Бейиш — Пушкин Толстойду окуп отурган жер...

* * * Бейиш — Пушкин Толстойду окуп отурган жер. Бул түбөлүк жаздан кызык — накта сыр көп. Кайра-кайра элестетип отура бер, Шалбаа гүлдөп, бак-дарактар жапжашыл деп. Барпайган черемуха, сиренди айтпаганда, Чак түштөгү күн аптабы жагат мага, Жайкы кечти сур көлөкө каптаганда, Итмурунду эстечи сен канааттана. Конок келип дачага, арабалар толобу, Аны көргөн жолоочу суктанышы керектир... Бактылуу үй-бүлөлөр окшош эле болобу? Балким, окшош, бирок бирдей эместир.