкун болду сунганы. 

<...> 

Акыры мен үйүмө кайтып барсам көп өтпөй, босогодон тосту го согуш үрүп дөбөттөй: троян атын кайрадан мага сунуп сыр кылды, көпкөн күйөө балдарга салып кызыл кыргынды, чалдым канча курмандык, дагы алынар кун барбы? Ачка болуп түбөлүк, кан күсөгөн согуштун бийлигинин алдында адам чиркей турбайбы.