Созолонгон добуш менен, кашка беде гүл ачты...
* * *
Созолонгон добуш менен, кашка беде гүл ачты,
кептер конуп терезеге, чертти секин айнекти.
Карасаң эй — айнек сынып, жылан сойлойт айнекте,
өткөндөр бүт унутулган, эч нерсе жок эсимде.
Мен эстебей, ал эстебей, биз эстебей, а ал болсо унуткан,
Нил өңдөнүп Волга карайт эки катар терезенин сыртынан.
Толкун болуп чыбырчыктайт анын нымдуу денеси...
Таза жуулуп идиш-аяк, аппак салдык шейшепти,
коюлган өлүк сымал нымдуу үч кыр пирамида түпкүрүнө,
көндүм турмуш орун алган беш кабаттуу бул үйлөрдө.
Тиякты да, биякты да кимдер келип ээлеген?
Кирпич чөптөр кантип өстү ушунчалык ным жерден?
Буу каптаган терезеде неге отурат жаш-кары?
Калчылдатат үйдү кантип тротуардын таштары?
Турган жерде кирпич үйдүн, пайда болду бир элес,
тегерете жайнап чыкты камыш жана папирус.
Жээк тосууда Нилдин муздуу үйөрүн,
суу жаңгагы катат учтуу мүйүзүн.