Полковник ардагер жарк этет алтын тиштери...
* * *
Полковник ардагер жарк этет алтын тиштери
Мурдагы хирург чөйчөгүн көңтөрдү булгап тасмалды.
Козукарын жейт бир конок ачуу шарап ичкени,
Бийкечтери бирөөнүн бийлешет эргип канканды.
Тукуму деп буржуйдун бирөөнү чындап аташат,
Чогулду эле эмнеге, эч кимдин жок эсинде.
Атактуу актёр аңдабай акылынан адашат,
Пальтосун шашпай чечүүдө талыкшып коңшу батирде.
Францияда жашаса: генерал болмок — капрал,
Актёр, хирург Марселде көрүп ал мата сатканын.
Аларга кантип айтасың: түшүндө болуп генерал,
Терезенин түбүндө кайырчы уктап жатканын.