Мен, Кушнер Александр, көрдүм Римди түбөлүктүү...

* * * Мен, Кушнер Александр, көрдүм Римди түбөлүктүү, Көргөмүн Самарканд, Бухараны көгүш түстүү, Анда — аптап, деңиз түшкө кирсе көңүл толорбу. Мен көрдүм: Пятигорскиде эрөөл тоолорду, Толедо, Мадрид, Женева, Парижде да Жашадым го далай ирет өтүп барып мухиттен, Азыр буга ким таң калып эшиткен. Урмат кылып Темзага, Кытайды да кезгемин, Критте мен өзүмдү бактылуудай сезгемин, Венеция андан өтүп арбап алды жанымды, Бүтүш кыйын бүт санап, Марбург кандай жагымдуу, Амстердам эң кымбат, аман болсом барамын... Кыялкеч, жалкоо, үйкүчүк экенимди карагын, Анан мунун баардыгын ак тилектен санадым: Цезарь ушул аймактарга ырайымдуу болсо деп, Багынтам дебей Александр колун шилтеп койсо деп.