Окуучу
...Та-та-та-та-та-та-та-та-та-та-та-та.
Өткөн кезден эмне билет деги өзү?
Эсте анын кежир, тентек мүнөзү.
Кежир бала: «Шок аңгеме. Бальзак» деп
окуган соң ойлуу жазат «казак» деп.
Тескери окуса да бузулбай маанисинен,
мындай сөздөр жагат ага негизинен.
Үчүнчү сөз көркөм эмес, жупуну,
ошентсе да толуп ага купулу,
окуучу жаза салат доскага:
«каалайм сага жылмаюу» деп,
класс ичи кыраан-каткы жыргалы көп.
Бул тамырлаш классташтары
Коркушпайт чапкычакты баштан ары,
бейкапар алар — жумушка тер төгүшмөйүн,
баш ооруну, өлүмдү бир көрүшмөйүн.
Тентек бала сүйбөй Совет бийлигин,
чоң курсактуу Левиафанга жарандар
жем болот деп күйдү тим.
Сырын айтат ишенген бир досуна:
«Билесиңби, неге биз
бул өлкөнү сезбей жашап келебиз?
Ушуга эле ыраазы бол дегенсип,
болбогон бир нерселерди жасашат,
кеттик, балким, Кытайдан да аша чаап».
Кежир болчу, жанга айланды жадатма,
Досторунан ажырады заматта.
Эч ким анын аркасынан жолдобойт,
кыйын кезде колдобойт да, коргобойт.
Кирешелүү болду эми, мурда жүрсө кежирче.
Турмуш ушул. Эгер дырдай чечинсе,
аны тике караш кыйын жашыбай,
үмүтү жок секс мынча ачуудай.
Сасык оозун желмогуз ачып турат бу,
андан чыгуу — акылга сыйбас сыяктуу,
андыктан бул окуучуга мурдагы
эркиндикти, пайданы да сунбады.
Та-та-та-та-та-та-та-та-та-та-та-та,
Дүлөй болбой, сөз айтууга жараса,
Шашылып биз бүтүм кылбай туралы.
Балким мындан бир жолун таап чыгабы?
Өткөн кезден эмне билет деги өзү?
Эсте анын кежир, тентек мүнөзү.
Кежир бала: «Шок аңгеме. Бальзак» деп
окуган соң ойлуу жазат «казак» деп.
Тескери окуса да бузулбай маанисинен,
мындай сөздөр жагат ага негизинен.
Үчүнчү сөз көркөм эмес, жупуну,
ошентсе да толуп ага купулу,
окуучу жаза салат доскага:
«каалайм сага жылмаюу» деп,
класс ичи кыраан-каткы жыргалы көп.
Бул тамырлаш классташтары
Коркушпайт чапкычакты баштан ары,
бейкапар алар — жумушка тер төгүшмөйүн,
баш ооруну, өлүмдү бир көрүшмөйүн.
Тентек бала сүйбөй Совет бийлигин,
чоң курсактуу Левиафанга жарандар
жем болот деп күйдү тим.
Сырын айтат ишенген бир досуна:
«Билесиңби, неге биз
бул өлкөнү сезбей жашап келебиз?
Ушуга эле ыраазы бол дегенсип,
болбогон бир нерселерди жасашат,
кеттик, балким, Кытайдан да аша чаап».
Кежир болчу, жанга айланды жадатма,
Досторунан ажырады заматта.
Эч ким анын аркасынан жолдобойт,
кыйын кезде колдобойт да, коргобойт.
Кирешелүү болду эми, мурда жүрсө кежирче.
Турмуш ушул. Эгер дырдай чечинсе,
аны тике караш кыйын жашыбай,
үмүтү жок секс мынча ачуудай.
Сасык оозун желмогуз ачып турат бу,
андан чыгуу — акылга сыйбас сыяктуу,
андыктан бул окуучуга мурдагы
эркиндикти, пайданы да сунбады.
Та-та-та-та-та-та-та-та-та-та-та-та,
Дүлөй болбой, сөз айтууга жараса,
Шашылып биз бүтүм кылбай туралы.
Балким мындан бир жолун таап чыгабы?





