Түндүктөн суук уруп ыйлаган...
* * *
Түндүктөн суук уруп ыйлаган,
муз алды сенейген арыктар,
кайрадан шаар үстү кыйраган
сүзүүдө түрүлүп булуттар.
Сүзүүдө байыркы борбордун,
үстүнөн Кремль үйүнүн,
ээн калган айлынын орустун,
үстүнөн чаалыккан өлкөнүн.
Көгүлтүр мейкиндик болуп тар,
көңүл кош асманда түбү жок,
из салат апапак булуттар,
көрүнбөс тоолордун учу окшоп.
Кычыраган суугу бу каар замандын,
кыла албайт үстөмдүгүн эч убакта,
көз моокумун кандырган Россиянын,
үстүнөн булут сүзүп баратканда,
күн өтүп кете электе өтмүшүнө,
теңселип, тез өзгөрүп сөлөкөтү,
дабышсыз жылып барат жер үстүндө,
алардын учкул канат көлөкөсү!





