Адабият мугалими

1-бөлүк. Эртең менен

Ар бир таңда, жылдыздардын жарыгы өчө электе Якоб Иванович Бах уйкудан ойгонуп, өрдөк тыбытынан кабылган калың жууркан алдында жатып, дүйнөнү тыңдай турган. Анын айланасында жана андан өйдө жакта өтүп жаткан чоочун турмуштун иретсиз үндөрү тынчтандырат. Чатырларда шамал сейил куруп, ал кышында оор, калың кар менен муздак шыбыргакка аралашып, жазында жеңил, ным менен асман энергиясынан дем алып, жайында араңжан, кургак, чаң жана мамык чөптүн уругу менен аралашкан шамал. Үйлөрүнүн босогосуна чыгышкан уйкулуу кожоюндарын көргөн иттер абалашып, суу ичүүгө бараткан мал өңгүрөйт. Дүйнө дем алып, чыртылдап, ышкырып, мөөрөп, туяктары менен жер солкулдатып, ар түркүн үн менен шыңгырап ырдап жатты.

Өз жашоосунун добуштары ушунчалык зеригээрлик жана таптакыр маанисиз болгондуктан Бах аларды айырмалап уга албай калган: жалпы үн агымынан бөлүп алып, жөн гана кулак сыртынан кетирди. Шамалдын эпкининен бөлмөдөгү жападан-жалгыз терезе титиреп, көптөн бери тазаланбаган мору кытырап, кайдандыр меш алдынан боз чычкан чыйылдайт. Болгон-бүткөн нерсе ушул.

Чоң жашоону угуу кызыктуураак болчу. Кээде, угуп жатып, Бах атүгүл өзү да бул дүйнөнүн бир бөлүгү экенин сезип, ал дагы астанага чыгып бул симфонияга кошула алмак: кайсы бир тамашалуу ырды ырдап же эшикти катуу жаап, болбоду дегенде жөн гана чүчкүрө алмак. Бирок Бах укканды артык көрдү.

Таңкы саат алтыда таза кийинип, таранып алган ал мектептин жанындагы коңгуроо мунарасынын алдында колуна чөнтөк саатын кармап турду. Эки жебе тең бир сызыкка туш келишин күтүп (саат алтыны, жебе он экини көрсөткөндө), күчүнүн барынча жипти тартты, мына ошондо коло коңгуроо жаңырып кетти. Бах көп жылдык көнүгүүлөрдөн кийин бул иште ушунчалык чебердикке жеткендиктен, коңгуроонун үнү мүнөттү көрсөткөн жебе циферблаттын эң жогорку чекитине тийгенде, секундага да кечикпестен жаңырчу. Көз ирмемден кийин кыштактагы ар бир адам коңгуроо үнүнө бурулуп, кыска дубасын шыбырай турган. Жаңы күн башталды...

2-бөлүк. Күндүзү

...Ар бири андан мурункусун эстетип, өзгөчөлүгү менен айырмаланбаган мугалимдик жылдарында Якоб Иванович бир эле сөздү айтууга жана ошол эле тапшырмаларды окуганга ушунчалык көнүп алгандыктан, ошол эле убакта оюнда өз денесинде экиге бөлүнүүнү үйрөндү: анын тили кезектеги грамматикалык эрежени кобурап, колу ага кысылган сызгыч менен ашыкча сүйлөөк баланын кежигесине нукуп, буттары денесин класста кафедрадан арткы дубалга, андан кийин артка, ары-бери алып жүрүп отурду. Ал эми өз үнү жана шашылбаган кадамдарга жараша башынын чайкалуусу менен алдейленген ою уйкусурап жатты.

Немис тили сабак учурунда Бахтын ою мурдагы тазалыгы менен сергектигин кайтарып алган жападан-жалгыз сабак боло турган. Окуучуларга кайсы бир нерсени айтуу сунушталып, Бах угуп которот: кыска диалектилик сөз айкалыштарын немис адабий тилинин көркөм сүйлөмдөрүнө айлантат. Сүйлөм артынан сүйлөм, сөз артынан сөз кудум калың карда кайдадыр баратышкансып, шашпай изме-из жылышат. Якоб Иванович алиппе жана жат жазуу менен алектенгенди сүйчү эмес жана маектерди аяктап, сабакты поэтикалык бөлүгүнө шаштыра турган: ырлар үрпөйгөн жаш баштарга мончо күнүндө чөмүчтөн куюлгандай куюлчу.

Бахты поэзияга деген сүйүү жаштыгында күйгүзгөн. Анда өзү картөшкө шорпосу жана туздалган капуста менен эмес эле, болгону балладалар жана гимндер менен азыктанып жаткандай туюлган. Алар менен тегерегиндегилердин баарын тоюнтчудай сезилген, ошондуктан мугалим болуп калды. Бах алиге чейин, сабакта сүйүктүү саптарын айтып жатканда дагын деле көкүрөгүндөгү салкын ыракаттанууну сезет.

Балдар устатынын ышкысын түшүнбөйт: адатта, алардын тентек же ойго баткан жүздөрү ыр саптарынын биринчисинен баштап эле уйкусураган абалга келет. Немис романтизми класска уйкунун дарысынан жакшыраак таасир этет. Ыр окууну тентек аудиторияны тынчтандыруу үчүн адаттагы кыйкырыктар менен сызгычтын соккусунун ордуна пайдаланса болчудай...

3-бөлүм. Кечкисин

...Бах мектептин тепкичинен түшүп, аянтта, терезелеринин жогору жагы кууш тартып ичкерген сыйынуучу чоң залы жана курч учталган карандаш сыяктуу мунарасы бар заңгыраган чоң чиркөөгө келди. Асман көк, мөмөдөй кызыл жана жүгөрүдөй сары алкактары бар тыпыйган жыгач үйлөрдүн; сүрүп жылмаланган тосмолордун; суу ташкынын күтүп оодарылып коюлган кайыктардын; четин бадалдары өскөн бакчалардын жанынан өтүп баратты. Өтүгү менен карды катуу кычыратып же жазда бут кийимин балчыкка былчылдатып ылдам баса турган. Аны көрүп туруп, анын сөзсүз бүгүн бүтүрө турган шашылыш иштери бар деп ойлоого болор эле...

Мугалимдин келатканын байкаган жолунан бошоткондор кээде аны атынан айтып чакырышып, чүрпөлөрүнүн мектептеги ийгиликтери тууралуу сураша турган. Бирок ал тез баскандан энтигип, көңүлсүнбөй, кыска жооп берчү, убактысы аз болчу. Далил ордуна чөнтөгүнөн саатын алып чыгып, аларга сүрдүү тиктеп башын чайкап, андан ары чуркап кетет. Кайда чуркап баратканын Бах өзү да түшүндүрүп бере албас эле.

Айтып коюш керек, анын шашканынын дагы бир себеби болчу: Якоб Иванович адамдар менен сүйлөшүп жатканда кекечтенип кетчү. Анын тили сабакта бир калыпта жана жаңылбай немис адабий тилинин татаал сөздөрүн такалбастан айтып, аягына чыкканга чейин кээ бир окуучу башын унутуп калгандай сүйлөп машыккан тил. Мына ошол тил Бах айылдаштары менен сүйлөшүп жатканда капысынан буулуп калат. Мисалы «Фаусттан» үзүндү окуганды тил каалап турат; ал эми кошунасын: «А сиздин тентегиңиз бүгүн дагы өнөрүн көрсөттү!» деп айтууну таптакыр каалабай, таңдайына жабышып, бышпай калган чүчпара сыяктуу тиштеринин арасына кирип кетет.

Бахка жылдардын өтүшү менен кекечтенүүсү күчөгөндөй сезилип, бирок муну текшерүү кыйынга турду: адамдар менен улам азыраак сүйлөшчү болду... Анда жашоонун өзүнөн башканын баары бар, жайбаракат, түккө турбаган кубанычтар менен арзыбаган тынчсызданууларга толгон, кайсы бир мааниде, атүгүл, бактылуу жашоо мына ушинтип өтүп жатты.

Другие произведения автора

2 произведения