Орусия

             ...гүлдүү жоолук кабакка түшүп
                                                        А. Блок

Колуң түшүп кайчылашкан болуп да,
кабак бүркөп, зээниң кейип жатканы:
жок экен го оромол да, жоолук да,
жибериптир бейсболдук кепканы.
Кепка жыртсаң, жибереби паранжы,
тек, кошуна катары. Уксаң эми балаңды,
уят болуп бет кызарып турат-эй:
«Апаке, биз келип калдык мынакей».

Алга адымдап, согушка бой урдук го,
тең дүйнөнү оозго тиштеп турдук го,
кагаз, сыя төмөн болуп атымдан,
биздин ысым рейхстагка жазылган.
Жакырдык, күнөө, эзилүү — сеники эми.
Бирөөсүң болгону бир ээндиктеги.
Эрдигиң, эссиздигиң калат кайда,
Билерсиң таш китепти барактай да.

Ачуу арак акыл-эсти жок кылды.
Тил угуп да, көрдүң канча доктурду,
Бирок өрттөп торпеданын бирисин,
кайрадан сен ичтиң Жеңиш Күн үчүн.
Түп калтырбай шыпкайын, берчи мага,
алтыны эмес бул жолу, бирди гана.
Демек, кооз тост сүйлөбөй көтөрөмүн,
Доо айтпай, арман да айтпай көңтөрөмүн.

Ташка отуруп, чочутуп каргаларды.
Карганы карга дебей, издебей арга дагы,
Державалык дымак менен сокку урабыз,
Кыйраткан соң кол жайып, тек калабыз.

Ойлонолу ишибизди оңдоп анда:
Солдо — Маммона, оңдо жакта — Алла,
түбөлүктүү уйкуга чакырууда,
кыздар жолго кылыктанып азгырууда.

Солго барсаң — оттон өзүң өлөсүң,
Оңго барсаң — атыңды чөктүрөсүң.
Алды жакты туман басып жатат-ээ,
асман менен кеттик анда, апаке.