Павел Басинский
Басинский Павел Валерьевич (1961-ж. т.) — жазуучу, адабият таануучу жана сынчы. «Чоң китеп» сыйлыгынын (2010, 2022), РФ Өкмөтүнүн сыйлыгынын (2014), РФ мамлекеттик сыйлыгынын (2018), А. И. Герцен ат. сыйлыктын (2020) лауреаты.
Волгоград областындагы Фролово шаарында төрөлгөн. А. М. Горький ат. адабият институтун (1986) жана анын алдындагы аспирантураны аяктаган. Филология илимдеринин кандидаты. 1981-жылдан тарта өзүн «Литературная газета» жана башка адабий журналдарда мыкты сынчы катары көрсөтө алган. Орус классикалык жана учурдагы адабиятын изилдөө менен алектенет. Биринчи китеби — «Сюжеттер жана адамдар» макалалар жана рецензиялар жыйнагы (1993). ӨАӨ сериясындагы Максим Горький (2005) жана Лев Толстой (2016) тууралуу китептердин автору.
Басинскийдин абдан белгилүү китептери — «Лев Толстой: бейиштен качуу», «Ыйык Левке каршы. Иоанн Кронштадтский жана Лев Толстой: бир душмандыктын таржымалы», «Лев Левтин көлөкөсүндө», «Лев Толстой — эркин адам», «Мени карагыла: Лиза Дьяконованын сырдуу тарыхы», «Соня, кеткин! Софья Толстая: аял менен эрдин көз карашы. Роман-диалог», «Анна Каренинанын анык таржымалы».
Басинскийдин документалистикасы изилдөөлөрүнүн тереңдиги жана классикалык орус прозасынын деми аркылуу баяндоо ыкмасы менен айырмаланат.