Кагаз жолборс
Пальтосунун жакасын оң колу менен ээгине көтөрө кармап Потапов сыртка чыкты. Кычыраган сууктан анын деми кысылып, көздөрүнөн жаш тегерене түштү. Заматта кулактарын жана жалтыраган такыр башын жалаң кат муз каптап калды. Мейманканадан элүү метрче нарыдан таксинин чакмак белгиси бар автоунаасын көрүп, колун жаңсап чакырды эле, тигил унаа ордунан жылбай, ага көңүл бурбай тура берди. Мээлейи жок болгондуктан жыгачтай ката түшкөн колдорун ушалап жылытымыш этип, көк жылгаяк муз болгон тротуар менен аярлай унааны карай баратты. Ошол кезде ал өзүн космос кемесинен чыгып, артында кеме менен байланыштырып турган түтүгү үзүлүп, абасыз мейкиндикте, жымыңдаган сансыз жылдыздардын арасында эч таянычсыз каалгып калган косманавтай сезип кетти. Эки ирет мүдүрүлүп оңкодон сайылып кала жаздап, такси турган жерге жетти. Таксинин эшигин ачып, эч нерсе дебестен жылуу, тамекинин түтүнүнө ышталган унаанын ичине кирип, күп эте орундукка олтуруп калды.
— Эмне болду? — деп сурады түнөргөн айдоочу ага карабай туруп.
— Эч нерсе, — деп жооп берип Потапов көздөрүнүн жашын аарчыды. — Жылынып алайын дедим.
— Эки жүз сом.
— Маа демектен үч жүз болсун.
— Үч жүзгө барчу жериңе жеткирип деле коём.
— Анда кеттик, мага телефон алыш керек. Телефон саткан жакынкы дүкөнгө айда.
Анын смартфону бир саат мурда, кырк градус суукта иштен чыгып калган эле. Ал номер тергенге батынбай, суукта колуна кармап көпкө тургандыктан телефону тоңуп, колдору чымырап үшүп, аны чечкиндиксиздиги үчүн жазалаган. Эми чөнтөгүнө салган колдору чымырап, кездеменин ар бир тигишин сезип жатты. Өзүнүн туулуп-өскөн шаарында он жыл болбой, Ыраакы Түндүктүн каардуу суугун унута түшкөн экен.
— Жаңы эле учуп келдиңби? — деп сурады таксист орундугунда ыңгыранып.
— Эки саат мурда келдим.
— Ошондой, аба-ырайына ылайыксыз абдан жеңил кийинип алыпсың. Кайда иштейсиң?
— Мен режиссермун.
— Мына сага!
— Укчу, жылбайлыбы?
Айдоочу өзүнүн ГАЗ-24үн акырын ордунан жылдырып, тоңуп калган дөңгөлөктөрүнөн темир жолдо бараткан поездин такылдаган добушуна окшогон добуш чыгара такылдатып айдап жөнөдү. Потаповго бул добуш тааныш эле. Автоунаалар суукта көпкө турганда унаанын салмагынан дөңгөлөктөрү жалпайып тик бурч бойдон тоңуп калып, бир топко чейин өз калыбына келе албай такылдап барып анан оңоло турган. Түбөлүк тоң кетпеген бул өрөөндө поезд дегендин карааны эч качан болбосо да, анын үнүнө окшоп такылдаган көңүлдүү добуш байма-бай угулуп турчу.
Таксист эмнегедир Потаповдун балалыгы өткөн үйдүн так эле жанына келип токтоду. Эгерде мындан бир ай мурда ушундай дал келүү болсо эч кандай көңүл бурмак эмес. Бирок азыр ал бул дал келүүнү тагдырдын белгисиби деп ойлоно түшүп, унаадан чыкпай бир азга жалдырап олтуруп калды.
Жылуулук трассасын бойлой салынган сарайлардын жанында полициянын УАЗиги, андан нараакта жүк ташуучу машина турган экен. Калың бушлат кийген эки полицей кимдир бирөөлөр менен бакылдашып сүйлөшүп жатышты.
Жүк ташуучу унаанын кабинасынын ичинен сигареттин баарына кайдыгер жарыгы бүлбүлдөп көрүнөт. Потапов акыры өзүнө келип, унаадан чыгып «БАЙЛАНЫШ» деген, тамгалары жаркырата жазылган дүкөнгө карай басты.
Потаповдо өзүнө тааныш үйдү көргөөндө пайда болгон, жакындап калган кырсыктын жана акыр замандын келишин күткөн сыяктуу сезим ага мурдатан тааныш болчу. Тагыраак айтаканда, бул сезим эки-үч айдан бери андан кете элек. Өткөн жайда мээ кайнаткан ысыктан улам Москванын тегерегиндеги айылдарда чөп-чар, бак-дарактар күйүп, айлананы өрт каптап, аба ыш жыттанып, сталиндик үйлөрдүн 15-кабатынан өйдө жагы көрүнбөй, булут сымал түтүн каптап турган. Потапов күнүгө эртең менен ыш каптаган, ысыкка куйкаланган шаарды терезеден карап туруп, бир калыпта күүлдөгөн, ар бир бөлмөдө иштеп турган кондиционерлерге карабастан өзүн коопсуз сезген эмес. Тескерисинече, анын ар кандай сырткы жагдайларга абдан көз каранды экенин, алар каалаган учурда аны ышка тумчуктуруп, таптап, тебелеп баарына теңеп саларын баса көргөзүп тургандай
сезилчү.
Ошол жарыктын өчүшүн, ысыктын күчөшүн, элдин дүрбөшүн, зордук-зомбулуктардын болушун, коомдогу башаламандыктардын чыгышын жөнгө салышка бир да мамилекеттин алы келбесин ойлогондо ал өзүнө кымбат өмүрүнүн абдан морттугун эле эмес, дегеле жалпы адамзатынын алсыздыгын түшүнөр эле.
Ушул жерде Потапов анча деле кууланган жок. Жер шарындагы жети миллиарддай адамдын өлүмү чоң жоготуу экенин акылы түшүнгөн менен, жандүйнөсүндө алар үчүн күйүп-бышкан деле жок. Болгону өзүнүн жеке өмүрүнүн бүтүшүн, келген кырсыктарды жеткен адилетсиздик деп баалап, жалпыга келген зор кырсыкта өлүм баарына бирдей экенине карабай, элге теңелгиси келбей, өзүнүн кандайдыр артыкчылыгы бардай сезген. Ал үчүн өлүм деген талантсыз, кембагал, оорудан кыйналган бечараларды сооротуш үчүн ойлонуп табылган нерседей туюлчу. Жалпы кырсыкта өзүнүн мүмкүн болгон өлүмүн жеке жеңилиши, жанылыштыгы катары баалап сары-санаага бата турган.
Потапов үчүн өлүм, анын ою боюнча, оорудан же жакырчылыктан, же таланттын жоктугунан жанчылып бүткөн өңү серт жана акылсыз адамдарга кутула алгыс куяга көнүп, кадыресе кабыл алууга жардам берүү үчүн гана ойлонуп табылган, анда жалпы жана бардыгын теңдештирген касиет жок эле. Ал чоң кырсыкта мүмкүн болчу өлүмүн өзүнүн жеке жеңилиши, жалпысынан алганда анча байкалбаганы менен, жеке өзү мыш болгону катары сезчү.
Интернеттердеги 2012-жылы акыр заман болору тууралуу жазылган постторду окуп, ошол акыр заманга чейинки өз каржы мүнкүнчүлүктөрүн ойлоп, жөнөкөй арифметикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп көрүп, өзүндө дагы он жылдык мөөнөткө чейин, ал түгүл андан кийин да жашоого мүнкүнчүлүктөрү бар экенин эсептеп өзүн соороткон. Ал дагы болжолдуу эки-үч долбоорду жасоого мүнкүнчүлүгү бар экенин, ал эми планетанын андай мүнкүнчүлүгү жок экендигине жагымдуу ырахаттанган болчу.
Бул салыштырууда планета ага жеңилип калган. Потапов жылгаякта сыйгаланып, короонун төрүндө бири-бирине тикелей салынган беш кабат эки үйгө жакындап баратты. Ага тааныш подьезд карарып аны күтүп турду. Подьезддин катарындагы жылуулук трассасынын түтүктөрү адаттагыдай салаңдап тоңгон муздардан апакай сакал тагынып турат. Ал муз сакалдар, тетирисинче, түбүндө туурасы бир жарым метирге жетип, өйдөлөгөн сайын ичкере берет.
Бул түтүктөрдөн суу тээ илигертеден бери эле жайы-кышы дебей акканы аккан. Кышкысын минтип муздуу Фудзияма пайда болсо, жайкысын суу үй алдына сиңе берет да, кышында тоңуп, шыноого айланып пайдубалды көтөрө баштагандыктан батирлердин дубалдарынан жаракка кетип, кышкысын ал жаракаларды жалтыраган күмүш кыроо басат. Ошентесе да түтүктөрдөн аккан суулар эч кимдин тынчын албайт. Көрүшсө да көрмөксөн, билишсе да билмексен болушат. Эгерде кимдир бирөөлөр батирин саткысы келсе, ошондо гана дубалдардагы жаракаларды кагаз менен желимдеп, анан актап-сырдап жылмалап туруп сатып алуучуларга көргөзчү. Ал желимделген кагаздар эки айга чейин жакшынакай бойдон
туруп берчү.
Түтүктөрдүн алдындагы калың муз катмары Потаповго бир кездеги өзүнүн батиринин терезелерин эске салды. Үч катар алкактын ортолоруна салынган техникалык кебез, ага чапталган кагаз катмарланган муздан сактай алчу эмес. Натыйжада жазга маал терезелерди 15 сантиметрден кем эмес өгөөдөй быдыракай бозоргон тоң каптап калар эле. Ошол тоңгон муздар эч качан тунук болбой, кирип-чыккан адамдардын өпкөсүнө батпай калган чаңдай катмар-катмар болуп коно
берчү.
Тоң каптаган айнекти үйлөгүлөп, алакандын оту менен сүргүлөп жылытып, тырмак менен тыткылап, кенедей жерин тазалап алып жарык дүйнөнү карашка эч мүмкүн эмес болчу. Бул кышы бою желдетилбеген үйдүн терезелери, жада калса, жарыкты араң-араң өткөрүп, кылмыш жасоону ойлонуп, бирок бир чечимге келе элек кылмышкердей чечкинсиздик менен араңжан шоола тийип, батирдеги кышкы турмуш жалаң светтин жарыгы менен өтө турган. Терезени каптаган муз айнектерди каптап алганы аз келгенсип алкактарга жетип, андан да ашып салаңдап калчу. Ошол муздардын кесепетинен жазында терезенин сырлары нымдалышып, айрым жерлери көөп чыкчу. Ким өзүн өзү абдан жек көргөн болсо, ошол терезенин алкактарындагы көөп турган жерлерди жалпайта басып ыракат
алар эле.
Жазында терезенин тоңу өзү эрип кетишин Потапов эч күтө алчу эмес. Күзүндө тоң башталган кезде Потапов ага тыйындарды басып, жайында эрий баштаганда бычак менен кырып омкоруп кирчү. Ошол жеккөрүмчү муздардан кутулуу Потаповго теңдешсиз ырахат тартуулай турган.
Потапов ашканадагы газ мешине бычакты кыпкызыл кылып ысытып алып, анан өз бөлмөсүнө чуркап кирип аны бозоргон тоңго матырар эле. Бычак музду чырылдатып бир далай терең кирчү. Бирок калың муз катмары андан кебелбей кала берчү. Ошол кебелбеген айсбергден кичине болсо да бир сындырым музду коңторуш үчүн ашканага бир нече ирет чуркап барып-келүүгө туура келчү. Кичинекей Потапов терезеге олтуруп алып, Дюманын романындагы түрмөдөгү адам жер чукулагандай, терезедеги музду чукулап тажачу эмес. Тизе алдында муздардын сыныктары кычырап көбөйсө да, муз катмары кебелебей кала берчү.
Бир ирет ал абдан аракет кылып жатып муздун чоң сыныгын омкоруп чыгарды эле, аны менен кошо айнектин сыныгы кошо кетти. Аны ал муз үстүнө тамган кан менен кошо көрдү. Бирок терезеден 20 сантиметрдей ачыктан көрүнө түшкөн көчөдөгү чырактын жарыгына сүйүнүп, канаган тизесин ойлобой, кубанычынан ыйлап жибере жаздап токтогон.
Шаардын айрым жашоочулары үчүн марттын чырактары деңизде далайга адашып жүргөн деңиз моряктары маякты көргөндөй эле таасир бере турган. Башкаларды айтпасак да, Потапов үчүн ошондой мааниге ээ болчу. Анткени кышы бою бул чырактар байкалар-байкалбас болуп тумандын кучагында бүлбүлдөп турса, март айы келгенде көздү каптаган челди алып салгандай, кечки асманда кадимкидей жаркырап көрүнө түшчү. Айтмакчы, асман да ошол март айы келгенче түнөрүп турчу. Тагыраак айтсак, ошол март айына чейин асман жок болор эле. Түнөргөн айланадан анын кайда экенин айтыш кыйын болчу. Албетте, март айында чырактардын жаркырай түшөрүн баары эле байкачу эмес. Бирок аны ай санап, күн санап күткөндөр, бозоргон туман менен карарган күүгүмгө араң чыдап жүргөндөр да болор эле.
— Мына эмесе, — деп артынан аяздуу ак буу ээрчите Потапов дүкөндүн сыйгалак босогосун аттап кирди, — бул жер эмне, видео прокатпы?
Тар дүкөндүн дубалдарына белгилүү кино филимдерден алынган килейген сүрөттөр чапталган экен. Алардын биринен Потаповду Джон Малкович тикчие тиктеп алыптыр. Мишелл Пфайффер менен Глен Глооуздун баштарынын ортосунан башына ак парик кийген Джон Малковичтин тикирейген, ошол эле маалда байкалбаган жылма көз карашы кандайдыр бир катуу тыюу салынган нерсеге шек бергендей туюлат. Бирок эки айымдын колдорунда ачылган желдеткичтери эч кандай коркунуч жок дегендей тынчтандырат. Мына ушул каадалуу топтун оң жагында дээрлик жылаңач, али толо элек кезиндеги Марлоно Брандонун ошондой эле жылаңач, тизелерин кучактап алгандыктан жакшылап кароого мүмкүн болбогон Париждик курбусу менен олтурган сүрөтү илинген. Анүстүнө, бул сүрөткө эч кимге керексиз, эч ким тааныбаган ысымдарды ак тамга менен бадырайта жазып салышыптыр.
— Мага бирөөлөр ушул жерде телефон сатылат деп айтты эле? — деп бурк этти Потапов көз карашын жылаңач Мария Шнайдерден кызыл китепке үңүлүп олтурган сөөк-саактуу сатуучуга буруп.
— Бизге эмне деген гана сөздөрдү айтышпайт, — деп сатуучу китептен көзүн албай, бир аздан соң сөзүн улады, — мен айтылган сөздүн баарына эле ишене бербейт элем. Бирок биз телефон сатабыз.
— Ошондойбу? — Потапов абдан катаал Фанни Ардандын бөлмөсүн терезеден ишенимсиз шыкаалаган Жерар Допарьдеге шектүү карады.
Француздардын ортосундагы терезедеги сокмо себетте апельсиндер бар эле, алардын бирин Фанни дыкаатык менен кесип жатат. Ак көйнөкчөн Фанни алдыңкы катарды толугу менен ээлеп алган. Анын ошол келбетинен алдыртан азгыруу, лидерликке умтулуу жана жашылчаны аёсуз кескилеген мерестик байкалат — мына аял деген ушундай болот дегенсийт Трюффо бул сүрөтүндө.
— Анда бул сүрөттөр эмне үчүн?
Сатуучу Потаповго көз кыйыгы менен карап, анын маанайын байкап көрүп, жооп бериш керек деп чечти.
— Бул биздин краетивибиз. Кожоюнубуздун чоң акылы ушундай пиар-жүрүш ойлоп тапкан. Анын пикири боюнча, биздин соода ашып-ташып жүрүшү керек эле. Бирок, эмнегедир, азырынча жылыш деле байкалбайт...
Соодагердин бул бизнес үчүн ылайыксыздай түрү бар. Анын узун сары чачы артына чымчый байланып, куйрук сыңары саландайт. Кийгени темир сыдыртмалар менен жана металл бекиткичтер, топчулар менен кооздолгон тери курткасынын сыртынан калың шырылган жеңсиз булгаары чыптама. Анын ак-куба, эки ысык чыккан эттүү, терең бырыштуу чексинин алдынан анча жагымсыз көздөрү тиктейт. Колундагы китебинин мукабасынан Потапов Мао Цзэдундун тегерек сүрөтүн көрдү.
Улуу кол башчынын күйөрманы чындап эле өз ордунда эмес эле. Же ал отуз жашка чыгып калганына карабай, өзүнүн ким экенин эмдигиче биле элек окшойт. Сүйлөшүп жатканда каршылашынын көзүнө карабай жалтаңдайт. Анын көз карашы Потаповдун жүзүнөн жылып өтүп, ал жалгыз эмес, бир нече киши менен келгенсип бирде оңго, бирде солго жүгүрүп ойдолойт. Сатуучу бир караганда өзүнө ишенген кайратуу адамдай көрүнгөнү менен, жагымсыз бир жоругун жашыргандай кейиптенет.
— Пиар-жүрүш? — деп Потапов кайра сурады.
— Ооба, — сатуучу клиентинин чындап эле бул жерлик эмес экенин сезип жана өзүнүн кымбат убактысынан анча-мынча ага бөлүп коюуга татыктуу экенин ойлоп сөзүн улады, — Ал ушул сүрөттөрдү таап келди. Бул сүрөттөрдүн баары махабат байланыштары тууралуу сүрөттөр дейт.
— Анын эмнеси бар экен?
— Ошол себептен дүкөнүбүз «Байланыш» деп аталып атпайбы.
Сатуучунун көздөрү капталга ооп кетти эле, Потапов да аргасыздан бурулуп кетти.
— Аа, ушул мааниде дебейсиңби, — ал андан башка эмне дээрин билбей, — Байланыш. Ооба десең. А мен түшүнбөй жатпаймынбы....
— Эч ким түшүнө албайт. Ал болсо муну мыкты дейт.
— Түшүнбөдүм...
— Ал муну абдан мыкты табылга дейт, — деп түшүндүрдү сатуучу, — Капиталист мына мындай телефон койгучту таап келди.
Сатуучу үстөлдүн алдынан адамдын эриндерине окшотуп жасалган телефон койгучту алып чыкты. Мобильник кызарган эки эриндин ортосуна коюлат экен. Бул композициянын максаты абонент өз сүйгөнү телефон чалгыча кыпкызыл эриндерди тиктеп, эротикалык сезимдерге батышы зарыл көрүнөт.
— Анан дагы ал клиенттерге жашыруун программа сунуштап жатат. Кааласаңыз өзүнчө төлөм үчүн коюп беребиз.
— Эмне болгон программа экен?
— Айрым телефон чалууларды жашырып коюуга болот. Ал чалуулар эч жерге катталбайт да, жазылбайт.
— Антүүнүн эмне кереги бар?
— Мисалы, сиздин ойношуңуз бат-бат чалат дейли. Ал эми аялыңыз телефонуңузду алып текшерип калышы мүмкүн да. Ошондо ал эч нерсе таба албайт. Чалуулардын үнүн да эч ким укпагыдай кылып салса болот. Сиз аялыңыз менен машинада келе жатканда чалып калса, ал эч нерсе уга албайт.
— Анда мен анын чалып жатканын кантип билем?
— Вибрация аркылуу билесиз. Аны сизден башка эч ким биле албайт. Анан да телефонуңузда эч кандай чалуулардын изи калбайт. Кийин чалууларды тазалап убара болбойсуз. Далайлары ошол чалууларды тазалаганды унутуп калгандан улам чыр чыгып, жакшы үй-бүлөлөр бузулуп калып жатпайбы.
Ал жаңы эле бир үй-бүлөнү куткарып калгансып, ишенимдүү сүйлөп жатты.
— Түшүнүктүү, — деп үшкүрүп койду Потапов, — А сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?
— Менби? — Күтүлбөгөн суроодон сатуучу карбаластай түшүп, ойноктогон көздөрүн ала качканга жарабай, капыстан уктап калган чымынга окшоп маектешине тигилди, — Мен телефон сатып жатпаймынбы.
— Мао Цзедун менен биргеби?
Сатуучу эрксизден колундагы китепке бир карап алып, ошол замат өзүн колго ала жооп берди.
— Эмне болду? Сиз эмне, текшерүүчүсүзбү?
— Ооба.
— Иш үстүндө китеп окууга болбойт деп мага эч ким айткан эмес. Сизди деги ким жиберди? Мага Толик баарына өзүм көз салам деген. Сизди ошол жибердиби?
Потаповдун өздөштүрүп алган бир жакшы адаты бар эле. Ал ийиндерин күйшөп: «Сен эмне, түшүнгөн жоксуңбу?» дегендей белги бере алчу. Муну ал актерлордон көрүп өздөштүрүп алгандыктан пайдасы көп тие турган. Бул «Өзүң түшүнбөйсүңбү» дегендей белги артында: «Бирди көрүп калба!» дегендей опузаны да камтып тургандыктан, сөз менен айтканга караганда алда канча таасирдүү боло турган.
— Сен мага телефонуңду сат. Сөздү андан кийин улантабыз.
Сатуучунун карбаластап, кайсыдыр бир документерин аңтарып, аларга бирдемелерди чиймелеп жаткан кыймылын байкамаксан болуп, Потапов барактары ылдый каратып коюлган кызыл китепти колуна алды. Сатуучу бир нерсе айтуучудай комдонуп барып, унчукпай телефонду каробкага салып, сатууга даярдап жатты. Потапов китепти шашпастан барактай баштады.
— Айтыңызчы, деги сиз кимден келдиңиз?
— Менби? — деди Потапов соодагерге жаш баланыкындай баёо көз караш менен карап, — Мен жолдош Мао Цзедундан келдим.
Сатуучунун колдору каробканы кармалаганын токтотуп тынчый түштү. Анын эттүү маңдайына бырыш түшө, кандайдыр бир терең ойдун көлөкөсү чуркап өткөндөй болду.
— Бул китепте ар бир империалист — бул кагаз жолборс деп жазылып турат, — деп улады Потапов сатуучуну эсине келтирбей, — Сенин кожоюнуң, Толик дедиң беле... Империалистпи?
— Жок ай, болгону дагы эки соода түйүнү, веб-студиясы, анан дагы эки копюьтери бар. Анча деле тың эмес.
— Ооба сага! Веб-студия. Мына ошол веб-студиясы менен Толигиң дүйнөгө булганыч так жугузуп жатат. Ошондуктан аны да империалист десек болот. Демек — кагаз жолборс. Сен эмне үчүн кагаз жолборско иштеп жатасың? Ага кагаз буттарын шуудурата басканга жардамдашып жатасың. Билип кой, азыр сени менен мен сүйлөшкөн жокмун, жолдош Мао Цзедун сүйлөшүп жатат. Сен өзүңдүн кандай күнөө кылып жатканыңды сезип атасыңбы? Чынында сен капитализмди куруп жатасың. Эми, балакай, революциянын абалы кандай болот? Класстын күлүнүн табы кетип, жүрөгүңдүн жалыны өчтүбү?
Ошентип Потапов Уленшпигелге өтүп кеткени аша чапкандык экенин өзү да сезбей калды. Бирок анысын абдан толкунданып алган сатуучу байкаган жок. Анткен менен Таль да эзүүчүлөргө каршы күрөшөт эмеспи. Ал эми сатуучуга анын кардары какшыктап айтып жатабы же чындап айтып жатабы, баары бир болуп калган. Себеби ал өзүнүн ийгиликсиз турмушун башкалардын алдында өзү да байкабастан ревалюциянын идеясы аркылуу актап көнүп алган. Жүрө-жүрө Че Гевара, Мао Цзедун сыяктуу революционерлерге ишенип, анан ошол агресивдүү ишеним ага башкалардын ийгилигин көтөрүүгө жардам берген даба болчу.
— Мен быякта убактылуу эле иштеп жүрөм. Энем жата бербей иштебейсиңби деп тажатып жиберди. Мен жөн эле бекер жаткансып. А мени жөн эле жатты дейсизби? Мен ойлонуп жаттым. Мен аңдап, күтүшүм керек. Мао минтип жазган: «Биз стратегиялык жактан баардык эзүүчүлөрдү жек көрүшүбүз керек». Мен да аларды жек көрөм. Анан анын дагы минтип жазганы бар: «Тактикалык жактан душмандарды кыраакылык менен байкоо зарыл». Мени болсо апам жүдөтүп бүттү... Кыскасы, мен чалгынга чыгууну чечтим.
— Ошондуктан Толикке жалдандым дечи?
— Ооба. Ал экөөбүз бир класста... Кыскасы, душман өзүнөн өзү жок болбойт. Аны изилдеш керек. Билесизби, чынында мен эмне жөнүндө кыялданам? Джип жөнүндө.
— Өтө эле буржазиячыл кыял эмеспи?
— Жок, коё турсаңыз. Капкара джип, үстүндө капкара чоң пулемету бар. Реалдуу жагдай. «Сталкерде» менин ушундайым бар болчу.
— Эмнеде дейсиң?
— «Сталкерде» деп жатпаймынбы. Бир тууган Стругацкийлердин ушундай дүйнөлүк компьютердик оюну бар. Сиз «Жол четиндеги пикник» дегенди окудуңуз беле?
Сатуучунун көздөрү мурдагыдай ойноктобой, жазы маңдай алдынан Потаповду тикчие тиктеп турду.
— Анын мааниси жок. Сен уланта бер.
— Кыскасы, борбордук көчөгө атырылта айдап чыгасың да, туш тарапка мөндүрдөй ок жаадырып: -та-та-та-та...
— Коё турчу, көчөдөгүлөрдүн баары эле империалисттер эмес да?
— А мага баары бир, империалисттер болобу же алардын койлору болобу. Койлорун жок кылсаң — империалисттер аларды кырка албай калат. Чындай келсе койлор империалисттерден өткөн шүмшүктөр, өздөрү кыркса экен деп турушат. Өздөрү күчтүүлөрдү азгырышат. Библияда «кимдер азгырса ошолорго азап болот» деп айтылат. Койлордой болуп эч нерсеге кыялданышпайт, эч нерсеге умтулушпайт. Кашек жегенге баары алдын-ала макул.
— Сен кыялданасыңбы?
— Ооба.
— Эмне жөнүндө?
Сатуучу Потаповго таң кала, өз пикирлешин заматта эле жоготкондой бир аз тынсыздана карады :
— Эмне жөнүндө дегениңиз кандай, джип жөнүндө дебедимби.
Мейманканада салкын эле, ошондуктан Потапов пальтосун чечкенге шашылган жок.
Коробкадан жаңы телефонду сууруп чыгып, ага эски телефондогу сим картаны которуп салды да, саатын карады. Москвада таң атып калган. Ага өзүнө жакшы тааныш телефондун номерин териш дагы деле кыйын болду. Потапов акыркы санга чейин терип келип, эки ирет токтотуп койду. Акыры терезенин жанына келип, үчүнчү ирет чалганга кайраты жетти.
— Саламатсыңбы? — телефондон ага өтө жагымдуу тааныш, уйкусураган үн угулду, — Сен кайда жоголуп кеттиң?
— Мен жакын эле жердемин. Тартканга ылайыктуу жайды издеп жүрөм.
— Качып жүрө-сүң-бү? — деди уйкудан чала ойгонгон үн табалагансып кырылдап.
— Койчу, кайда качмак элем, — Потапов аргасыз каршы болумуш этти, — Мен жөн эле...
— Бекер кыласың, — тиги жактагы аял күлүп койду эле, бул жактагысы берилгендигин билдирип кыңшылаган иттен бетер ал күлкүнү дароо сезди.
— Коё турчу, сен эмне, жыйынтыгын алдыңбы?
— Ооба-а, — аялдын үнүнөн ал күтпөгөн салтанаттуу кубаныч угулуп турду.
Москвадан бери учкан алты сааттык убакыт бою ал аялы үчүн сарсанаа болуп, өзүнүн жоругуна арданып өлөйүн деп калган эле.
— Ии, анан? — дегенге араң жарады Потапов.
— Кайтып кел, — деди ал бир азга тынчый түшүп, — Мага химиянын кереги жок экен. Врач баары жайында деп айтты.