Селкинчек
Жаз жадырай, жашылданып чар-тарап,
баштагыдай күүгө келип селкинчек,
эгер катуу күүлөп ийсең чалкалап,
ой-бой деген кыйкырык жан эргитмек.
Жипке илинген чакан тактай жупуну,
о, мындайлар бар го ар бир үйдө эле,
күүлөнгөндө тизең бүгүп утуру,
баргандайсың башка кызык дүйнөгө.
Ички туюм менен алга сермелип,
бул дүйнөгө кайтып кайра келгени:
бирде сүйүүң жаркын Күнгө тең келип,
бирде сүйүүң жыргал болуп жердеги.




