Светлана Кекова
1951-жылы Александровск-Сахалинскиде төрөлгөн. Саратов мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Филология илиминин доктору, Николай Заболоцкий менен Арсений Тарковскийдин чыгармачылыктарын изилдөөчү. «Жети дөбөдө» (2001), «Сары тоонун этегинде» (2006), «Эммауска карай жолдо» (2007), «Адамдар жана периштелер тууралуу ырлар» (2009), «Жүз ыр» (2012) «Каллиграфия сабактары» (2012), «Алма жана крест» (2021) сыяктуу жыйырма ыр китептердин автору. Ырлары дээрлик бардык европа жана азия тилдерине которулган. «Знамя» жана «Новый мир» журналдарынын сыйлыктарынын, Аполлон Григорьев ат. сыйлыктын, «Москва — Транзит» чоң сыйлыгынын, Арсений жана Андрей Тарковскийлер сыйлыгынын (Украина), «Anthologia» поэзия сыйлыгынын, Жаңы Пушкин сыйлыгынын, «Москва эсеби» атайын сыйлыгынын, Эл аралык Волошин сыйлыгынын ж. б. сыйлыктардын лауреаты. Саратов шаарында жашайт.
Адабиятчы жана сынчы Наум Резниченко «Кекова „мен ойлош үчүн жана азап тартыш үчүн жашагым келет“ деген пушкиндик накылга каршы чыккан сыяктанат, бирок иш жүзүндө улуу акындын ушунусун улантат, ошон үчүн ал өз ырларында „жашайт, ойлойт жана азап чегет“» деп белгилеген.