Паравоздун үстүндө жөнөдүм Уфалей шаарына...
* * *
Паравоздун үстүндө жөнөдүм Уфалей шаарына,
кучак жайып бекем кыссам досторумду боорума —
Суу ээси менен Ташбака көзүн баёо сүзүлттү.
Кулак-мурун үстүнөн көпкөк асман түз өттү.
Көк абага жатсаң болот,сезилесиң учкандай,
мейкиндикке назар салып, көзгө баарын туткандай:
солдо токой, оңдо шалбаа, арбын унаа барат жай.
Мында каңгып жумушчулар оңдонушат таң атпай.
Кемпир, балдар себетчен баратат козу карынга,
Мотоцикл жууйт топ жигит дарыянын жанында.
Жатып жылуу шамалга, ойго көңүл бөлсөкчү:
«Балким кетпей эч жакка, ушул жерге көнсөкпү?»
А болбосо поезде чатыр үстүн турактап,
Уфалейге бекерге жөнөдүмбү мен-акмак!
Эркиндикке мас болуп ар вагондо балдар бар —
«Приманы» түтөткөн свердловдук шалмандар.