Голландиялык
(«Москва жомоктору» китебинен)
Биринчи жолу ал түнкү он бирлер ченде (протоколдо мындай деп жазылган эле: «Түнкү саат 23:00дөрдө...») Кутузов проспектисинен байкалган.
Январь айы болчу, сутканын ушул учуруна мүнөздүү бош калгансыган өкмөттүк жолдо бир гана кар тозоңу жойлоп, кээде эле бул жол менен шаар четиндеги айтылуу кыштактарды карай сейрек маркалуу, ошого жараша кымбат баалуу автоунаалардын түрлөрү учуп өтпөсө, азыр бул трафик (кечирип койгула, башка орусчараак сөз издегенден эринип турам, бирок бул деле орус сөзү болуп калды го?) ишсиз калгансыды, алардан башка үстүндөгү жүгү кыйшайта үйүлгөн бир гана төрт жүз он экинчи «Москвич» кирдеген фарасын уйкулуу түрдө «ирмегилеп», суукта калчылдагансыган кежир жүрүшүнө сал каяккадыр кылдырап өттү. Ал эми борборду карай эч ким деле өтпөдү, бир гана коркок коёндой болгон жалгыз «Газель» оң жаккы катарга булт эте чыга калып, дээрлик байкалбастан кайра караңгы көчөгө кирип, өзүнүн майда-дүң иштери менен көздөн кайым болду.
Дал ушундан баары башталды.
Анча көп эмес убакыттан соң бул туштан болчу кырсыктын каарманы (же болуп өтчү кокустуктун десекпи?) облус тарапты карай ылдамдык чектөөлөрүн жана бир катар жол эрежелерин бузган бойдон четки сол катар менен, тагыраак айтканда, сол катар менен да эмес, кошумча тилке менен жарыгын жандырып өчүргөн бойдон унаасын учура айдап, мас абалында, бул аз келгенсип наркотикалык заттын терең таасири астында өтөт, бул абалына жараша ал баарына кол шилтеп салат... Кыскасы, мында көп сөздүн кереги жок, ансыз деле баары түшүнүктүү болуп калды. Айдоочунун аты-жөнү Абстулханов Руслан Иванович болчу. Анын жапон өндүрүшүнөн чыккан жолтандабасын (джип) эмне үчүн мындай чоң ылдамдыкта, ошондо да бардык эрежелерди бузуп, туура эмес айдап кетип баратканын бир гана эң бир кудуреттүү, бүткүл ааламды башкарган Алла билеттир, ал дагы бул окуя небак өткөндүктөн, анын үстүнө мындай маалыматтар ошол кезде ага тынымсыз да, ченемсиз да көп келип тургандыктан азыр унутса керек...
Достору жана укук коргоо органдарынын кызматчылары оозго оңой келиши үчүн жөн гана Абстул деп атаган Абстулханов Руслан түнкү клубда (бул анын жакын досу, депутат жана келечектүү жаш жигит Володич Трофимерге тиешелүү жай... Ал эми Володич жөнүндө кийин сөз кыларбыз...) эмне үчүн виски ичип, кокаин жыттаганып, бул аз келгенсип Алла таптакыр тыюу салса да, акырында шампан менен артынан кубалатканын ким билет? Болуптур, вискини ал жакшы көрөрү бизге белгилүү дечи, кокос болсо бул күнү чындап эле сапаттуу болчу, ал эми шампанчы, ал француздардын таза шампаны болчу, мындай ичимдик клуб турмак дүкөндө оңой бааны чапчыбайт. Бирок, эмнеге жолго чыгарда дейм да?! Билбеймин. Тагыраак айтсам, билип тургансыйм, бирок түшүндүрө албай жаткандаймын. Билсеңер, ага боло берет. Кимге? Абстулга да! Анан дагы шаардын негизги жолу менен мас болуп айдаса болобу деп сурап коёсуңар да. Эгер негизги жол бош болсо эмне кылат? Анан саатына ал жүз алтымышты басса, кошумча жарыгын өчүрүп-жандырып алса жарашат. Анткени сен үчүн эмес, ага жана анын досторунун жыргалы үчүн жашоо туураланган, ыңгайлаштырылган. Эмне суракка аласыңар жабышып эле, чын сөзүм эй! Анан баарыбыздын бир Аллабыздын, мындай айтканда, жөн эле Кудайыбыздын буга таптакыр тиешеси жок. Абстул каалады — ичти, ал тургай жыттады, Володичка тартуулаган сулууларды кучактады, дагы каалады — жолтандабасына отурду да жөнөп кетти. А эгер силер эч качан рулга ичип алып отурбасаңар, кокаинди кинодон гана көрсөңөр, анда туура кыласыңар, силерге мунун кереги жок, тынчтангыла.
Ооба.
Демек уланталы.
Жолтандабас негизги жолдо зуулдап баратты, Маскөөнүн жапырт жанган түнкү оттору туш-тараптан, ал тургай жолдун үстүнөн да жаркырап турду. Ал эми биздин байкуш Руслан жол огун ишенимдүү кармап (баа берип коёлу ага), бирде үргүлөп, кайра ойгонуп, кайда баратканын эстеп, кайра үргүлөп кетип аткан. Ал эми зор унаа өз алдынча зымырап бараткан...
Бир маалда эле Абстул өзү жалгыз баратпаганын сезе калды, кандайдыр көзчөдөн кимдир бирөө өзүнө байкоо салып бараткансыды.
Биринчи Абстул оң жакка көз жүгүрттү — эч ким жок, жүргүнчүнүн кара булгаары капталган орундугу бош экен, андан нары эшик, караңгылатылган айнек, андан ары бош көчө.
Мындан соң Абстул солго көз жүгүртө берип, аны көрдү.
Анын мингени баарына жарай бере турган (универсал) унаа экен, адатта мындай машиналарды биздин авто сүйүүчүлөр «сарай» деп коюшат, Европада болсо чоң үй-бүлөлүү кишилер жактырышат, ал эми бизде негизинен көбүнчө юридикалык жекелик катары катталбаган ишкерлер, башкача айтканда, алиги базарларда ар кандай буюм-тайымдар менен соода кылгандар товар салып жүрүүгө абдан ыңгайлуу болгондуктан минишет. Бул өзү Германияда чыгарылбай калгандан кеминде он жылдай өткөн соң Орусияда элге эң көп жайылган автоунаа.
«Тыңдыгын кара, — деп ойлоду Абстул, — мен жүз алтымыш менен баратам, бул дагы жүз алтымыш менен баратат, мен эки тилкени бөлүүчү жолдо баратам, бул каршылаш жолдо катуу келатат, кантип ушул топорлордун «сарайы» жүз алтымышты басты, эмне үчүн менттерден коркпойт, алдыдагы аркадан бул тоңкулдак кантип буйтап өтөт? Аркага азыр бир эле чакырым калды, ал тургай андан да аз, кашайгырдыкы десе!»
Башкача айтсак, ал албетте, мындай ойлонгон жок, жөн гана: «Мына сага!» — деп ичинен сүйлөндү, бул дагы так эмес, а мындай... Айтор, бул жерде анын азыр эмне деген-койгонун тактап отурчу кез эмес, анткени Триумфальныйдын калдайган карааны абдан жакын калган.
Рулду бекем кармаган Абстул ошол замат оңго — мыйзамдуу катарына кетти, анан эстеликтен өтө берип, сол күзгүдөн америка киносундагыдай тоңкочук атуунун көрүнүшүн, резинанын чайкылдагын, темирдин катуу карсылдап урунганы угулушун күттү. Бирок эч нерсени көрө да, уга да албады. Артта караңгы жана бош көчө аңгырап, бир гана рекламалар карайган асманда күңүрт жалтылдоодо, ал эми кулакка болсо бул жолтандабаста дайыма ырдап турчу жакшы радионун көңүл эргиткен ыры жетүүдө. Абстул толугу менен сергектениш үчүн башын акырын чайкап алды, бир аз асталады, анткени саамдан соң Рублевкадан бурулушу керек, ал эми дагы жарым сааттан кийин үйүнүн алдына тормоздойт, же ооз көнгөндөй айтсак, коттеджинин алдына токтойт. Анын дээрлик курулуп бүтүп калган биринчи кабатында Абстулхановдор жашап жатышат, ал эми жайга жакын бригада баарын куруп бүтүргөндө Руслан Ивановичтин башка бул чоң жолдун боюндагы өлчөм боюнча улуу урматтуу дегидей кошуналардыкынан кем эмес тамы болот. Ошондо гана бир туугандарын алып келип, точкаларды кармоого сайып, өзү болсо кандайдыр тынчыраак жерге барат, мисалы, Володичканын клубу сыяктуу жайга, андан соң...
Аңгыча ал баш бурбастан дароо эле алиги каргыш алган «сарайды» көрбөспү. Эми бул дат баскан шалдыркан оң жакта тең тайлаш жарышып, «бортко борт» дегидей жанашып, бурулуш алдындагы катарлаштыкты алмаштырууга тоскоол болуп келатыптыр. «Мына эмесе, — деп ойлонду кайрадан Абстул болжолдуу түрдө, — мен жүз кырк менен келатам, бул дагы жүз кырк менен, иттики десе, дегеле оң жакка кантип чыга калды бул?!»
Бул суроосуна жоопту ал мурдагысындай эле таба алган жок, таба да алмак эмес, анткени кийинки ирмемдерде төмөндө биз сүрөттөп айтып бере турган көрүнүштү көрүп, эс учун жоготту.
Ылдамдыгын азга да азайтпастан, жолтандабастын оң жагында учуп келаткан «универсалдын» салонунан аңгыча ага мүнөздүү үлдүрөгөн лампочка эмес, капыстан зениттик прожектор жандырылгансып жарк эте чаңкайган көгүш өңдөгү жарык күйдү. Мындан улам салондогу каргыш алган унаанын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү даана көрүндү. Алардын баары кадимкидей эле кийинишиптир: кара өңдөгү кайыш куртка, ушундай эле түстөгү жиптен токулган топу. Бирок куртканын жакасы менен топулардын алдынан азыртадан баштап психикалык ооруга чалдыккан Р. И. Абстулханов сакал-мурутун модалуу серптирген, кабагын карыш сала түнөргөн, өзү коркунучту көбүрөөк күткөн түпкү улуттун өкүлдөрүн да; оор атлетика менен машыгып, бука моюн, бултугуй жаак өзү кезигүүнү эч каалабаган жигиттердин сүрдүү болгону менен түшүнүктүү жүздөрүн да көрө албады; ичип-чегип алган бозойлордун купкуу тарткан ойсуз, жагымсыз, бирок коркунучсуз өңдөрүн да; ал тургай өкмөттүк тоноочулар, уятсыз кызматкерлер болуп саналган менттердин чоң акчага чыгым болоруңду гана каңкуулаган кебетесин да көзү чалбады... Жок, жок, байкуш Абстул бул сыяктуу эч нерсени көрбөдү.
Көгүлтүр от жаркырай жанган машинада күрөңүнөн келген баш сөөктөр ийрейген тиштерин ырсайтып, кайыш жеңден куураган сөөктөрдөн куралган билектер акшыя чыгып, баранкада арбая-тарбая жылтыраган жылаңач манжалар оролуп туруптур.
«Мен буларга азыр көргөзөм!» — деген маңыроо ой башына келери менен Абстул узун тумшук италия батинкенин таманы менен газды басып калды эле, күчтүү мотор күркүрөй түшүп, алып учканда айдоочулук тажрыйба аны калдаңдатпай эптүүлүк менен башкарып, жолтандабас дароо алдыга атырылды. Оңдогу, солдогу жана үстүдөгү күзгүдөн кара боштук оңурайды. «Көрүңөргө куладыңарбы, түрү сууктар!» — деп бул жолу толук акыл-эстүүлүк менен сүйлөнүп алган Абстул үнүнүн бардыгынча каткырды эле, жолтандабастын эшик-терезелери бекем жабылып турса да, бул жапайы күлкү бүт көчө боюнча жаңырды.
1
Акылдан азган неменин каткырыгы өзүмчүлдүгү жана жогорку бедели негизинен жапжаңы ак алкактуу терезелеринен, телевизиондук тарелкаларынан көрүнгөн, биздин коомдо элиталардын алмашуусу жүргөнүн күбөлөндүргөн курулуштардын, кымбат товар саткан дүкөндөрдүн, кытай-жапон тамактары менен тоюттандырган кымбат ресторандардын үстүнөн жаңырган бойдон учуп өттү. Мындай ресторандардын биринен бир кезде Абстул автоматтык аткылоого кабылган болчу. Бактысына жараша анда түркүккө тийген октон ыргыган чамындыга чекесин тилдирип алганы болбосо, бүт денеси бүтүн, алты саны аман чыккан. Ал деле ушул асман тиреген Москванын бийик үйлөрүнүн үстүнөн, түнкүсүн көрүнбөгүдөй карарган, күндүзү күмүш түстөнө уюлгуган, таңда жана күн батканда алтын өңдүү албырган булуттар учуп өткөн жерге бир кезде жаны жетип токтоорун, төмөн карап, дене баккан тиричиликтин убаракерчилигинде далбастаган пенделерге көз саларын, анан баарына түкүрүп, түбөлүккө каяккадыр жогору жактарга, сейректенген катмарларга сиңип кетерин сезгенсичү... Азыр болсо Кутузовскийдин уктай элек көптөгөн тургундары: шарап менен кечки тамакты ичип отургандар; сыналгынын берүүлөрүнө берилип алгандар; ынактарынын жагымдуу чөйрөсүндө аңгеменин кызыгына баткандар; сүйүүнүн баш бербеген кумарына алдыргандар, дегеле, бул жапайы каткырыкты уккандардын баары муну кайсы бир клубдагы тапан диджей күлкүгө салган элдин дубалдар аркылуу өтүп келген каткырыгы катары көрүштү, ал эми уктап жаткандар болсо муну ары жок түш катары сезишти.
Ал эми Руслан бул учурда Рублевкадан бурулуп, МКАДды карай түптүз кирип бараткан, оозго тамеки салганга үлгүрүп, ачуу түтүндөн сол көзүн жумуп, баш чайкап, шалп-шулп тамшанып, азыр эле өзү майда бөлүктөргө бөлүнүп, сиңип кете жаздаган мейкиндиктен байкуш башын чулгуй тартып чыгып келе жаткан. Эгер ушуну менен баары бүтүп калса, балким адаттагы баш жазууну талап кылган оорудан башка ага бүгүнкү түндүн эч кандай кесепети тиймек эмес.
Бирок күтүлгөндөй эле желмогуздуу экипаж кайрадан пайда болду. Эгер биз ошол каргашага дуушар болгон жолтандабаста болсок, эмне кылат элек, элестетип эле көр... Оо Кудай, Кудай, ыйык күчтөр биз менен, куткар жана сакта!
Шайтандуу автоунаа эми так ушундай болушу зарылдан бетер алдыда баратты. Токсонунчу жылдарда чыккан «Пассат» жапжаңы «Ленд-крузерден» жүз элүү кадамча озуп өтөт деген эмне!
Анан кайрадан арбактар түшкөн унаанын ичи көпкө күйгөн чагылган сымал жарк этип жанып, артта отурган алардын экөө эки терезеден бел кырчоосуна чейин чыгып, куу баштарын моюнунда ашык-машыгы бардан бетер жүз сексен градуска буруп, мазактуу жылмаюусун тиштерин ырсайта көрсөтүшүп, Абстулга түбү жок жеркуй сымал чоң кара көздөрүн кадашты. Алардын бири колунун куу сөөктөрүн «кана жигит, баспайсыңбы, эмне кыбырайсың!» деген белгини бергендей жаңдады...
Күчтүү буттун алдындагы унаанын «ооздугу» пол менен теңеле түшкөндө, учуп жөнөгөн жол тандабас өлүм машинесинен озуп өткөндө 1978-жылы Нальчик шаарында туулган Абстулханов Р. Инин акыркы байкаганы каргашалуу унаанын багажнигиндеги сөлпүсүнөн келген наклейкадагы NL деген чет элдик белги болду. Бул жазуу «Нидерланддар» деген, башкача айтканда «Голландия» дегенди билдирген жазуу болчу, ал Абстулга тааныш болбогону менен көптөргө белгилүү эле.
Андан ары эмне болду? Белгилүү болгондой, жолтандабас ылдамдыгын азайтпастан барып, жөө адамдар өткөн жер алдындагы өткөөлдүн түркүгүнө урунуп, бул тирөөчтүн бир бөлүгүн уратып, мындай каргашанын кесепетинен жапжаңы «джип» чокмороктошкон темир сыныгына айланды да калды. Буга чейин эле тирүү калбасын биз боолгологон Абстулхановдон башка курмандык болгон жок. Мас абалында руль башкарган ал Рублевск жолунун ушул бөлүгүндө тыюу салынган ылдамдыктан ашыра айдап, унааны башкара албай калып, окуя болгон жерде көз жумду. Куткаруучулар атайын техниканын жардамы менен анын денесин унаасынан бөлүп алышты. Бирок алар дагы, жол коопсуздугун сактоочу органдын кызматкерлери да кырсыктын курмандыгынын жүрөгүнө кадалып, сол далысынан жарып чыгып, кайыш жөлөнгүчкө сайылып калган нерсенин «Лендкрузер» маркасындагы жолтандабастын кайсы бөлүгүнөн чыкканын биле албай коюшту. Жаш натуралист кармаган көпөлөгүн катырыш үчүн ийне менен тактайчага тирүүлөй кадагансыган бул көрүнүшкө күбө болгондор жабырлануучуну мүрт кетирген узундугу бир метрдей келген, дарак аттуунун кайсы түрүнөн жасалганы белгисиз жыгачтын бир учуна карышка жеткидей үч бурчтуу темир кадалыптыр, экинчи жагында кандайдыр чымчыктын кыскасынан келген канаты тагылыптыр. Мындан улам гаишниктердин бири бул буюм менен маркум кырсыкка чейин эле өлтүрүлгөнүн болжоп, аварияны кылмыш изин жашырыш үчүн кимдир бирөө жасаганы көз көрүнөө болуп калганын айтып, опер топту чакырыш керектигин сунуштады эле, жетекчиси тарабынан мындайча каккы жеди: «Эй сен, бул жерде болбогон иш менен шугулданганыңды кой. Муну жапайылар жалпайтты дейсиңби? Бери бер алдагы жебени, кемпай, анан иш менен алектен, жанагы топор эвакуаторду чакыр, эртерээк келсин, болбосо таң аткыча ушул жерде күйгүлтүккө түшөбүз, анан эртең менен кортеждер шаарга жөнөгөндө бул «Формула-1ди» көрүшсө оңой токмок жебейбиз. Түшүндүңбү, жокпу?» Ушинтип ал караңгылыктан атылган жебени алып койгондуктан, ал неме эч бир документте катталган жок.
Ал эми Москва шаарынын айланма жолу менен Рублевский шоссесинин кесилишинде күзөттө турган Жол коопсуздук кызматынын нөөмөткери, милициянын улук лейтенанты Профосов Н. П. ошол эле түнү, кеминде он бирден он беш мүнөт өткөндө катуу ылдамдыкта келе жаткан «Фольксваген пассат-вариант» маркасындагы автоунааны көрдү. Тартип бузуучунун мамлекеттик номерин инспектор каттап кала алган жок, анткени катуу келатканына жараша автоунаанын ичинде көгүш түстөгү күчтүү жарык жандырылуу болгондуктан көзү уялып жакшы карай албады. Бирок ошол жарыкка толгон автоунаада эч кандай жан адам жок бош экенин, ал тургай айдоочу да жоктугун байкай алды. Улук лейтенант өкмөттүк трассада көп тургандыгынан улам адат болгон кыймылы менен бул унаага чест бермекчи болуп барып токтоло калып, кайра эсине келип, кышкы калың курткасынын жеңинен колун чыгара калып чокунуп жиберди. Бош автоунаа Раздоров жана Жуков жакты карай кетти, бирок беш мүнөттөн кийин от өчүп-күйүп жаткан ошол жактан коондун чоңдугундагы оттуу шар тездик менен берилей жылып келди. Коля бул кубулушту жакшылап караш үчүн эңкейе берип, чокусунда жөргөмүштүн желесиндей жаракалары бар, чоң-чоң тиштеринин бири алтындан салынгандай жаркыраган, мурдунун ордунда үч чарчы тешиги, тегерек көздөрү табышмактуу чуңкурланган баш сөөктү көрдү. Милийса бир азга эңкейген бойдон туруп, акырындан оюн топтоп өзүнө келгиче болбой түндүк-батыш тараптан адамдын арбайган-тарбайган кол сөөгү учуп жетип келип, аны так желкеге берип калды. Бул соккудан улам ал мурду менен кар сүзгөн бойдон кулап түшүп, төрт аяктап жарым мүнөтчө турган соң акырын капталына жыгылып, түйүлдүк сымал бүрүшүп жатып калды. Ал эми баш сөөк менен тарбайган кол сөөктөр бир заматта быркырап, көздөн кайым жоголду.
Бул адамдын тагдыры кийин эмне болгону белгисиз. Анткени ал бул окуяны айтып бергенде жолдошторунун бири да ишенген эмес, муну көтөрө албаган ал органдан бошоп кеткен болчу, эми ал каякка орношуп, кантип жашап жатканын эч ким так билбейт. Ошентсе да кээ бир айлуу түндөрдө Профосовдун башынан бул окуя өткөн жерге ала таягынын ордуна адамдын кол жилигин көтөргөн, өзүнөн кандайдыр көгүш нур чыгарган гаишник келип жүргөнү айың болуп айтылып жүрөт. Бул эми апыртыла айтылган сөз дечи. Мындай тартип катуу кармалган өзгөчө трассаларга ушундай гаишниктердин турушуна ким жооп берет экен.
Ал эми жанагы каргашалуу «Пассатты» ошондон кийин көптөр ар кайсы жерден көп эле жолу көргөнүнөн эч кандай күмөн жок. Кээ бирлер андан тирүү да калышыптыр, андыктан бул уккандарыбыз бизге маркум Руслан Абстулхановдун өлөр алдындагы ойлору менен сезимдерин айтып берген көркөм фантазиясы күчтүүлөрдү кыйгап өтүп, чыныгы күбөлөр аркылуу жетип атат.
Мисалы, бир жолу июль айынын серүүн тарткан таза таңдарынын биринде түнкү жамгырдан кийин тоборсуй түшкөн Ленинград проспектиси менен жанагы коркунучтуу автоунаа абдан жай жылып келатканын көрүшүптүр.
Бул учурда өзүнүн укмуштай тыгындары менен атагы чыккан, таң алдында гана бошогон Москванын даңгылы менен «Пежо-206» маркасындагы автоунаада татынакай айым да келе жатыптыр. Анын аты-жөнү азыр деле Олеся Грунт. Грунт негизинен биринчи күйөөсүнөн алган фамилиясы. Ал эми кыз кезиндегиси Теребилко. Мындан алты жылдай мурда ал борборго курорт шаар Феодосиядан жер которуп келген. Бир топ убакытка чейин каттоосу жоктугунан турак-жай жана жумуш жагынан кыйналган. Түнкү клубдарда эптеп курсак тойгузуп, (өзүнүн айтуусу боюнча ал Володичка Трофимердин түнкү клубунда да болуптур. Муну мен эми дүйнөнүн тардыгын жана белгилүү тааныштардын арбындыгын эстетип коюш үчүн айтып жатам), базарлардан кийинип эптеп жан багып жүргөн. Бирок көп өтпөй жаш финансист Борис Матвеевич Грунт менен таанышып калат. Так ошол учурда бул жигит институттун жаштар комитетинин катчылыгынан миллионерликке секирип жаткан кези болчу. Ошентип көп өтпөй экөө үйлөнүшкөн. Бирок бир жарым жылдан кийин ажырашышты. Кудайга шүгүр, ортодо бала болгон жок. Грунт Ольгага фамилиясын, Усиевичтеги мурдагы маданият ишмерлеринин эки батири кошулуп оңдолгон жана жабдылган төрт бөлмөлүү батирин, табигый түрдө жөнөкөй угулган «Ольга Мирофановнанын ордуна «Олеся» деген модалуу атты жана анча-мынча акча калтырган. Боря өзү болсо өкмөттүк акчаны жегенинен азга тергөөдө жүрүп, сот алдында болуп, теле экрандан жылт этип өтүп, андан соң испан провинциясы Каталониядан орун алганы белгилүү болду. Ал жакта климат чынында эле сонун. Ал эми Олеся кайрадан түнкү клубдарга каттай баштады. Чынында бул жолу курсак тойгузуш үчүн эмес, көңүл ачыш үчүн барып жүрөт. Эркектер менен достордон ийгиликтүү анын «бойфренд» деген сөздү укканда кускусу келгени менен, андай заманбап жигиттерди жакшы эле пайдаланды. Андай достор кезектешип алмашып турду, тим эле бир ыргакка түшкөндөй орун бошоткон алардын ар бири Олесяга эстеликке жакшы нерселерди калтырып кетип жатышты. Кимдир бирөөсү караты аз болсо да абдан аземдүү көрүнгөн шакек калтырды, дагы башкасы кызгылтымынан келген модалуу түскө боёлгон шиншилле шуба белектеди, албетте кымбат, бирок кеп баасында деле эмес, жумшактыгы менен жылуулугунда да, ал эми бирөөсү популярдуу болуп жаткан төлөө системасынын платина картасын калтырды... Жашоонун ушундай өнүгүп бара жаткан ыргагында жогоруда биз сөзүбүзгө кошкон модалуу ачык жашыл түстөгү «Пежо-206ны» белектеген мырза ак сөөк айымдын жашоосуна кыска убакытка пайда болуп, ушу кымбат белеги менен эсте калды. Олеся ошол тагдыр чеччү таңда ушул унаасы менен жолдун боштугунан пайдаланып, качандыр бир алган айдоочулук билимин тажрыйба менен бышыктап коюш үчүн кыбыратып бараткан.
2
Дал ушул жерден Инфернонун* төрт дөңгөлөктүү чабарманы пайда болду.
Олеся ылдамдыкты чоңойтпостон, башкаруудан алаксыбастан, бүткүл дитин жолго таштап, аярлай жылып, саатына жыйырма чакырымдан жол басып, апакай колун баранкага айланта кармап, жай келатып, эрксизден сол жагына көз жүгүрттү. Караса унаасына катарлаша каралжын машина баратыптыр, албетте, ал анын маркасын биле алган жок, бирок бир байкаганы түпкү мекени Крымда «пикап» деп аталган, бай кошунасы балдарынан баштап тоокторуна (аларды сатыш үчүн алып жөнөгөндө торго камап артына салчу) чейин тыгып алып айдаган тааныш марка болчу, экинчиден бул унаанын бүткөн бою кырылып-сүрүлүп, түптөрү чирип, дат баскан эскилиги көңүлүн бурду, үчүнчүдөн, укмуштай сырдуу сезилген муну ого бетер сүрдүүсүнө тарттырып терезеси таптакыр капкара болчу, тимеле боёк менен боёлуп, сыр менен сырдалбай эле айнектери табигый түрдө ушундай жаралгандай экен.
«Мм, — деп ойлонду Олеся, — эмне деген машина?»
Ошол замат анын кызыгуусун кимдир бирөө биле калып, бул каалоосун кандыргысы келгенсип, желмогуздун сүрү бар сырдуу «Пассаттын» (албетте, ал ошол болчу) сүлүк кара айнеги ылдый шыпырылды.
Бул кыймылды көзүнүн кыйыгы менен кармаган Олеся кайрадан сол жакка карай салды да, мындан соң бир эле учурда дээрлик бир нече аракетке барды. Ольганы Москванын катаал жашоосу бышырганы менен, курбулары аны муздак жана кыраакы экенин көп айтышса да (азыр деле айтышат) азыркы кыймылынын баары анын чыныгы аял экенин билдиргендей болду. Баарынан мурда ал жөн гана сөз кошпостон «а-а-а!» деп ичке үнүнүн болушунча кыйкырып жиберди. Буга аралаш биринчи туш болгон педалды катуу тепти, мындан улам байкуш француз механикасы бир өкүрүп алып, кенгуруча алдыга секирди, бирок мотор өчкөндүктөн дароо токтоду, эми айдоочу айым коңшу педалга салмак таштады, башкача айтканда тормозду тепти. Анан, албетте, көзүн чылк жумду.
Анын көз алдында төмөн түшкөн айнектин ары жагынан таңдын агылжын-көгүш жарыгы түшкөн кадимки автоунаанын ички көрүнүшү байкалбастан, ал жакка бүт дүйнөнүн кара өңү толуп алгансып, караңгылыктын түпсүз мейкиндиги тартылган болчу. Айнектер кара болсо да кадимкидей жалтылдак эле, тозоктун түпсүздүгү анын ары жагында болчу. Анан жылып бараткан бул караңгылыктан баш баккан муруну жок куу баш тиштерин ырсайтып, боштук баткан оңурайган көздөрү менен Оля Теребилкону арбай карап алды.
Байкуш, байкуш аял ай! Өзүңөр элестетип көргүлөчү: таңдай эле таңда ажайып кооз айланага көз жүгүртүп, автоунаанын жоргосу менен Москванын борборунда баратып, он гүлүңдүн бири ачыла элек отуз жашыңда капысынан өлүм менен караңгылыкка жолукканыңды... Ох, Кудай сакта, жанымды ала көрбө!..
Олеся Грунт акыры көзүн ачканда Ленинград проспектиси бопбош, ачык да болчу, көрүмчү унаадан эч кандай из калбаптыр. Машинасы жол боюндагы цемент тосмону кыйгач сүзүп токтоп туруптур. Эмнегедир сигнализация чайылдап жатыптыр. Майда титиресе да колу рулга карышып калыптыр. Айланада жан аттуу жок экен.
Эми эмне дейбиз? Кокуйласаң кокуйла, ыйласаң ыйла, бирок баары бир эсиңе келүүң керек. Ал акыры сумкасындагы «акыр-чикирдин» арасынан телефонун эптеп таап чыгып, акыркы күчүн салып жатып ишенимдүү досуна чалганга жарады. Бир заматта «Ауди» жана «Гелендваген» сыяктуу күчтүү-күлүк унааларына досторун салып, денсакчыларын алып, толук бир кербен менен жетип келген, «Пежонун» эч жери эч нерсе болбосо да оңдоого жөнөткөн, ал эми анын ээсин бир саатка жетпей эң кымбат деген бейтапкананын мыкты психотерапевинин изилдөөсүнөн өткөргөн ага тиешелүү баасын бербесек болбойт. Дарыгер Олесяга кымбат дарыларды жазып, укалоо дайындады, ден соолугуна жалпы изилдөөлөрдү жүргүзүп, бир сыйра дарыланган соң швейцария тоолоруна жөнөттү. Андан соң Ольга тынчы жок арал Ибицага барып, ал жактан шапар тээп, чындап көңүлү ачылды, капыстан жолуккан шумдукту таптакыр эсинен чыгарды.
Борборго эч нерсе болбогонсуп күзүндө гана кайтып келди, эми бир гана жеке чач тарачы агарган чачтарын ай сайын карартып туруш үчүн анча-мынча гана убара тартат. Ал эми Ольгага кыйын учурда жардамга келген досу жөн гана кызыгуусу арткандыктан МАИдеги өз баканооздорунан ошол коркунучтуу окуя болгон күнкү жолдо болуп өткөн кырсыктарды, майда-чүйдө окуялардан бери сураштырып көрүп, ошол таңда Олеся эсине келип, өзүнө телефон чалгандан жети мүнөт өткөндөн кийин эч качан көз ирмебеген Жол көзөмөлдөө кызматынын бир патрулдук унаасынын жигиттери «Сокол» метросуна жакын жерден Ленинградский проспектисинин дал ортосу менен келаткан «Фольксваген пассат-вариант» машинасын көрүшкөн. Сагызгандай сак милийсаларды бул бир караганда зыяны жоктой болгон машина кандайдыр шектендиргендиктен артынан оңой эле кууп жетишкен. Анткени оор жүргөн эски машина саатына кырк чакырымдан ашпастан каалгый жылып, абдан жай кетип бараткан. Жол көзөмөлчүлөрү сол жактан келип теңеле берип, терезелери ачык каралжын «Пасаттын» салонуна көз жүгүртүп, ичи бош экенин көрүшкөн.
Олуттуу жана тажрыйбалуу жигиттер адаттан тыш көрүнүштөн өзүлөрүн жоготушпай, шумдуктуу да, коркунучтуу да ойлорго алдырышпай, акыл калчап көрүшүп, кандайдыр бир чала шопур жол боюна токтоткон машинесин ручникке койбостон от алдырган бойдон кайдадыр кирип кеткенде, анысы жол ылдыйышы менен жүрүп кете бергенин болжошуп, жолдун боштугу жакшы болгонун, болбосо дагы бирөөнүн унаасын какмактыгын айткыча, жолдон сейрек кезиккен машинелерге үн көтөргүч менен четке чыгуусуна буйрук берип, өзүлөрү таң калычтуу «Пасатты» коштоп баратышты. Дагы жыла түшүп, бирдемени барып сүзө элегинде токтотуунун амалын кылып, техникалык жүк ташуучу машинаны чакырып, аны алдына туурасынан коё калмай болушту. Анан убакытты бекерге кетирбестен өз байланыштары боюнча унаанын ээсин тактоону чечишти, бирок ушул жерден мунун эч кандай номур аттуусу жок экени белгилүү болду, арткы багажынын үстүндө гана NL деген чет эл тамгалары менен сөлпү түрүндө түшүрүлгөн наклейка бар экен. Бул жазуу балакеттүү машина бир кезде Голландияда катталгандыгынан башка эч нерсе билдирген жок.
Дал ушул жерден бул орой кызматкерлердин ичинен кара көтөн тартып тандалгансып, эң эле маданияттуурагы, ал тургай кечки юридикалык окуу жайдын студентине окшогон сыпайыраагы тагдыр чечер сөздү айтпаспы:
«Ах, тажаткан голландиялык!»
Ошол замат сыйкырлангандай болгон «Пассат» көз көрүнөө жоголуп кетпеспи. Анын ордуна каралжын кум үймөкчөсү калып, аны дагы бир ирмемден кийин шамал ар кайсы жакка үйлөп жок кылып жиберди.
Патрулдук машина сыяктуу эле анын экипажы да көздөн кайым жоголду, дале болсо ага издөө салынууда.
Ал тургай Олеся Грунттун досу да жоголду, кебетеси Англияга журт которуп, Лондондун Хайгейт районунан татынакай үй алып, анда үй-бүлөсү, достору менен жашап жатат, бирок бул киши ал жерде жок болушу мүмкүн.
Анан Олеся Грунттун өзү да эмнегедир небактан бери эч жерден көрүнө элек. Ал тургай бул айым кийинки жылдары өзү эч качан калтырбаган жогорку мода Жумалыгында да байкалбады. Жок, анын тагдыры үчүн достору эч кандай кооптонушкан жок, анда баары жайында сыяктуудай, бирок ал каякта?
Тиги каргыш алгыр (албетте аны биз каргабасак деле каргышка калган дечи) «Фольксваген» да эми жок.
Же барбы?
Шайтан билсинби.
Мына дагы окуя: Бир жолу белгилүү саясатчы N дачасына баратыптыр, анын аты-жөнүн атабай эле коёлу, ал ансыз деле бүткүл өлкөнүн оозу менен кулагында. Чынында аябай эле чоң саясатчы, силер аны көп жолу сыналгыдан көрүп-уккандыктан жакшы билет болушуңар керек. Ошентип ал Минск шоссеси менен дачасына бараткан. Анын жарым гектарды ээлеген жаман эмес дачасы бар: үйү үч кабат, камин, бассейн дегендей, дагы бирдемелери толтура. Мунун баары батыштын окуу жайларында окуган дарстары үчүн төлөнгөн акчага курулганынын далили бар, бул декларацияда да көрсөтүлгөн.
Ошентип ал дачасына бараткан, бирок жетпей калды. Анын бавария өндүрүшүнөн чыккан өкмөттүк машинасын каралжын өңдөгү мына-мына бөлүнүп кетчүдөй болгон шалдыркан «Универсал» кубалап өтүп, атайылап артын тоскондо бул катуу кагылышууда саясатчынын күнү бүткөнүн көргөндөр бар экен.
Дат баскан шалдырканга эмне болсо ошо болгондур, ал эми жаңы «БМВ» темирге тапшырылды.
Анан кандайдыр бир таң калычтуу жагдайдан улам «универсалдын» багажнигинин ыргыган капкагы N нын башын дээрлик кыйып кетиптир, элестетип көргүлө!
Ал эми бандиттик машинадан — айтып бергендердин сүрөттөшүнө караганда кадимки бизге тааныш «пассаттан» — жалаң куу сөөктөн турган арбактар түшүп келип, так эле кара жолдун үстүндө Орусиядагы эң белгилүү башты ары тепкилеп, бери тепкилеп футбол ойношуптур! Оми-ий эй, окуя болбосоң коё кал!
Кыскарта чапсак, бул жөөлүмөгө ишене албай турам. Ушундай кантип болсун эй! Ишембиде чак түштө, элдин баары дачасына агылган Минск шоссесинде?..
Башка жагынан карап көрсөк, N чын эле жоголуп кетти... Саясаттан кетти. Эми анын каякта экени, эмне кылып жүргөнү белгисиз. Кайсы бир директорлор кеңешинде болбосун, Висконсия штатында студенттерге демократиянын негиздери боюнча сабак берип жүрбөсүн?.. Ал эми кээ бирөөлөр узакка созулган саясий ишмерлиги учурунда жабыштырып алган иммундук жетишпестигин Израилде жатып алып дарылап жатканын, ал тургай айыга баштаганын саймедиреп жүрүшөт... Деги бу кишинин жоголуп кеткенинен башка эч нерсесине түшүнө албайсың.
Анан дагы бир окуяны айтпасак болбойт окшойт. Ар түрдүү жөндөмдүүлүктөрү боюнча Москвада абдан белгилүү Тимофей Болконский аттуу-жөндүү жаш жигит бар. Кайсы Болконскийлерден чыкканын ким билсин, балким Л. Толстойдун китебиндегилердин түз урпагыдыр, мүмкүн өз учурунда күркүрөп турган, далай өкмөттүк-партиялык сыйлыктарды алган сыймыктуу атанын өз алдынча бутка турган баласыдыр? Кыскасы, кайсы балкондон чыкканы белгисиз. Бирок Балконский болгону жөн жерден эмес...
Тимофей өзү клипмейкер, саясый технолог, ресторандарды кармоочу, тобокелчил спорттун чебери катары таанылды, ал тургай даңкталды. Буга жараша ал Альпынын адырларында лыжа тепти, Инди океанына башы менен сайылды, анан жөн гана мотоцикл менен үйдөн студияга, студиядан үйгө каттады. Анын абдан татынакай көп балалуу үй-бүлөсү бар, алардын ортосуна отуруп, үй тиричилигин баяндаган журналдар үчүн сүрөткө түшөт. Анан дагы анын чыныгы эркектик мамилелер байланыштырган назик жана жароокер досу бар, аны менен түшкөн сүрөттөрү башка журналдарга чыгат.
3
Кыскасы баары жакшы болчу.
Бирок Тимофейге да жол көрүмчүлөрүнөн жабыркоочу кез келди.
Ал күнү мотоцикли менен бараткан, тасырайта кырдырган башында жаңы идеялар, патриоттук жана заманбап ойлор аралаш эле, ал тургай өзү бийлеген ресторандардын осетр суши, фирмалык пицца, суткалык щи-пюре сыяктуу көптөгөн заманбап тамактардан турган менюсу кайнап бараткан.
Анан капысынан эле жандай салган унаадан куу сөөктөн турган арбак чыга калып, камырабай катуу кетип бараткан жигитке арбайган колу менен чап салып, бир заматта ээрден эңип, өзүнө тартып алып, журналдарга чыгып, рекламалык такталарга илинип, ал тургай электр трансформаторлоруна чейин чапталып бизге таанымал болуп калган, кыздыкынан бетер камкор багылган жүзүнө, тыкан серпкен тегерек сакалына, акылдуу көздөрүнө түкүрүп-түкүрүп туруп түртүп жиберди. Түкүргөндө да бул шүмшүк жөн түкүрүк менен шалпылдатса бир жөн, жүрөк айлантмак тургай жан чыгарчудай болгон өлүм какырыгын, ажал ириңин бүрккөндө байкуш Тимофейдин бети-башына, каш-кирпигине чейин балжырай жабышты. Мындайды кантип көтөрсө болот? Кантип?
Анткен менен Тимофей тирүү калды. Куу сөөктөгү кара күч серпий ыргытканда жол четине тоголонуп барып жатып калды. Байкаса тирүүдөй, колу-буту деле соо сыяктанат. Өйдө болуп, такырайган москванын газонунда отуруп, жеңи менен бети-башын сүрүндү. Мотоцикли болсо кара жолдон учкун чыгара капталына сүрүлгөн боюнча барып, катуу келаткан таштанды ташыган зор машинанын алдына кирип жок болуп кетти. Тимофей Болконский ордунан сендиректей туруп, бирде кайыш курткасынын жеңи менен, бирде арзан эмес көйнөнүн этеги менен, же жөн гана алаканы менен бети-башын сүрүнүп, алаканын кайра шымына аарчыса да кургана албай, же калбай ээрчиген жаман жыттан кутула албай башы оогон жакка жөнөдү.
Кете берди Тимофей, кете берди, бирок эч жакка жетпеди. Москвалык жердештери анын Исландияга журт которуп, ал жакта зороастризм менен шугулданып жүргөнүнө ишенгиси келгендери менен эч кандай факты болбогондуктан бул божомолго бекий алышпады. Болконский уюлдук телефондорун өчүргөнү, Тимофей менен бир гана досу байланыша алары, ал гамбургдагы бир мекемеге чалса, ал жактагылар чакырып берери жалгыз чындык катары белгилүү.
Дагы Москва шаарынын көчөлөрү менен Москва облусунун шосселеринен ар кандай убактарда ар түрдүү адамдар голландиялыкты кезиктиришти. Мындай коркунучтуу жолугушуудан кийин алар жоголуп кетишти.
Алардын арасында ишкерлер, жалпыга маалымдоо кызматынын адамдары, мамлекеттик жана федералдык мекемелердин кызматкерлери, кылмыш дүйнөсү менен күч түзүмдөрүнүн жигиттери, укук коргоочулар, коомдук ишмерлер, азыркы бийликти да, оппозицияны да колдоочулар, чет элдик байкоочулар, аскер адамдары, жалпы жарандык пенсионерлер, убактылуу иштебеген москвалыктар, мыйзамдуу да, мыйзамсыз да иштеп жүргөн чет элдиктер, аялдар, эркектер, мастар, соолор, баңгизаттын таасири алдында жүргөндөр, ВИЧ жуктуруп алгандар, жаштар, карылар, орто жаштагылар жана башкалар бар.
Болду жетишет, улантканга шай жок, орун да жетишпейт. Бирок төмөндөгү эки окуя бөлүп айтып кетүүгө татыктуу: Москванын алдында жайгашкан дивизиянын жөө аскерлери колдонгон согуштук машинанын жоголушу жана маршруттук таксинин айдоочусунун башынан өткөргөнү. Ошентсе да дароо эскертип айтып койгум келет: эки учурдагы окуяга тең алиги ач арбактардын катышканы күмөн туудурбай койбойт. БМПга келсек, анын бүткүл экипажы өзүлөрү кызмат кылган аскер бөлүгүнө аман-эсен бойдон, бирок мас болуп келгенине караганда аскер техникасына катуу кызыккан кимдир бирөөгө сатып жиберишкен же машыгуу учурунда сазга чөктүрүп алышкан. Ал эми маршруттук таксинин айдоочусу өзүнүн чөнтөгүн ойлоп, ошондой эле кожоюндун ижара акысын төлөштү көздөп, он төрт саат бою тынбай иштегендигинин кесепетинен рулда үргүлөп кетип, жолдон чыгып барып, аласалып кеткендей түрү бар. Кудайга шүгүр, ал учурда жүргүнчүлөр салондо жок болчу.
Ал эми эсине келгенде кайрылган колунан таап алган алтын тыйынга келсек, албетте бул ойлондура турган оокат, бирок башка тарабынан карап көрсөк, биздин жүргүнчүлөр кассага эмнелерди гана тыга беришпейт.
Болуптур эми, жалпысынан түшүнүктүү эле.
Мына асман мейкиндигин кара булут үйлөнгөн чаначтай болуп жаап келатат, аны тешип өткөн күндүн нурлары асмандан жерге чейинки алтын кылдай тартылды. Кудум алтын колдуу живописчинин унутулган сүрөтүндөгүдөй көрүнүш. Аңгыча шамал көтөрүлүп, айландыра соккондо ар түрдүү ыпыр-сыпыр кошо келди, жамгырдын алгачкы тамчысы тамгансыды, кардын алгачкы бүртүктөрү себилгенсиди же такыр эле эч нерсе болгон жокпу, булуттар байкалбастан эрип кетти, асман ак темир сымал жаркырады...
Албетте, дагы эле болсо шаарыбызда өз ордун ээлеген кара күчтөр бар, бирок кантип эле алардан кечке корко берели? Эми бирде оң күзгүдөн, бирде сол күзгүдөн кубаңдай көрүнүп, артыбыздан каралжын түстөгү «универсал» кууп жетсе жетер, кебетеси ал алиги эски «Пассат...»
Шайтан алсынчы аны.
Бул эмне эми, бул эмне деги?!.
* Инферно — чоң от, кара магия, тозок оту, фентези оюндарда жерден чыга калуу деген сыяк туу маанини билдирет



