Окуя
Элүүлөрдөгү сөөк-саактуу эркек Григорий Петрович Гуляев өлүп калды. Бу жарык дүйнөдө анын жалгыз бөлмө батиринде өзүнөн он чакты жаш кичүүрөөк аялы — Наталья Семеновна, сегиз жашар уулу Вова, алардан тышкары бир катар туугун-туушкандары, алардын ичинде кайда жашаарын бир кудайдан башка эч ким билбеген, ушунчалык жакын бир тууган эжеси — Елизавета Петровна кала берди.
— Ка-ап, Гриша бекеринен эле өлүп калды, — деп умсунуп калды туугандарынын бири Агафья кемпир. — Мындайча айтканда, эрте кетип калды...
— Качан кетерин ким эле билип жүрүптүр дейсиң? — толмочунан келген башка бир тууганы каяша ыргытты. — Анткени бизди, мителерди, качан өлөсүң деп сурабайт да.
Аялы Наталья Семеновна эч кимге эч нерсе деген жок, болгону эртеңкисин ойлоп оор үшкүрүп тим болду. Ал эми бала Вова таптакыр эч нерсеге ишене албады, атасы тек гана алыска-а-алыска саякатка кетти деп түшүндү жана ал — балакай Вова атасы кеткен жакка сапар салууну чечти.
Ал ортодо сөөктү жайына бериш керек эле. Сыртта болсо өтө кыйын мезгил, эки миңинчи жылдыктын аягы, тополоңдуу токсонунчу жыл турган. Бирок Григорий Петрович жооптуу кызматкер болуп иштечү, ошондуктан ал иштеген уюм колдон келген жардамын кылышты. Баарынан жаманы көрүстөнгө келгенде көрүндү: орунду оорчулук менен эптеп табышты, а бирок ал жер түзүк, ал тургай мүрзөнүн көрүнүктүү жерине туш келет экен. Григорий Петрович динге ишенчү беле же жок беле, анысын эч ким билчү эмес, түшүнүксүз дагы болчу. Ошого карабастан жаназасына кынтыксыз камданышты.
Жаназа жараяны велосипедисттер клубунда өттү: анын биринчи кабатында терезеси жапжашыл, тынч жана анча-мынча ыплас бакчага караган чоң зал жайгашкан. Табытты залдын төрүнө — босогонун түптүз каршысына коюшту. Гүлдөр, ал тургай желек да коюлду, ал эми адамдар анча көп болгон жок. (Наталья Семеновна өзүнүн Вовкасын топурак салууга жибергиси келбей, аны таенесинин дачасына жиберип ийген).
Табытта Григорий Петрович картаң көрүнөт: элүү жаш эмес, жүзгө, керек болсо жүз онго чыккандай. Териси сыйрылып түшүп калгандай шылынган, көздөрү жумулуу, бирок алар эми эч качан ачылбайт деген кандайдыр бир бекем ишенимди билдиргенсийт. Колдору да эми эч качан кайра жазылбайт деген толук ишенимде коюлган сымал.
Анча-мынча ыйлап-сыктамыш этишти: албетте, жалгыз гана жубайы боздоп ыйлады, эжеси да үн чыгарган болду. Григорий Петровичтин ата-энеси илгери эле өтүп кетишкен. Эки досу болсо басып келбей коюшту. Эмнегедир он беш чакты киши чогулуптур, кыясы алар велосипедисттер клубундагы таптакыр тааныш эмес кишилер болсо керек.
— Темселеп эмне жүрүшөт биякта? — Агафья кемпир жактыра бербей күңкүлдөдү. — Маркум аны бүт Москва, бүт ичкичтер билгидей аракеч эмес эле го. Ал жоопкерчиликтүү, жоош киши болгон. Үй-бүлөсүнө жан тартчу.
— Ушундай кантип болсун, — деп аны коштоп кетти дагы бирөөсү. — Жадагалса табытта да тынч жаткырышпайт. Ошентип өмүр бою тытынып, тырмышып жүрөсүң, эмненидир издеп кыйкырасың, кыпчынасың, аягында көргөн сыйың мына ушундай адепсиздик. Табытка жатаарың менен бетине шалп эттире түкүрүшөт...
— Айтпагылачы, — деп шыпшынды үчүнчү бир тууганы, — тааныш эмес береги балдар, сыягы, ичип алышкан го дейм...
Ал ортодо Григорий Петровичтин эки коңшусу — Николай менен Сергей короо четиндеги бак артына жашынып, ичкенге камынышты.
— Анда эмесе, арты кайырлуу болсун! — деди бирөөсү.
— Кайырлуу болсун! — деп коштоду экинчиси.
Маркумду эскерип тартып жиберишти да, Сергей:
— Маркум өлөөр алдында өзүн жаман алып жүрдү... — деп эстеп калды.
— Эмне үчүн жаман? — деп селт эте түштү Николай.
— Дайыма эле мушташып калган. Бирдеме болсо эле так мурунга берип калат деп кой. Оорукчан болсо да, эмне болорун бүт түшүнчү.
— Андай болушу мүмкүн эмес, — деп бүшүркөдү Николай.
— Чын, — деп баш ийкеди Сергей, андан соң ойго бата минтип кошумчалап койду: — Балким, өмүр-турмушу тик ылдый кетти өңдөнөт.
— А эмне үчүн өлөрүнүн алдында мурдуңду каңдап жүрөт?
— Ооба, ошентпедиби. Бирок сен аны жөн гана ээнбаштык деп ойлобо. Батиринде жалгыз калган сайын бакырып-өкүрчү, көп ирет укпадымбы. Анткени үйүбүздүн ортосундагы дубал жука.
— Элдин баарына кыйын болду, — деп тишин кычыратты Николай. — Балким ал берегини түшүнө албаган чыгар: денең бар — анан эле бир заматта аның жок. Анын денеси мыкты болчу биздикине караганда...
— Ке, алып коёлубу? — деп күңк этти Сергей, жарыша тартып жиберишти.
Ал ортодо залда бир саам жымжырттык орун алды. Дал ошо маалда босогодон типтирүү Григорий Петровичтин өзү көрүндү. Тим эле кайыптан бүткөнсүп ың-жыңсыз капилет пайда болду. Адеп ага эч кимиси көңүл бурган жок: киши кирсе эмне экен, кыязы дагы бир бөтөлкөлөшү табытта жаткан Григорий Петрович менен коштошкону келген чыгар. Григорий Петровичтин өзү, же, тактап айтканда, табытта жаткан Григорий Петрович кыймылдап да койгон жок: мелтиреп уктап жатат. Өлүк адам жатканы дароо байкалат. Бирок тирүү Григорий Петрович акырын, жа-ай, бирок түптүз аны карай жылып барат. Акырында биринчи болуп аялы бакырып ийди:
— Гриша!
Ооба, Гришанын эле так өзү: ошол эле күрмөсү, эң башкысы, анын байкалар-байкалмаксан басыгынан дейбизби, ууртундагы билинер-билинбес жылмаюусунан дейбизби, айтор, караар замат анын Гриша, турган турпаты менен Гуляев Григорий Петровичтин өзү экенин тааныйсың. Ал эми башка бир анын так өзү ушу тапта постаментте, гүлчамбарларга курчалып салтанаттуу, бейпил жатат.
Наталья Семеновна дагы бир ирет көздөрүн бакырайтып, күп эте кулап түштү.
— Гриша!
Ачыгын айтканда, эч ким эч нерсени түшүнгөн жок: анын жүрөгү кармап калды деген ойдо аны басып жыгылышты, ал эми тирүү Григорий Петровичти бир нечеси сенек боло карап калышты.
Аябагандай кырс мүнөзү менен айырмаланган (кээде поезддин алдына жатып алып түнөчү) анын бир тууган эжеси Елизавета Петровна, тирүү Григорий Петровичке бир аз жакындай келип, минтип сурады:
— Сен кимсиң?
— Тетиги табытта жаткан кишимин. — Ошентип тирүү Григорий Петрович өлүк Григорий Петровичке жакындап барды. Муз болуп катып калган анын эжеси да жакындап келди. Калганы бүт таш болуп катып калган же эс-учу жок аялдын тегерегинде күйпөлөктөп жүрүшөт. Айрымдары нарыраакта жөн гана шыбырашкан болушат.
Тирүү Григорий Петрович өзүнүн сөөгүн көз албастан, ырасы, аябагандай капалуу карап калды. Уламдан-улам сенейгенден сенейип Елизавета Петровна оозун араң кыбыратты:
— А бу ким? — деди башы менен жаңсай.
— Бул менмин, — деп кабак түйө жооп узатты Григорий Петрович.
— Гриша, бирок сен сүйлөп атпайсыңбы, басып жүрөсүң го, — деди Елизавета булдуруктап, анын бир жак көзү чанагынан чыгып кете жаздады.
— Антсем эмне экен? — тирүү Григорий Петрович какшык аралаш кайра суроо узатты да, өлүп жаткан өзүнө өзү кечирим сурагандай таазим эте, ийинин булгаган болду.
— Ошо кантип болсун? — эжеси бетин жыйырды.
— Болот эле, — Григорий Петрович мына-мына эт-бетинен кетейин деп турган эжесин бурула карады. — Макул, Лизок, мен кечинде кечирээк келеримди Натальяга айтып кой, жарайбы. Ал эми Вовканы кайра артка албасын. Жана да кечки тамакты жасап койсун: колбаса менен жумуртка, айран, анан нан. Арактын кереги жок.
— А менчи? — жалына шыбырады эжекеси.
— Сага эмне жок? Сен экөөбүз ансыз деле тууганбыз.
Тирүү Григорий Петрович өзүнүн табытынын жанынан каадалана ары-бери басып, башына келип токтоду. Гүлдүн бариктерин, небак жансыз ак аралаш чачтарын, саргая түлөгөн чекесин сылап келип, өзүнүн өлүк кулагын байкатпастан чоюп койду. Андан соң эжесине жүз бурду.
— Эмесе мындай, — деп шыбырады ал. — Эгерде Наташка корко турган болсо, мейли, уктай берсин. Сен ага айткын, корко турган болсо уктап калсын. Мен тамагымды өзүм эле камдайм, анча-мынча шам-шум этип алып, акырын койнуна кирем...
Ошентип Григорий Петрович өлүк жаткан өзүнө далысын салып, какайган бойдон, бирок баары бир кейиштүү тейде сыртка чыгып жөнөдү. Узатып жаткандардын көбү аны өңүнөн таанышчу эмес, ошентсе да эч тоскоолдуксуз залдан чыгып кеткенин көрүп, шал болуп катып калышты.
Албетте, кайсы бир жаш бала аны маркум деп эсептеп анын колун кармап көргөнгө аракет кылды, бирок акыркы көз ирмемде анткенге батына алган жок.
Григорий Петровичти дурус билген үч киши эстери ооп, жерде оонап жатышты. Алардын бирөө чөк түшө отуруп алып эс-учун жоготуп койгонсуп эки муштуму менен төшүн койгулоодо. Башкалары болсо дагын деле Наталья Семеновнаны жулкулдатып, эсине келтире албай убара. Айрымдары көзүнө көрүмчү көрүндүбү деп маң болгон.
Кээ бирөөсү өлүк Григорий Петровичке көз кыйыгын салат кыймылдап аткан жокпу деп. Кырдаалды ак чач узун абышка, сыягы сектант өңдөнбөйбү, ого бетер тереңдетти: ал болуп жаткандардын бардыгын акырын байкап туруп, табытка келди да, маркумдун бетине жаба түкүрдү, болгондо да сөөмөй кесей коркуткансып бериле түкүрдү.
Анан көрүп ал!
Тууган-туушкандары, баарынан да маркумдун эжеси сектант абышканы алка-жакадан алып, кимдир бирөөсү анын сакалына асылды. Ышкырык үнү чыкты, кимдир бирөөлөр милийса чакырып жаткандай.
Ал ортодо музыканттар эч нерсеге көңүл бурушпастан, түзүлгөн келишимге ылайык, кайгылуу маршты ойноп киришти. Ал эми залдын ичиндегилер мурун каңдоого жетип калышкан. Кийим-кечеги салаа-салаа айрылган сектант чал полдо оонап жатты.
Так ошо маалда Наталья Семеновна эсине келди. Ал айланасына аң-таң боло карайт. Табыт өз ордунда туруп, а дүйнөнүн авазы төгүлүп, аны мушташ менен айкырык-чуу коштогонуна карабастан бу дүйнө эч нерсеге окшобой турду.
Ал ортодо залдын аяк-башын «азыр эле тирүү Григорий Петровичтин өзү келип-кетти... демек, бу сөөк узатууда кандайдыр бирдеме жайында эмес» дегендей күбүр-шыбыр аралады. Кайсы бир толук саргыч киши «өлүктү алмаштырып салышкан тура» деп айкырып, маркумду табыттан сууруп жөнөдү эле, тегерегиндегилер аны араңдан зорго ажыратып калышты. Ошондон соң окуя укмуштуудай фантастикалык бурулушка айланды: бардыгы бири-бирин баса жыгылып жулмалашып, а калгандары болсо айкырып-кыйкырып жатышты.
Наталья Семеновна болсо өзүн аркы дүйнөгө кеткен экемин деп ойлоп, кайрадан эс-учун жоготту.
Коңшу-ичкичтер — Сергей менен Николай «кокуй-алат, аз-маз ашыра ичип ийиппиз, анткени азыр эле залдан чыгып автобустун аялдамасын карай баскан Гришаны көрдүк» деп айкырык салып, бак артынан атып чыгышты. Ал ортодо кимдир бирөө тарабынан чакыртылган милийса жетип келбеспи. Адегенде башчысы — чачын буурул баскан лейтенант-оперативник каадалуу чыккан. Бирок табыттын алдында тытышып жаткандарды көргөндө алапайын таппай калды. Ошентип ал жана аны коштоп келгендер ыңгайсыз абалдан беш-алты мүнөттөн соң гана араңдап жатып чыкандай болушту.
— Жаназага келгендердин бирин калбай кууп таркатыш керек! — деп бакырды лейтенант эс-учу жок сулк жаткан Наталья Семеновнага келип, анткени ага бул маркумдун жубайы деп айтышкан. Капилеттен лейтенанттын жанында сыйда кийимчен бирөөсү шынаарлап калды, сыягы ал велосипед клубунун чоңдорунан болсо керек. Наталья Семеновнаны булкулдатып-жулкулдатып жатып, акыры эсине келтиришти көрүнөт.
— Мобу сенин күйөөңбү же сеники эмеспи?! — деп бакырды ал табытты көрсөтүп. Наталья Семеновна бырылдап ыйлап кирди. — Силер мобу жапайы жаназаңар менен биздин коомду демократизациялаштыруубузду бузуп атасыңар!!! — Ал киши Наталья Семеновнаны тегерене чуркап чаңырып жатты.
— Ай, силер буга эсине келгидей мүмкүндүк бербейсиңерби, — деп бакырды ага Агафья кемпир. — Кудай алып кеткирлер десе! Силер баарын териштирүүгө тийишсиңер! Ой, мунун күйөөсү өлгөн бекен же тирүүбү, адегенде ушунусун тактасаңар боло?!
Лейтенант көздөрү чанагынан чыгып кете жаздап токтоду. Мындай кептер менен табыттын айланасындагы ур-токмокту көтөрө албасын сезди белем, лейтенант залдын ортосуна чыгып, бурк этти:
— Ээнбаш кылыгыңарды токтоткула, болбосо атып салам!
Ошентип ал тапанчасын сууруп чыкты да, эмнегедир сөөк жаткан табыт жакка карай тап берип калды. Бирок кийин эсине келип, тапанчанын учун шыпка каратты. Анын жанында турган милийсалар сенейип катып калышты. Тилекке жараша, анын өктөм үнү менен каардуу сүрү, ырасында эле кырдаалды дароо жоошутту. Буркан-шаркан түшүп чарчаган көк мухит сымал уруш-талаш тынчып, аялдардын эчкирип ыйлаганынан башканын баары жым болду. Велосипед клубунун чоң сымалы лейтенантка келип:
— Эми эмне кылабыз, жолдош... лейтенант мырза? — деп сурады кооптоно.
— Эмне кылуу керек? — деп ойлуу күбүрөндү начальник. — Биринчиси: окуя тууралуу ооздон сөз чыкпасын. Экинчиси: жаназа жыйнаштырылсын, музыка токтотулсун жана так ушу мүнөттө мүрзөгө карай жөнөгүлө. Машинаңар барбы? Бар. А мен болсо, бардыгы ойдогудай болуш үчүн көз салып турам.
Бардыгы анын буйругуна баш ийишти.
Табытты машинага алып чыгышты. Бирок зыйнатка келгендердин пикири эки ача кетти: көпчүлүгү сөөк коюуга барыштын кереги не, анткени ким коюлуп жатканы али белгисиз да деп моюн толгошту.
Наталья Семеновна аякка баруудан таптакыр баш тартып жаткан, бирок кийин, табытты машинага түртүп киргизип жатканда анын капкагын ача салып айкырып-кыйкырып коё берди:
— Ооба, бул так ошо, Гриша! Оо менин сүйүктүүм, кагылайыным, айланып садагаң кетейиним. — Ушинтип өпкө-жүрөгүн чапкан ал түптүз эле табыттын артынан аза машинасынын аңырайган оозуна чумуп кетти. Анын артынан Григорий Петровичтин эжеси Елизавета жана дагы бир нече киши түштү.
Жолду ката Елизавета эже Наташага тирүү Григорий Петрович эмне айтып, эмне койгонун ийне-жибине чейин калтырбай сеймедиреп келатты. Аңгеме аяктап калган маалда Елизаветанын көздөрү капилеттен тумандап барып токтоду. Ал өзүн чынында эле тиги дүйнөгө, бирок аябагандай жаман дүйнөгө барып келгендей туюп, Елизавета Петровна сүйлөнө кетти:
— Кара сага, бу жерде өлүк Григорий Петрович, ошол эле маалда тирүү Григорий Петрович келип кетти. Булар экөө — бири өлүк, а бири тирүү.
Ушул сөздөрдөн соң Григорий Петровичтин жубайы тажай баштады. Сөөк коюу ырасымы өлүү жымжырттыкта, тынч аяктады. Бирөө да унчуккан жок. Тек гана милийсалар аларды алыстан байкап карап турушту.
Ошентип, өлүк Григорий Петровичти тез эле көөмп бүтүштү. Эч кандай ача маанилүү, ээн ооз кеп чыкпады. Ошондой болсо да, акыр-аягында чыдай албай кетишти өңдөнөт: суюлуп калган кишилердин арасынын велосипед клубунун залындагы мушташта таяк жеп, кийими салаа-салаа айрылып, уйпаланып чаң болгон чал чачтарын желге желбиретип, көрүстөнгө карай сөөмөй кезей ач айкырыкты салды:
— Биз тиякка кетишибиз керек! Тиякка! Анткени Григорий Петрович — ал өлүк, жана ошол эле учурда тирүү. Ал табытта жатат, ошол эле учурда басып жүрөт!.. Биз тиякка кетишибиз керек! Тиякка! Григорий Петровичке!
Милийсалар жакындап келишти да, чалдын оозун жаап, ошону менен иш бүттү.
Наталья Семеновна үйүнө ойлуу кайтты. Башында бир гана ой бар — Григорий Петрович бүгүн кечте келем деп убада кылбадыбы. Аны Елизавета Петровна узатып келди, калган туугандарын шамал айдап кеткендей. Анан ал маркумдун эжесин да үйлөп жок кылды. Наталья Семеновна жалгыз калды.
Өзүнүн жалгыз бөлмө батирине кирди да, жарыкты жандырып, көндүм адаты менен Григорий Петрович дайындагандай, колбаса менен жумуртка кууруп... кечки тамакты жасап жатты.
Ошентип улам-улам саатты карап коюп күтүп отурду. Анан, сенек абалынан селт эте ойгонуп, алдастай түштү: мен эмне, акылдан айныдымбы? Акыр-аягы кимди күтүп отурам, ботом? Григорий Петрович топ сымалы томолонгон жердин жети катмарынын астында жатат, ага аяктан чыга качыш кайда. Анан ал шарт туруп күзгүнүн алдына келди: чачы-башын оңдоп-түзөп, эриндерин боёнду да, күйөөсүн узак иш сапарынан күткөнсүп үстүнө кайсы бир кооз көйнөгүн кийгиси келди. Өзүн ушул жерден токтотуп, өзүн өзү аяп жашып алды: демек ал чындап эле акылынан айный баштаптыр да. Акыр-аягы өзүн өзү колго алды өңдөнөт, эмелеки жаман ойлор чар учкандай тарады. Эптеп бирдеме кылыш үчүн бөлмөнү жыйнаштырып жатып, кечки санаадан таңкы акыл артык эмеспи деп чечти.
— Укташ керек, — деди ал жарым ыстакан аракты тартып ийип, шапа-шупа чечинди да, төшөгүнө кулады. — Эртең иш мындан да көп болот, ошентип-ошентип эле бул жаңжал унутулуп кетпейби...
Ошентип ал бат эле уйкуга кетти.
Анын түшүнө Елизаветанын туман баскан көздөрү кирди. Анан уйку аралаш эшикти бирөө ачкыч менен бурап жаткандай угулду. Бирок бул түш эмес эле, мунун баарын ал дапдаана сезип жатты. Көзүн ачууга алы келбеди, чарчоо менен арак анын денесин чоюндай чырмаган, а эң башкысы — ага азыр баары бир эле. Анын акыл-эсинин жарымысы уйкуда, жарымысы ойгоо болчу. Ал ошол ойгоо акыл-эси менен баарын сезип-туюп турду. Кимдир бирөө ашканага киргенин, андан кийин күйөөсүнүн күңкүлдөп күбүрөнгөнүн, чалпылдатып чайнап жатканын, тарелкалар менен кашыктардын үнүн укту. Бир саам баары тынып калды. Анан капилеттен: сөгүнүп-сагынганы, тарелкалардын кагышканы, калдыр-шулдур жана «ушинтип да тамак бышырабы, үйдүн баары таракан» деген күйөөсүнүн добушу; андан ары кайрадан сөгүнүп-сагынуу, суунун бүлк-бүлк куюлуп жатканы... Акыры ал беймаал уйкуга, эс-учун туйбас терең уйкуга кирди.
Эртең мененки ондо ойгонду Наталья Семеновна. Кара терге чыланып, үрөйү уча ашканага башбакты: жумуртка желген, тарелка сынган, суу төгүлгөн. Бирок батирде эч ким жок эле. Наталья Семеновна өзүнүн боюна карап, ачуу чаңырып алды: анда зордуктоонун дапдаана тактары байкалып турган...
— Гриша, алтыным, эмнеге минттиң? — деп кыйкырып жатты ал.
Кыскасы, өлүк Григорий Петрович жер астында жатса, тирүү Григорий Петрович так эле ушу жер аталган жерде басып жүргөн жана Наталья Семеновна ойгонгон ошол тапта анын үйүнөн таптакыр алыста болчу. Ал эми Григорий Петровичтин өлбөс руху аны — өлүүсүн да, тирүүсүн да таштап, алардын экөөнөн тең алыска-а-алыска, өлүм каргысы барлардын дем алуусунан жашырынып жана өлүк жана тирик Григорий Петровичтин экөөсүн тең Аалам менен жападан-жалгыз калтырып өзүнүн Көктөгү Атасына сапар салган.
Бул окуя көз кырына капилеттен илинген ааламдын Арад кудайы адам-пендесинин ушундай укмуштарын көрүп алып би-и-р каткырды дейсиң, ал тургай анын кол астындагы Д планетасы да анын каткырыгынан кыйрап кете жаздады, каткырыктан чыккан бороон анын үстүн алты айланып араң тынды.



