Биз ааламдык эмеспиз, тек, облустук элебиз...
* * *
Т. Кибировко
Биз ааламдык эмеспиз, тек, облустук элебиз.
Кеңдигибиз тиги күйгөн кайыңга эле жетчүдөй.
Сөзгө сөздү жалгаштырып келебиз,
Анан аяз бекемдеп аны кетчүдөй.
Биз чулдукпуз, сазыбыз — бизге кең аалам.
Абдан көнгөм ыңгайлашып бу жайга.
Думаналар жолукса айтам мен анан:
жолуң алыс, барсаң эгер Дунайга,
жеңил ойлуу Сенага же, текеберлүү Тибрге.
Кароосу жок калтырбагын буюмуңду эч жакка.
Мында эркектер кажылдап өз тилинде,
аялдары алып жүрөт атайылап бош чака.
Сузуп алсаң Тибрден да, Дунайдан,
тамшандырат муздактыгы, тазасы,
бизди эстейсиң кетпей жүргөн бу жайдан:
калкып чыгат суудан дунай розасы.