Лев Толстой — эркин адам

(китептен үзүндү)

Тайежелер

Толстой өз «Эскерүүлөрүндө» анын тарбияланышындагы эң маанилүү («өмүр-жашоомо таасир эткен деген мааниде») инсан Татьяна Александровна Ергольская тайеже болгонун жазат.

Бирок бул кандайча болушу ыктымал? Анткени, ал анын алыс тууганы болот эмеспи. Ергольскаянын атасы — анын чоң энеси Пелагея Николаевна Толстойдун бөлөсү.

Танечка Ергольскаянын Толстойдун чоң ата-чоң энеси Илья Андреевич менен Пелагея Николаевнанын үйүнө кантип келгени «Эскерүүлөрдө» мындайча баяндалат: «Ата-энеси кайтыш болгон соң ал жана анын эжеси Лиза бечара жетим болуп жаш калышты. Тууган-туушкандар эптеп бир жерлерге жайгаштырган башка бир туугандары да бар болчу, кыздарды болсо ошо кезде бүт Черн уездинде даңазалуу, убагында өтө өктөм жана батыл болгон Татьяна Семёновна Скуратова менен менин чоң энем багып алууну чечишти. Кагазды бүктөп, жабуунун астына катып, чокунушту да, кагазды сууруп чыгышканда Лизанька Татьяна Семёновнага, а кара кыз — менин чоң энеме тийди».

«Кара кызы» — бул Танечка эле.

«Согуш жана тынчтыктын» каармандарын жана прототиптерин жайгаштыруунун татаал түзүмүндө Таняга Ростовдордун үй-бүлөсүнүн тарбиялануучусу Сонянын жупуну ролу ыйгарылган. Бул — романдагы көзгө көп уруна бербеген аял образдарынын биринен болуп саналат. Аны менен чыныгы Татьяна Александровнага баа берүү мүмкүн эмес. Бирок Соня Николай Ростовго ашык болгон жана Николай Ростов да аны сүйгөн, ошол сыңары Толстойдун атасы Николай Ильич менен Татьяна Александровна да бала кезинен эле бири-бирин сүйүшкөн.

Татьяна Александровна башка бирөөнүн үйүндө болбосо да, негизи анын ирегесинде жан багып жүргөн. Алгач ал Николай Толстой менен бирге чоңойгон жана романдарда көп кездешкендей, аны сүйүп калган. Ал эми Николай Толстой аталаш тууганына — бирок Николай Ростовго караганда абдан көбүрөөк өзүнүн кедей тууганына ашык болгон. Николай Толстой Мария Волконскаяга сүйүүсү жок, эсеп менен үйлөнүүгө аргасыз болгон, бирок баш кошкондон кийин бактылуу болгон. Анын аялы күйөөсүнүн Туанеттке болгон сүйүүсүн билген. Ергольская сулуу, ошол эле учурда жагымдуу да болчу. Бирок Мария Николаевна Ясная Полянада алар менен бирге жашай баштаган Туанеттен эч качан кызганган эмес. Ергольская Покровскоедеги эжеси Елизаветаныкына кетип, алар бир аз убакыт көрүшпөй калышканда Мария Николаевна ага чыныгы мээримдүүлүктүн жана урматтоонун илеби уруп турган каттарды жазган. Ошого карабастан «сүйүү үч бурчтугунун» көйгөйлөрү болбой койгон эмес. Ал жөн гана өөрчүбөй кала берген. «Үч бурчтуктун» бардык катышуучулары түзүлгөн кырдаалдын себеп-жагдайларын түшүнүшкөн.

Бирок бул жагдайлар Мария Николаевна каза болгондон кийин өзгөрдү. Ал кезде Туанетт 38 жашка, Николай Ильич 36га чыгып калган эле. Анан ал өмүр бою сүйүп келген адамынын колун сурады. Бирок Туанетт ал сунушту кабыл алуудан баш тартты.

Николай Ильич капыстан кайтыш болгондон кийин анын балдары жетим калышты. Улуусу Николай атасы каза болгон күнү он төрткө чыкты. Николай Ильич дүйнөдөн кайтканга чейин эле, 1837-жылдын январь айында Москвага көчүп келишип, Плющихада ижарага алынган кең-кесири үйгө жайгашышкан болчу. Көчүп келүүнүн максаты — балдарды «коомдун жашоосуна аралаштыруу» эле. Мындан тышкары, улуулары университетке даярданышкан.

Москвада күйөөсү менен да, уулу Николай менен да бейкапар жашоого көнүп калган Пелагея Николаевна чоң эне сүйүктүү уулунан ажырагандан кийин өзүнө да, өз күйүтүнө да көңүл бурган. Чынында, бир туугандар кичүүсү Лев такыр жактыра бербеген француз тарбиячысы Томдун колунда калышкан.

Москва Левге анчалык деле жага бербеди. Ал адамдар ага бет маңдай жолукканда баш кийимдерин алышпаганына жана учурашпаганына таң калды. Ошондо өмүрүндө биринчи жолу өзүнө өзү суроо берди: «Эгерде алар биз жөнүндө кенедей да кам көрүшпөсө, бул адамдар дагы эмне менен алектенишет?» Ал шаардык оюн-зооктордун да ыракатын баалай алган жок. Балдарга абдан жаккан жеке менчик бакчага кирип ойноого кароолчу аларды киргизбей койгону аны таң калтырды. Чоң театрдын ложасында отуруп сахнаны капталдан кароо керек экенин түшүнө албай, спектакль бүткүчө карама-каршы тараптагы ложаны тиктеп отурду. Москва ызы-чуулуу, чаңдуу, эл көп болгондуктан, ал «үйдүн алды жагындагы шалбааны, бакчадагы бийик өскөн липаны, үстүндө чабалекейлер кайкып учкан тунук көлмөнү, аппак булуттар токтоп турган көк асманды, жаңы чабылган чөптүн үймөгүнүн жытын» жана көптөгөн башкаларын куса болуп сагынуу менен эстеди, ушулар үчүн ал өзүнүн Ясная Полянасын өмүр бою сүйө турган эле...

Чоң энеси каза болгондон кийин баары өзгөрдү. Ал 1838-жылы жазында каза болгон. Чоң энеси бар кезде Москвадагы төрөчүлүк кең-кесири бардарчылыкта жашоо нугун өзгөртүү мүмкүн эмес болчу. Бирок анын өлүмүнөн кийин чыгымдарды кыскартуу маселеси келип чыкты.

Чоң энеси кайтыш болгондон кийин жашы жете элек балдарына алардын атасынын улуу эжеси Александра Ильинична Остен-Сакен камкорчу болуп калды. Аял катары ага инисинин чатышкан мүлк иштерин алып баруу кыйынга турду. Мындан тышкары, анын өзүнүн жеке жашоосунун да көйгөйлөрү болгон. Александра (Aline) Толстая жаш кезинде остзейлик бай графка турмушка чыккан. Ал жөнү жок курулай кызганычтардан жабыркаган, психикалык жактан оорулуу адам болуп чыкты. Аялы кош бойлуу кезинде «душмандар» аны тартып алгысы келип жатат деп чечип, аны арабага отургузуп, жолдо баратып эки тапанчаны кутудан алып чыгып, бири-бирин өлтүрүүнү сунуш кылат. Ал биринчи болуп ок чыгарат. Бактыга жараша, жараат өлүмгө алып келген эмес, бирок катуу туталануудан улам Aline баланы өлүк төрөйт. Ага бул тууралуу айтышпастан, ашпозчунун аялынын ошол эле убакытта төрөлгөн баласын көрсөтүшкөн. Александра Ильинична күйөөсүнөн кетип, ата-энеси менен жашаган, агасы Николай үйлөнгөндөн кийин Ясная Полянага, андан кийин Толстойлордун бүт үй-бүлөсү менен бирге Москвага көчүп келген. Өлгөн балага алмаштырып коюшкан анын асырап алган кызы Пашенька да алар менен чогуу жашаган. Толстой «тайежеси Александра Ильиничнанын, мүмкүн, өзүн таза кармабаган илээндилигинен улам чыгып жаткан өзгөчө кыйгыл жытын эстеп калды. Ал мына ошол келбети келишкен, ачык көк көздүү, француз ырларын окуганды жана көчүргөндү жакшы көргөн, арфада ойногон жана чоң балдар арасында ар дайым зор ийгиликтерге жетишип келген поэтикалык Aline эле...

Эки улуу баланы — Николай менен Сергейди Москвада Александра Ильинична жана тарбиячы Том менен калтырып, кичүүлөрү Митя менен Левди карындашы Маша менен чогуу Татьяна Александровнага жана ичкиликке жакындыгына карабастан үйгө кайра алышкан тарбиячы Федор Ресселге кошуп Яснаяга кайра жөнөтүү чечими кабыл алынды. Үй-бүлөнүн «москвалык» бөлүгү чоң үйдөн баш тартышып, кичинекей, арзан батирге көчүп кетишти, ал эми «яснополяналыктар» «учкан уяларына» кубануу менен кайтып келишти.

Эгерде андай болбогондо Толстойдун дүйнө таанымы кандай өнүгөөрүн айтуу кыйын болмок. Бирок бул жерде бир факт бар. Кадырын көтөрүү үчүн өзүн Сент-Томас, башкача айтканда, «ыйык» деп атоону талап кылган француз Томас тарбиялаган улуу агалары Николай менен Сергей келечекте диний жактан көңүлкош адамдардан, жөнөкөйлөтүп айтканда, атеисттерден болуп калышты. Ал эми Митя, Лев жана Маша өз-өзүнчө диний жолду басып өтүштү.

Ошондой болсо да Толстойдун тайежелеринин баары динчил аялдардан болушкан. Александра Ильинична да бул диний катуу таасирленүүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон. Атасы каза болгондон кийин ал Ясная Полянадагы бир тууган инисиникине келип жашай баштаганда өзүнүн тегерегине «жер кезип жүргөндөрдү, апенди чалыштарды, монахтарды жана кечилдерди топтоп алган, алардын айрымдары дайыма биздин үйдө жашашчу, кээ бирлери тайежебиздикине келип-кетип гана турушкан. Биз менен дээрлик туруктуу жашагандардын арасында менин карындашымдын чокундуруп ат койгон энеси, жаш кезинде апенди чалыш Иванушканын кейпинде жер кезип жүргөн кечил Марья Герасимовна да бар эле. Энебиз төрт уулдуу болгондон кийин ал аябай каалагандай Кудайдан жалынып-жалбарып кыз тилеп берсе, анда аны өкүл эне кылып алууга убада бергендиктен Марья Герасимовна карындашыбыздын өкүл энеси болуп калган. Кыз төрөлгөн соң Марья Герасимовна өкүл эне болуп, бирде Тула монастырында, бирде биздин үйдө жашап турган», — деп жазат Толстой «Эскерүүлөрүндө». Александра Ильинична атактуу кечилдер менен, алсак, Оптина Талаасындагы Леонид кары менен баарлашканды жакшы көрчү. Ал бардык орозолорду кармаган, көп сыйынган. Анда эч качан өзүнүн каражаты болгон эмес, анткени ал сурагандарга баарын таратып берип ­турган.

1841-жылы жайында ал Oптинa Талаасында жашап турганда катуу ооруп калган. Татьяна Александровна аны көргөнгө Николай жана Маша Толстойлор менен бирге келген. Тайежеси жээндерин көрүп, кубанганынан ыйлап жиберип, бир күндөн кийин кыйналбастан, толук акыл-эси менен аркы дүйнөгө аттанып кете берди. Уламыш боюнча, 11 жаштагы Машага бата берип жатып тайежемдин диний насаатчысы Леонид кары (өз аты-жөнү Лев Наголкин) ал жөнүндө: «Маша, сен биздики болосуң» деп айткан. 49 жылдан кийин Мария Николаевна Леонид ата устаты болгон оптиндик Амвросия карынын руханий кызы болду, андан кийин чачын кырктыруу менен аялдардын Шамордин монастырында кечил болуп кетти.

Александра Ильиничнанын кичүү сиңдиси Пелагея (Полина) Ильинична да динчил болгон. Бирок анын чиркөөгө болгон кызыгуусу кыйла кадыресе мүнөздө эле. Казанда жашап, отставкадагы гусар полковниги жана помещик В. И. Юшковго турмушка чыгып, архиерейлерди, монастырларды, токуганды жана алтын менен иштөөнү жакшы көрчү, аларды монастырларга таратчу. Бирок аны жүрүм-турум, жасалгалуу кийинүү жана чоң үйдүн эмеректерин жайгаштыруу камы көбүрөөк өзүнө тартчу.

1841-жылы улуу эжеси каза болгондон кийин жээни Николайдан аргасы түгөн­гөндүгүн билдирген кат алат, анда ал бул жарык дүйнөдө андан башка карманаар эч кимиси жок калышкан байкуш жетимдерди жалгыз калтырбоону суранат. Ал көзүнө жаш алды да, Софья Андреевна Толстая жазгандай, «se sacrifier»* деген ойго кептелди. Ага-ини Толстойлор карындашы менен Казанга көчүп келишти. Татьяна Александровна Ергольская Ясная Полянада калды. Ал Казанга көчүүдөн баш тартты. Ал Пелагея Ильинична менен тил табыша албаган.

Пелагея Ильинична жээндерине олуттуу таасир тийгизе алмак эмес. Анын үйдө таптакыр кадыр-баркы жок болчу. Күйөөсү аны сүйбөй, сыйлабай, өтө жүрүнөөк жашоо өткөргөн. Жээндер өздөрү менен өздөрү болуп өсүп-чоңоюшуп, а Машаны болсо асылзат кыздардын Родионов институтуна жайгаштырышат. Жээндер университетти бүтүрүп, Казандан кетишкенден жана Машаны күйөөгө бергенден кийин Пелагея Ильинична түз жүрбөгөн күйөөсүн таштап, монастырларда жашай баштаган. Акыры ал Туланын жанындагы аялдар монастырынын үжүрөсүнө жайгашты. 1875-жылы Пелагея Ильинична Ясная Полянага — үйлөнгөн жана көп балалуу үй-бүлөнүн атасы болуп калган жээни Левтикине көчүп келип жашай баштаган, көп өтпөй ошол жерде көз жумган.

1841-жылы бардык балдар Казанга жаңы камкорчуга кетүүгө аргасыз болгондо, Татьяна Александровна жалгыз калган. Ал күндөлүгүнө мындай деп жазат: «Жалгыздык коркунучтуу! Бардык азаптардын ичинен эң оору ушул экен. Эч кимди сүйө албаган жүрөктү эмне кыла аласың? Өмүрдү бере турган эч ким жок болсо, аны эмне кылуу керек?»

Бирок мындан беш жыл мурда, 1836-жылдын 6-августунда ал айрык кагаз бетине мындай деп жазган: «Николай мага бүгүн кызыктай сунуш киргизди — ага турмушка чыгуумду, балдарынын энесин алмаштыруумду жана аларды эч качан таштабоомду суранды. Биринчи сунушунан баш тарттым, экинчисин көзүм өткүчө аткара берем деп убада кылдым». Ошол кезде Татьяна Александровна эмне үчүн бул сунуш белгиленген бир жылдан кийин эмес, а Мария Николаевна дүйнөдөн кайткандан кийин алты жылдан соң түшкөндүгүн ойлонду бекен? Николай Ильичтин тез эле көз жумганы бардыгын өз-өз ордуна койду.

Николай Ильичтин сунуш кылганы ал тарабынан жасалган акыл парасаттуу ишарат болгондугу айкын. Кыязы, ал өзүнүн жакын арада ажалга баш байлаарын алдын-ала сезип-туюп, ал сүйгөн адамдын балдары катары... аларды сүйүү менен канатынын астында калкалап калышын каалаган болсо керек. Бирок ошол эле учурда анда балдарга да, алардын мүлкүнө да бардык мыйзамдуу укуктары болмок. Татьяна Александровна башкача ойлоду. Ал кетирген катачылыктан улам балдар эки камкорчунун — Остен-Сакен менен Юшкованын ортосунда катуу кыйналып-чайналышты. Албетте, алар деле жээндерин өз билгендериндей сүйүшкөн, бирок жеке көйгөйлөрү менен көбүрөөк бушайман болушкан.

Толстой «Эскерүүлөрүндө» мындай деп жазат: «Ал атамды, атам аны сүйгөн болушу керек, бирок ал менин бай апама үйлөнсүн деп жаш кезинде ага турмушка чыккан эмес, акырында аны менен жана биз менен болгон өзүнүн таза, романтикалуу мамилесин бузгусу келбегендиктен ага макулдугун бербеген».

«Анын негизги өзгөчөлүгү сүйүү болгон, — деп улантат Толстой, — бирок мен башкача болушун — бир адамга — менин атама болгон сүйүүнү кааладым. Ушул көңүл чордонунан алып караганда анын сүйүүсү бардык адамдарга төгүлүп турган. Ал үчүн, ал аркылуу ал бизди да сүйөрү жана анын бүткүл жашоосу сүйүү болгондуктан бардыгын сүйөрү сезилип турчу».

Ал «Эскерүүлөрүндө» үчүнчү тайежеси Татьяна Александровнанын динчилдигин даңазалаган. Бул саптарды окуп түшүнүш керек. Аларда жөнсүз түрдө Толстойдун дини деп аталып калгандар өнүп чыккан данек бар. Толстой «өз динин» жаратканы, «өзүндөгү Кудайды» ойлоп тапканы тууралуу кимдер гана жазышпады. Чынында, Толстойдун эч кандай атайын дини болгон эмес. Бирок анын ишениминин көптөгөн жандүйнө негиздери жана дин курулай ырым-жырымга айланып кетпеши үчүн кантип ишенүү керектигин аңдап түшүнүшү ага Татьяна Александровна Ергольская тарабынан берилген.

«Ал сүйүүнүн ички ишин аткарып жаткан, андыктан ага эч кайда шашылуунун кереги жок болчу. Ал эми бул эки касиет — сүйүү жана ашыкпагандык — билгизбестен ага жакындатып тартып, бул жакындыкка өзгөчө көрк берип турган. Ушундан улам ал кимдир бирөөнү таарынткан учурду билбегенимдей эле, аны сүйбөгөн адамдар да болбогондугун билбеймин. Ал өзү жөнүндө, дин жөнүндө, кантип ишенүү керектиги жөнүндө, өзү кантип ишенээри жана сыйынаары жөнүндө эч качан айткан эмес. Ал бардыгына ишенчү, бирок бир гана догманы — түбөлүк азапты четке какчу: «Dieu qui est la bonte meme ne peut pas vouloir nos souffrances»**. Тоопканадан жана панафидадан башка жерлерде анын кантип сыйынаарын көргөн эмесмин... Кээде мен бейпил түн каалап коштошкондон кийин кеч убакта ага киргенимде, ал мени өзгөчө бир жылуу жүз менен тосуп алганынан улам мен анын сыйынуусун бөлүндү кылып койгонумду боолголочумун».

Бул буйруп жазылгандай же ойлоп чыгарылгандай эмес, а кандай ишенгиң келсе ошондой ишенген дин эркиндигинин эң жогорку даражасы болгон. Татьяна Александровна жетилген Толстойдон айырмаланып, бардык чиркөө догмаларын четке каккан эмес. Балким, алар жөнүндө эч качан ойлонгон эместир? Бирок, бир догманы — акырет азап-тозокторун таптакыр моюндаган эмес. Мүмкүн, бул адамдык, атүгүл аялдык табиятынан келип чыккан анын ишениминин табиятынын өзүнө карама-каршы келгендигинен болгондур?

«Ал эч качан кандай жашоо керектигин үйрөткөн эмес, бир сөз менен айтканда, эч убакта акыл-насаат айткан эмес, бардык адеп-ахлак иштери анын ички жандүйнөсүндө иштелип чыгып, а сыртка анын иштери гана — иш дегидей андай иш деле жок болчу, а кадыресе жайма-жай, токтоо, моюн сунган, тынч жашоону жактырган, өзүнө маашырланган, бейпил, байкалбаган сүйүүгө толгон анын бүткүл өмүрү чыгып турган».

Бул — Толстой өмүр бою кыялданган диний идеалдын дал өзү болгон. Анын өз доору, атүгүл цивилизациянын бүткүл тарыхы менен болгон бардык адеп-ахлактык пикир келишпестиктери ушул жактан, кечинде көп бара турган тайежесинин бөлмөсүнөн башат алып чыккан...

Мария Николаевна Толстойдуку сыяктуу эле Татьяна Александровнанын да бир дагы боёк менен тартылган сүрөтү жок. Кыязы, ал өзүн тартканга уруксат бербеген окшойт.

Татьяна Александровна унутчаак болуп, сүйүктүү жээни Левди Nicolas деп атап кайрылганда (мындай далилдер бар) ал өзүн кандай сезди болду экен? Ал, балким, асманда, бирок ошондой болсо да сүйүүсү жок никелешүүдөн төрөлгөнүн түшүнүү менен атасы менен апасы жөнүндө чындап эле эмне деп ойлоду болду экен?

Балдар Казанга кеткенден кийин ал Покровскидеги эжесиникине келип отурукташкан. Кичүү Лев Ясная Полянанын менчик ээси болгондон кийин аны өз үйүнө чогуу жашоого чакырган. Ал укмуштуудай бактылуу болгон! Өзүнүн жазууларында ал сырды ачыкка чыгарды: кечинде өз бөлмөсүндө эмне жөнүндө, тагыраагы, ким жөнүндө дуба кылып жүргөндүгү белгилүү болду.

«Өзүмдү анын (Лев. — П. Б.) сүйүктүү адамы катары сезгенимде ушунчалык бактылуу болуп турдум, ошол учурда жүрөгүмдү эзип келген ырайымсыз азап-тозокторду унута түштүм... Ушунчалык мээримдүү жан бар экенин көрүү мен үчүн бакыт эле... Күн-түнү дебей мен ага Жараткандын жакшылыгы тийсин деп бата тилеп келем».

Анын өлүмү укмуш болду! «Мен үйлөнгөн кезде ал алдан тайый баштады, — деп жазат Толстой, — ал оңтойлуу убакыттын келишин күтүп жүрүп, бир жолу жубайым экөөбүз тең анын бөлмөсүндө болгонубузда ары карап бурулуп кетип (анын ыйлап жиберүүгө даяр экенин көрдүм) мындай деди: «Мына эмесе, mes chers ami***, менин бөлмөм абдан жакшы жана силерге керек болот. Эгер мен мында өлүп калсам, — деди ал калтаарыган үнү менен, — эстеп жүрүү силерге жагымсыз болуп калат, андыктан бул жерде көз жумбашым үчүн мени башка жакка которгула».

Кийин ал аялы экөө тайеженин тилин алышканына жана ал кызмат кылган адамдар турган жерге жакын тар бөлмөдө жашап калганына, чынында эле, ал каза болгондон кийин анда үй-бүлөдөн эч ким жашабаганына жаны кейип кыйналды. Ошондой эле ал өзүнүн сараңдыгынан улам кээде анын кичинекей кубанычтарынан болгон — курма менен шоколадды бербей койгонуна өкүндү. Ал болсо ушуларды ага сый кылып берип келген эле да...

«Ал жаны жай ала акырын уйкуга кетип, өзү каалагандай, бизге бузбай калтыргысы келген өзү жашаган бөлмөдөн башка жерде тынч гана аркы дүйнөгө аттанып кете берди. Дээрлик эч кимди тааныбай өлдү. Ал мени дайыма таанып, жылмайып, күйгүзгүчүн басканда электр лампочкасы жарк дей түшкөндөй күлүңдөп, өлүм алдында жатса да, ал өзү өмүр бою сүйүп келген адам менен (Толстойдой. — П. Б.) мени таптакыр бөлүнгүс кылып байланыштыруу менен Nicolas деп айтууга аракет кылып эриндерин кыймылдатып калчу».


* Өз ыктыяры менен бардыгынан аша кечүү (французча).
** Жакшылыктын өзү болгон Кудай биздин азап чегүүбүздү каалашы мүмкүн эмес (французча).
*** Менин кымбаттуу досторум (французча).