Үлүлдү акиташтан жасалган кепесине салып камап...
* * *
Үлүлдү акиташтан жасалган кепесине салып камап,
сууп бараткан сууну карап,
жипке ийнени жашырган ким?
Күмүштөп жааган жаандан жарык шоола көрүп алып,
жетем деп өлүп алып
бейишке белет алган ким бу өзү?
Ийип башын күмүштөнө бууракандап турган сууга
ойнойт балык тайызда,
сымап шарга айланып.
Ким мүлжүсө балык сөөгүн, ал таптакыр өлө албайт,
же тынч жатып уктап калбайт
анткендиги ажалы анын балыктарды чочутат.
Уктагын, аңкоо бала, сыйпалап көр ажалыңды колуң менен,
эч нерсе көрө алышпайт тегеректен
лупа менен бир нерсе издегендер.
Өлүктүн алдына ал туруп бербейт, эстебейт тирүүнү да,
таарынтып баланы да,
жаны анын соолуп бүтөт.
А сокур караса эгер терезени, ай жалайт мышык өңдүү,
айрылуунун суугуна түбөлүктүү
тоңгон анын колдорун.




