Окада мен сүзүп бактылуу...
* * *
Окада мен сүзүп бактылуу,
Кемеде түн кездим жайдары.
Элестет, бүт дайра аркылуу
Тил безеп булбулдар сайрады.
Билбепмин болорун мындайдын,
Мен муну жомок деп ойлогом.
Кубулжуй сайрашы куштардын —
Акындай кыялы ойногон.
Ошондо таң калгам баш ката,
Ишенбей койгонго кыйын да:
Ажайып аймак бар башкача,
Дүйнө бар өлгөндөн кийин да.
Жыш өскөн кырчын тал артынан
Эшиттим кобурун жел-кептин,
Аялдын күлкүсүн шаңшыган,
Анан да жоон үнүн эркектин.
Колдур үн түнгө окшоп турат да,
Күн сымак күлкүсү аялдын.
Периште эмесмин, бирок да
Бактысын сездим мен алардын.
Билбейм ал кайсы жыл экенин,
Унуткум келди эле мен кимди?
Кандайдыр аты бар кеменин,
А балким, «Композитор Скрябинби?»
Отургуч жана ээн палуба,
Жымыңдап жылдыздуу түн ошол,
Эч кетпей эсимде калууда
Булбулдан булбулга кеткен жол.





