Чапаев жана Боштук

(романдан үзүндү)

Көп өтпөй Мария өзүн көркөм галареянын узун залы менен бараткандай сезди, анткени курчап турган караңгылык дүйнөсүнөн улам көрүнө калып жаткандар көп тургандан улам көөнөргөн заманбап искусствонун орчундуу оокаттарына окшой калып жатты. Аны көздөй «валюта алмаштыруучу жай» деген жазуулуу көрнөктөр, курч маки менен жонуп жасалган отургучтар каалгый сүзүп чыга келип жатты, анан абдан көп санда жолуккан бош банкалар жаштардын азыркы мууну көбүнчө сыра ичимдигин тандаарын тастыктагансыды.

Түтүндөн колунда кандайдыр автоматы бар тынчы кеткен адамдар сүзүп чыгып, кайра эле көмүскөгө чабак уруп кирип кетип жатты. Алар Марияны байкабагандай түр көргөзүштү, ал да буларга ушундай эле мамиле кылды. Ансыз деле Мария жөнүндө ойлогондор менен эстегендер жетиштүү болчу. Алар канча эле, миллион беле? Ондогон миллиондур. Мария алардын санын так билчү эмес. Бирок өзүнө тагдыр айдактагансыган алардын жүрөктөрүнүн кагышынын дабышын бириктирип, бир учурда чыгарса дарыянын ары жагындагы кулак тундурган үндөрдөн алда канча катуу угулаарына ишенип турду.

Мария эмне болгонун түшүнүш үчүн жалжылдаган көздөрүн жүлжүйтө эки жагын элеңдей карап алды.

Бул эле жакын жерден, кайда экени калың түтүндөн улам көрүнбөгөн алыс эмес аралыктан улам бир убакыт өткөрүп калдырт эткен катуу дабыш чыгып, артынан иттин үргөнү жана адатта топ киргенде стадиондон угулгандагыдай ызы-чуулуу үндөр угула калып жатты. Мария бул үндөр жаатында эч нерсе биле алган жок, балким дарыянын аркы өйүзүндө кино тартып жатышкандыр, мүмкүн жаңы орустар кимиси жаңыраак экенин териштиришүүдө. Аларды тезирээк эле ажыратып коюшса экен, болбосо дагы канчалаган жаш жигиттер асфальтка кулап, жарылган жүрөк каны менен аны сугарышарын ойлоду ал улутуна берип.

Мария бул асман менен күндү жаба оргуштаган кара түтүндүн алдында бүкчүңдөгөндөрдүн Кудайдан башка эч ким билбеген түйшүгүн жеңилдетүүнү ойлоно баштады. Анын көз алдына ачык, жаркын, жөнөкөй кебетелер келе баштады — мына жупуну көйнөк кийген ал өзүнүн келиши үчүн кожоюндар тарабынан таза жыйналган батирге кирди. Мына самоор коюлган дасторкон четинде кожоюндар өзүн сүйкүмдүү карап отурушат. Буларга бир нерсе деп айтыштын кереги жоктугун өзү да билет, жөн гана маңдайларында отуруп, болушунча мээрим менен караш керек жана шыртылдата тарткан камераларга мүмкүнчүлүгү жетишинче көңүл бурбашы зарыл. Же болбосо мындай: оорукана бөлмөсүндөгү ыңгайсыз орундарында жаткан дене-бою таңылган жаралууларга көрүнгөндөй кылып дубалга өзүнүн сүрөтү илинген. Керебеттегилер сүрөтүнө карашат да, бир саамга кырсыктары менен оорулары тууралуу унута түшүшөт...

Мунун баары сонун болчу, бирок бул жетишсиз экенин бүдөмүк түрдө түшүнүп турган, жок эгер жамандыкка каршы туруу үчүн күч керек болсо, анда ал катаал, жөндөмдүү, көздөгөнүнөн кайтпас болушу керек. Бирок бул күчтү каяктан алат? Анан ал дагы кандай болушу керек? Мариянын бул суроолорго жообу жок, бирок дал ошол үчүн азыр ушул жээк менен келе жатканын сезип турду.

Желп эткен жел бир ирмемге айлананы курчаган түтүндү кубалап, Марияга күндүн нуру тийди. Ошондуктан ал чыканагына таянды да, капысынан жоопту кайдан издешти түшүнө койду — албетте, ал бул жакка өзүн чакырган жана ушул түтүндүү жээк менен биригүүгө мажбурлаган сансыз жүрөктөр менен акыл-эстерде болчу. Булардын баары телеэкранды тиктеп турган миллиондогон көздөр аркылуу аң-сезим мухитине куюлгансыды, анан бул мухит өзүнүн көз алдына бүткүл мейкиндиги менен ачылды.

Ал айланага көз жүгүртө берип, башында өзүнө жардам бере алгыдай эч нерсе көргөн жок. Жок, бул аң-сезим мухитинде баарын жеңе алчу күч бар эле, жок эле дегенде ал көпчүлүгү менен теңтайлашарын болжосо болмок. Андыктан кандайдыр бир жалпы элес жаралды: эки өңүрлүү кызыл күрмө кийген, кең далылуу болгону менен башы анча чоң эмес жаш жигит жалпагынан келген узун автоунаанын жанында турду.

Бул унаа абада эрип бараткандай бүдөмүк, анткени Мария көрүп тургандар чала бүткөн сүрөттөгүдөй бири-бирине коошпогон ар түрдүү дааналыкта эле. Жаш жигиттин жүзүндө да болжолдонгонсуган бүдөмүктүк бар, тармалынан келген куйкул-күрөң чачынын учтары тикчийип бир аз дааналанган, анткен менен күрмөсү такталып тартылгандай, ал тургай кичине үңүлсөң алтын түстүү топчуларындагы жазууну окусаң болчудай. Бирок Мария буга барган жок. Кеп топчулардагы жазууда эмес, иштин баары бул баарын жеңүүчү күчтү өзүнүн аруу сүйүүсү менен бириктириште эле.

Мария токтоп, тосмонун чоюн торчолорун бөлгөн гранит мамылардын бирине өбөктөдү. Өзү ишенген акыл-эстер менен жандүйнөлөрдөн суроолоруна жооп издеши керек эле, бирок бул жолу мээ катырып ойлонуштун кереги жок болчу — муну Мария так билип турган. Керек болчу...

«Ал жакта жок дегенде бир акылдуу аял болуш керек да», — деп ойлоду ал.

Ал акылдуу аял дээрлик ошол замат табылды. Мария анын атын билчү эмес, ким экенин, ал тургай кебетеси кандай экенин да билбечү.

Жөн гана бир ирмемге китепке толгон бийик шкаф, кагазга көмүлгөн үстөлдөгү жазуучу машинка жана анын үстү жагына илинген желмогуздукундай тармал муруттуу, катаал көз караштуу кишинин сүрөтү тартылып өттү. Мунун баары ак-кара, ийри-муйру жана калтылдаган көрүнүштө көзгө тартылып, Мария аны эски, экраны тамекинин кутусунан да кичине телевизордон көрүп тургандай сезилди, анын үстүнө ал бөлмөнүн ортосунда эмес, кысылган бир бурчунда тургансыды. Бирок көз алдыдагы көрүнүш өтө тездик менен көздөн кайым болду, Мария көргөнү боюнча ой жоруганга да үлүгүрбөдү, мындан соң көңүлгө башка ойлор келди.

Мария өзүнө ачыла берген түшүнүктөрдүн куюнунан дээрлик эч нерсе түшүнгөн жок. Анын үстүнө бул куюндан ал кандайдыр эски сандык ачылгандай бүкшүгөн жытты сезди, чаңга басылгандай күңүрт көрүнүштү байкады. Ал таштанды сымал ыпылас, аң-сезими толукталбаган жан менен байланышып турганын түшүндү. Анан мунун баары көңүлүнөн өтүп бүткөндө чоң жеңилденүүнү сезди. Анын кызгылтым боштуктагы жандүйнөсүнөн кармагандары толук түшүнүксүз бир нече сөздөн турду. Ал сөздөр мындай эле — «сулуу айым» (бул жерде сөз ким жөнүндө экени түшүнүктүү болчу), «бейтааныш» (бул дагы), андан соң «Күйөө» деген сөз (эмнегедир баш тамга менен) жылтылдады, андан ары «Мейман» деген сөз окулду (бул дагы баш тамга менен), андан ары «алхимиялык нике» деген көп түшүнүксүз сөз окулду, андан соң таптакыр күңүрт маанилүү сүйлөм ойго илинди «эс алуу бекер, дарбазаны кагам». Ушундан кийин ойлор токтоду да, кайрадан маңыроо көз караштуу, сакалы мурдунун алдынан эле башталгансыган кишинин сүрөтү көрүнүп өттү.

Ал эки тарабына айласы кеткендей карап алды. Мурдагыдай эле айланадагы негизги көрүнүш түтүн болчу. Мария тыкылдата турчу дарбаза жакын арада эле турбасын деп ойлоп, караңгылыкты карай тартынчыктаган бир нече кадам жасады. Караңгылык бардык тараптардан артка чегинди, ал коркуп кетти да, бир аз жарыгыраак болуп турган жээктен тездик менен чегинди.

«Эгер тыкылдатсам, — деп ойлоду ал, — кимдир бирөө ачар беле?»

Арттан автоунаанын күрүлдөгөн үнү угулду. Мария жээктеги тосмого жабыша берип, түтүндөн эмне чыгып келерин аярлык менен күтө баштады. Бир нече секунд өткөндөн кийин узунунан келген, ар кандай түстөгү ленталар менен кооздолгон «Чайка» маркасындагы кара машина жанынан абдан жай ылдамдыкта жыбылжый өттү. Анын түшүнүгүнчө, бул жаңы үйлөнгөндөрдүн экипажы болчу. Үстүнө жалтылдаган чоң-кичине шакек жанаша бекитилген машинанын ичи тунжурай ойлонгон кишилерге толо экен, терезесинен бир нече автомат жарымына чейин сороё чыгып баратты.

Мария «Чайканы» узата карап турду да, өзүн алаканы менен чекеге чаап калды. Албетте, ал түшүндү. Ооба, так ушундай. Бириктирилген кош шакек, Күйөө бала, Мейман, Демөөрчү. Алхимиялык нике — чынында түшүнүксүз, алхимиялык деген эмне болду экен, бирок, бирдеме болуп кетчү болсо жактоочусу мыкты. Мария баш чайкап алып, жылмайды. Ушунча убакка чейин эң жөнөкөйүн жана эң негизгисин кантип көрбөй келди? Дегеле, эмне жөнүндө ойлоду эле?

Ал эки жакты каранып алып, жарык келип жаткан тарапты болжолдуу түрдө боолгологон соң, колун батышты карай сунду (кандайдыр сезими менен Күйөө ошол жактан келери түшүнүктүү болду).

— Кел! — суранычтуу күбүрөдү ал, анан дароо эле бул дүйнөгө пайда болгон кандайдыр нерсенин өзүнө болгон катышын сезе койду.

Эми жолугушууну аягына чейин күтүш гана калган. Ал болочок күйөөсү экөөнүн ортосундагы аралык улам кыскарып келатканына кубанган бойдон жээк аркылуу чуркап жөнөдү, ашыгы да өзү сыяктуу эле жолугушууну сезгендиктен бери көздөй түз келатты, анын болгон айырмасы ашыкпаганы болчу, анткени шашкалактоо анын мүнөзүнө жат эле.

Түтүндүн арасынан күтүүсүз пайда болгон канализациялык кудукка түшүп кетпей аз жерден калган Мария кадамдарын жайлата берип, кайсалай чөнтөктөрүн аңтара кетти. Анын башына жанында күзгү да, косметикасы да жок экени келген эле. Марияны бир заматта айласыздык курчап алды. Ал тургай чагылышынан жүзүн карап алышка жолдон кандайдыр көлчө көргөнүн эстегенге да аракет кылып жиберди. Бирок айла кеткендик кандай пайда болсо, ошондой жок болду. Мария Күйөөнүн алдына кандай баргысы келсе, ошондой бара аларын эстеди.

Ал бир азга ойго бата түштү. Мейли, ал саргайыңкы өңдөгү эки өрүм чачын алдына таштаган, сепкил жүздүү селки болбосо да... Кандайдыр бир жагымдуу нерсе керек, баёо сезилткен кооздук зарыл. Сөйкөбү? Бейсбол кепкасычы? Абдан аз убакыт калган, акыркы ирмемдерде Мария жүзүндөгү албырууга үндөшкөн кызгылтым кулакчын менен өзүн кооздоду. Ушундан соң ал көзүн жерден алып, алдыны карады.

Алдыдан, түтүндүн самтыраган этектеринин арасынан кандайдыр темирге тиешелүүдөй элес жарк эткенсиди да, дароо жоголуп кетти. Мындан соң дагы жакындан көрүнүп, кайра жоголду. Капысынан желп дей түшкөн шамал түтүндү капталга жапшырганда Мария өзүн карай келаткан бийик бойлуу жалтыраган сөлөкөттү көрдү. Ушуга удаа эле ал бул темир сөлөкөт кадам таштаган сайын жер солк эте түшүп жатканын байкады (же жөн эле ушундай сезилдиби).

Темир кишинин бою өзүнүкүнөн бир аз бийигирээк болчу, анын келишимдүү жүзүнөн эч кандай кумар менен сезим байкалбады. Мария коркконунан артка кетенчиктей баштады. Арт жакта ачык кудук бар экени анын эсинде бар эле, бирок өзүн карай зор муз жаргычтын тумшугу сымал жылып келаткан темир алптан көзүн тарта албады.

Мария жардам чакырып кыйкырууга даяр болуп калганда темир кишиде таң калычтуу өзгөрүү жүрдү. Алгач анын жаркыраган үч кошконунан жол-жол өңү бар жөнөкөйүнөн келген кадимки труса көрүндү, андан соң үстүнөн ак майка байкалды, ушундан кийин гана кадимки адамдын күнгө күйгөн терилүү бүт денеси көзгө тартылды да, мунун артынан дароо эле кочкул-сары түстүү шымы, көйнөгү, тилкелене кооздолгон галстугу, анан көз кубанткыдай кызыл өңдөгү эки бөлүктүү күрмөсү алтын түстүү топчулары менен жарк этти. Ошондо гана Мариянын жүрөгү ордуна келди. Бирок бүлдүркөн түстүү күрмө көпкө көз кубанткан жок — ал үстүнө капысынан пайда болгон каралжын плащтын алдына жашырылды. Меймандын бутунан кара туфли көрүндү, көзүндө күзгүдөй жалтылдаган кара көз айнек пайда болду. Чачы куйкул-сарылана тикчийип катыганда Мария жүрөк кубанткан сезим менен Күйөөдөн Арнольд Шварценеггерди көрдү. Ооба, бул жолу ал андан башка эч ким эместигин жана боло да албастыгын дароо түшүндү.

Ошентип ал төрт чарчысынан келген айнектин артынан унчукпастан карап турду; эриндеринде билинер-билинбес жылмаюу ойноп жатты. Мария анын көз айнегинен өзүнүн чагылышын көрдү да, кыйшайган кызгылт кулакчынын оңдоду.

— О, Мария кыз, — деди акырын Шварценеггер.

Бул сөздөрдү ал сезимсиз да, жасалмасыз да колдураган, бирок жагымдуу үн менен айтты.

— Жок, ардактуум, — деди Мария сырдуу жылмая берип, колдорун көкүрөгүнө көтөрүп, — жөн Мария.

— Жөн эле Мария, — деп кайталады Шварценеггер.

— Ооба, — деди Мария. — А сен Арнольдсуңбу?

— Sure, — деди Шварценеггер.

Мария бирдеме айтайын деп ооз ачты, бирок капысынан эле айта турган эч кандай сөзү жогу маалым болду. Арнольд дале болсо унчукпастан жымыя карап турду. Мындан улам Мария ыңгайсыздана түшүп, жүзү албырды. Ошондо Шварценеггер жумшак, бирок ыкчам күчкө салган кыймыл менен аны бурду да, жандай баса алып жөнөдү. Мария айтылуу маңыроо чалыш сырдуу жылмаюусу менен өйдө карады. Шварценеггер колун анын ийинине салды. Мария оор жүктөн кичине бүкчүйө түшкөнүндө, негедир ишембиликте устун көтөрүп бараткан Лениндин сүрөтү кылт этип эсине түштү. Сүрөттөгү Лениндин ийининин үстүнөн устундун бир гана учу көрүнүү болчу. Мындан улам Марияга азыр ошол устун устун эмес эле, кандайдыр бир жандын колу сыяктанды, аны Ленин азыр өзү Шварценеггерди карагансып карап бараткандай туюм жаралды. Кийинки ирмемдерде Мария таптакыр эле орунсуз ойду ойлоп жатканын түшүнө калды да, анын баарын башынан кубалап салды.

Шварценеггер ага жүзүн буруп:

— Сенин көздөрүң бир түстүү келип, — дале болсо колдурай сүйлөдү ал, — Айвазовскийдин сүрөтүндөгүдөй экен.

Мындай сөздү күтпөгөн Мария селт этти. Муну Шварценеггер да дароо түшүндү. Андан ары кандайдыр сырдуу кубулуш болуп өттү, же жөн гана сезилдиби, айтор Шварценеггердин башында кандайдыр компьютердик хард-диск акырын иштетилгендей сезилди, анан кара көз айнеги аркылуу сыналгыдагы жүгүртмө жарнамалык саптагыдай болуп, байкалар-байкалмаксан кызыл жазуулар чуркап өттү. Мария коркконунан калчылдады, бирок дароо эле Шварценеггер өзү сыяктуу эле шарттуу жан экенин, ал деле азыркы ирмемде өзү жөнүндө ойлонгон миңдеген орустардын аң-сезиминен жаратылганын эстей калды. Ал эми бул боюнча ойлор эң эле ар түрдүү болушу турулуу иш да.

Шварценеггер алдыга жүткүнүп, ылайыктуу сөз издегенсип бош колун абада кыймылдатты.

— Жок, — деди ал акыры, — сеники көз эмес, бермет!

Мария жанаша берип, аны төмөндөн жогору карай ишене карады. Шварценеггер Марияга көзүн көргөзбөш үчүн кыймылдагансып, башын чалкалатты.

— Бул жакты түтүн каптап жатыптыр, эмне үчүн биз жээк менен баратабыз? — деди ал.

— Билбейм, — деп жооп берди Мария.

Шварценеггер шарт бурулуп, аны тордон алыстата түтүн аркылуу алып жөнөдү. Бир нече кадамдан кийин Марияга ого бетер коркунучтуу боло түштү, анткени түтүн мурдагыдан да коюулана баштагандыктан эч нерсе көрүнбөй калды, ал тургай Шварценеггер да көздөн далдаа калды. Мындай түтүндө анын өзүн ийинден кучактап турган колун гана көрүүгө мүмкүн болчу.

— Мынчалык түтүн каяктан? — деп сурады Мария. — Күйүп жаткан деле эч нерсе көрүнбөйт.

— Си-эн-эн, — деп жооп берди Шварценеггер.

— Эмне, алар бир нерсени күйгүзүп жатышабы?

— Жок, — деди Шварценеггер. — Көргөзүп жатышат.

— А түшүнүктүү, биз жөнүндө ойлогондор Си-эн-энди көрүп жатышат, ал эми Си-эн-эн кандайдыр түтүндү көргөзүп жаткан турбайбы. Бирок эмнеге мынча узакка созулуп кетти?

— Эч нерсе эмес, — деди көрүнбөгөн Шварценеггер. — Азыр бүтөт.

Бирок түтүн таптакыр эле аяктабай койду, ал эми экөө жээктен улам алыстагандан алыстап кетип баратышты. Бир маалда Мариянын башына капысынан эле жанында Шварценеггер эмес эле башка бирөө, жок эле дегенде жанагы ишембиликте Ленинди кучактаган неме бараткандай сезим келе калды, андыктан ал кулакчынды өзүнөн-өзү эле түздөп жиберип, музыканы койду. Бирок музыка да кандайдыр таң калычтуу, бөлөк-салак өзгөрүлмөлүү дегидей, бирде гитара менен чоордун коштоосунда сүйүү жөнүндө жагымдуу ырдаса, кайра дароо эле карышкырдын улуганына окшош электрондук чайылдоого алмаша калып жатты. Бирок кантсе да бир гана алыскы жарылуулар менен адам үндөрүнүн түшүнүксүз кошундусун укканга караганда бул жакшыраак болчу.

Бир маалда капысынан эле түтүн арасынан кандайдыр сөлөкөт атып чыгып, Марияны төшкө түрттү. Ал кыйкырып жиберип, бет алдынан көк жашыл темгил кийимчен, колунда автоматы бар адамды көрдү. Марияга кабагын кадап, оозун ачып бирдеме демекчи болуп келатканда Шварценеггер кучактаган колунан түшүрө берип, аны баштан алып, бүрүшө түшкөндө андай деле катуу күч жумшабастан көзгө көрүнбөгөн түтүн көшөгөсүнүн артын карай серпип жиберди. Анын колу Мариянын ийинине кайтып келери менен ал эркектин таштай бекем тулкусуна ыктады.

— Эх эркектер, эркектер, — деп акырын күңкүлдөдү.

Түтүн акырындан тарай баштады. Мария кайрадан Шварценеггердин жүзүн көрдү, андан соң ачылыш алдында жашырылган айкелден каралжын жабуусу сыйрылгансып, анын алп тулкусу көз алдына тартылды

— Арнольд, — деп сурады ал, — биз кайда баратабыз?

— Сен эмне, билбейсиңби? — деп сурады Шварценеггер.

Мария албыра түшүп, ылдый карады.

«Эмне болсо да алхимиялык нике белем? — деп ойлоду ал. — Мындан мага кыйын болбойбу? Азыр болбосо да, кийин дегеним. Анткени андай болуп эле жүрбөйбү».

Мария бул ойлорунан башын чулгуй көтөрүп, жылмайып турган Шварценеггердин ууртундагы айтылуу чуңкурчаларды көрдү. Мария көзүн жумду да, өз бактысына ишенбеген бойдон ийининдеги күчтүү кол кайда жетелесе, ошол жакты карай жөнөдү.

Шварценеггер токтогондо ал көзүн ачып, айланада дээрлик түтүн аттуу калбаганын көрдү. Алар гранит таштар менен сырты капталган эски үйлөрдүн ортосундагы бейтааныш көчөдө турушуптур. Көчө ээн экен, тээтигинде түрүлүп бараткан түтүндүн тилкесинин алдындагы жээктен гана бүкчүйө автомат көтөрүп, максатсыз баскан кишилердин карааны көзгө урунду. Шварценеггер кандайдыр сырдуу түрдө бир ордунда ыргылжыңданып жаткансыды. Марияга аны түшүнүксүз табияттагы күмөндөнүү эзип жаткандай сезилди. Бул ыргылжыңдануу өзүнө да тиешеси бар болушу мүмкүн экенин ойлогондо коркуп кетти.

«Тезинен кандайдыр романтикалуу сөз айтыш керек, — деп ойлоду ал. — Деги эмне жөнүндө айтышым керек? Ал маанилүү эмес».

— Билесиңби, Арнольд — деп үн катты ал эркектин капталына ыктай берип, — мага кокусунан... Мен билбейм, бул сага макоолук сыяктуу көрүнүшү мүмкүн... Мен сени менен чын жүрөктөн ачык сүйлөшө аламбы?

— Албетте, — деди ал кара айнектерин бура берип.

— Мен сени менен турганымда бийиктерге учкум келет экен! Мага асман таптакыр эле жакын сыяктанып жатат!

Шварценеггер башын көтөрүп, жогору карады.

Түтүн тилкелеринин арасынан чын эле көгөргөн асман көрүндү. Ал өтө жакын дегидей эмес болчу, бирок алыс деп айтууга да болбойт эле.

«Ах, мен эмне деп салдым», — деп ойлоду Мария.

Бирок артка кайтканга кеч болуп калган.

— А сенчи Арнольд, асманга учкуң келеби?

Шварценеггер бир ирмемге ойлоно түштү.

— Учкум келет.

— Сен мени өзүң менен кошо ала кетесиңби? Анткени мен деген... — Мария уялыңкы жылмайды, — мен ушундай карапайыммын да.

— Ок, — деди ал. — Мен сени бийикке ала кетем.

Ал айланага өзүнө гана түшүнүктүү белгилерди издеп жаткандай карап алды да, анан, кебетеси, аларды тапты окшойт, дароо эле Марияны колдон ала чечкиндүүлүк менен алдыга карай жөнөдү. Мария мындай поэтикалуу сүйлөшүүдөн дароо эле ыкчам аракетке өтүүгө таңдана түштү, бирок дароо эле чыныгы эркек ушундай кылышы керектигин ойлоду.

Шварценеггер аны сталиндик узун үйдүн түбү аркылуу алып өттү. Бир нече кадамдардан кийин Мария анын тез басыгына теңелмекчи болуп, плащынын бир өңүрүн кармап чуркап жөнөдү. Ал басыгын асталатчу болсо өзүнө азыр таканчык сымал сезилип бараткан кол темир чеңгээлге айланып аёосуз сүйрөп, башка жакка өткөрүп кетчүдөй туюлду. Анан негедир бул ой курсагынын эң төмөн жагын ысытып, бүт тулкусуна жылуу толкундар аркылуу таралгансыды.

Имараттын аягына чейин барып, Шварценеггер Жеңүүчүлөр аркасы сыяктуу курулушту карай кайрылды. Алар короого киришкенде Марияга таптакыр башка шаарга которулуп келгендей туюм келди. Бул жерде эч нерседен бузулбагандай тынчтык орноп туруптур; айланада эч кандай түтүн жок болчу. Мындан улам жакын арада автоматчан адамдар жүргөнүнө ишенүү абдан кыйынчылык жаратмак.

Шварценеггер Марияны кайда алып баратканын так билгендей баратты. Алар кадимки жылгаяктуу, селкинчектүү балдар аянтчасын айланып өтүшүп, дат баскан гараждардын ортосундагы баш айлантма өткөөлдөргө бой урушту. Мария ушул аранын кайсы бир бурчунда тез жана бир аз олдоксон түрдө алхимиялык нике ишке ашарын жагымдуу коркуу менен ойлоду. Бирок алар бараткан өткөөл капысынан эле ар тарабынан ар түрдүү түстөгү жана бийиктиктеги темир дубалдар менен тосулган ачык аянтка чыга калбаспы.

Тагыраак айтканда аянт андай деле ээн эмес болчу. Болушу керек болгондой эле бут алдыда шишелер жатты, дагы жарылган эки дөңгөлөк менен «Ладанын» бырыйган каалгасы жана дайыма гараждардын жанына чогулган кайдадыр өткөрсө боло турган таштандынын үймөгү.

Булардан башка да, самолет бар экен.

Дээрлик бош жердин баарын ээлеп турса да, Мария аны эң акырында көрдү. Кебетеси көзү аркылуу келген маалыматтарды дүүлүгө түшкөн мээси бир нече ирмемче тазалагыча ушул болду окшойт. Мария сестене түштү.

— Бул эмне? — деп сурады ал.

— Тик учуп, тик конуучу истребитель «Харриер», — деди Шварценеггер. — Модели «А-4».

Мария анын жаагындагы уячаларын көрдү — Шварценеггер жылмайыптыр. Аял үрпөйгөн каштуу кабагын бүркөмүш эткенде, бул айнек менен темирден турган ийнелик Шварценеггердин көңүлүн өзүнө караганда көбүрөөк ээлеп алганынан улам жаралган кызганыч жандүйнөсүндөгү коркунучту сүрүп чыгарды.

Шварценеггер самолетко басып барды. Ойлоруна сүңгүгөн Мария дароо эле ордунан козголо койгон жок, бирок бир ирмемде Шварценеггер трактор боло калып, шашылыш айыл чарба чиркегичине айланган өзүн жулка тарткандан бетер анын артынан жүткүнүп жөнөдү.

— Бирок мында болгону бир эле орун бар экен го, — деди Мария айнек калпакчанын алдына жайгашкан кабинадагы жөлөнгүчтүү орундукту көрүп.

— Бул коркунучтуу эмес, — деп Шварценеггер бир гана жеңил кыймыл менен аны эңип алып, учактын канатына отургузду.

Мария бутун жыйрый берип, ак темирден турган жука жана жылмакай канаттын үстүнө анын артты кыйшайыңкы экенине карабай тура калды. Шамал согуп, этек-жеңин желбиреткенде ал өзү дайыма романтикалуу ролдорду жакшы аткарып келгенин ойлоду.

— А сенчи? — деп сурады ал Шварценеггерден.

Бирок Шварценеггер таң калычтуу тездиги менен эптүүлүгүн айкалыштырып, бир заматта кабинага отура калганда Мария ушундай зор адамдын мындай ыкчамдыгына ишене бербей карады, бул ага кино тасмадагы жасалмаланган кадр сыяктанды. Кабинадан башын чыгарган ал жылмая берип, колун көтөрүп, бармагы менен сөөмөйүнө салынган шакектерин көргөздү. Мария буларды нике шакеги катары эсептей берсе болорун ойлоду.

— Фюзелляжка отур, — деди Шварценеггер, — канаттын бүткөн жерине жайгаш. Коркпо. Муну жөн гана карусель катары элестет же жөн гана атка мингендей сез.

— Сен эмне кылган атасың?..

Шварценеггер башын ийкеди. Анын кара көз айнеги Мариянын жандүйнөсүн аңтарып жаткансыды, дал ушул учурда тагдыры чечилерин ал биле койду. Мунун сынак экенинде күмөн калбады.

Шварценеггердин жанында болууга татыктуу аял коркок жана акылы кыска болбошу керек, анын үй тиричилиги менен төшөк оюндарындагы көп сериялуу чыр-чатактарга гана жараган жүүнү бош бирөө болгону да жарабайт. Ал өлүм коркунучун да бетме-бет тосууга жөндөмдүү болушу кажет, жылмаюудан башка сезимди билдирбеши керек. Мария жылмайганга аракеттенди, бирок бул күлүмсүрөөсү бир аз бошоң чыгып жатканын сезди.

— Эң сонун сунуш, — деди ал. — Мен үшүп калбаймбы?

— Биз узакка учпайбыз, — деди Шварценеггер.

Мария ийинин куушуруп алып, жалпак канаттардын ортосунан балык омурткасындай болуп чыгып турган фюзеляжды карай абайлай кадам шилтеди да, бутун бириктире акырын отурду.

— Nо, — деди Шварценеггер. — Амазонка катары сен менин Калифорниядагы ранчомо барганда отурасың, азыр жакшылап мин, болбосо шамалдан учуп кетесиң.

Мария бир ирмемге ыргылжыңдана түшүп:

— Ары кара, — деди.

Шварценеггер оозунун сол бурчу менен жылмайып алып, башын бурду. Мария бир бутун учактын ак темирден бүткөн кыр аркасы аркылуу алып өтүп, фюзеляжга минди. Анын алдындагы муздак темир шүүдүрүмдөн улам бир аз ным тартып калыптыр. Андыктан бир аз өйдө болуп алдына курткасынын этегин кайрып киргизмекчи болгондо ага Дзержинскийдин өзгөрүү шамалынан кулап түшкөн темир кишинин бурчтанган кыр аркасынабы, же кандайдыр тозоктон чыккан роботтун жонунабы, айтор өз денесинин эң назик деген бөлүктөрү жайыла жабышып калгандай сезилип кетти. Ал селт этери менен бул кыска убакка келе калган кызыктай болгон жолбун сезим жок болуп кетти. Анын ордуна муздаткычтан алынган көмөч казанга отуруп жаткандай сезим келди. Болуп жаткандар ага улам барган сайын жакпай баратты.

— Арнольд, бизге ушуну жасаш керек экенине ишенип турасыңбы? — деп тигиге кайрылды ал. Бул сөздөрдү ал таптакыр башка учурга сактап жаткан, бирок азыр оозунан өзүнөн-өзү эле чыгып кетти. Шварценеггер бир нече секундга ойлоно түштү.

— Сен бийикке учкуң келбеди беле, — деди ал. — Эгер сен коркуп атсаң...

— Жок, — бул сөздү айтыш канча кыйын болсо да айтты Мария, — мага кенедей да коркунучтуу болгон жок. Жөн гана мен сага көбүрөөк түйшүк алып келдим окшойт.

— Эч кандай түйшүк жок, — деди Шварценеггер. — Азыр аябай катуу аңылдайт, ошон үчүн кулакчыныңды тагын. Баса, сен кимди угуп атасың?

— «Джихад Кримсонду», — деди Мария кулагындагы кичинекей тыгынчыктарды оңдой берип.

Арнольддун жүзү нестейе түшүп, таштай катыгансыды. Эгер анын суутек перекиси менен жылтыратылган чачын шамал кыймылдатпаса Мария тартуу тобундагылар чыныгы Шварценеггерди куурчак менен алмаштырып койду деп түшүнмөк.

— Эмне болду?

Шварценеггер бир топко чейин кыймылдаган жок. Анын кара көз айнегинен кызгылтым оттор жанып өткөнсүдү, аларды Мария гараждын айланасындагы бийик клен дарактарынан учкан жалбырактардын чагылышына окшоштурду.

— Арни, — деп чакырды ал.

Шварценеггердин эрдинин бурчу бир нече жолу диртилдей түшүп, мындан соң, кебетеси, ага кыймыл кайрылып келди окшойт. Ал башын чулгуп алды — бул кыймылын ал айланып жаткан дөңгөлөктүн огуна кум кирип кеткен сымал кыйынчылык менен жасагансыды.

— Кримсон Джихадбы? — деп сурады кайрадан.

— «Джихад Кримсон», — деп жооп берди Мария. — Нусрат Фатех Али Хан Роберт Фрип менен. А эмне болду?

— Мындай болбогон кеп, — деп жооп берди ал.

Анын башы кабинанын ичинен көрүнбөй калды. Төмөндөн, самолеттун кайсы бир темир көңдөйүнөн аарынын үнүндөй зыңылдаган дабыш чыгып, ал бир нече көз ирмемдин ичинде жүрөк түшүргөн аңылдакка айланды, — Мария поролон капталган тыгынчыктар кулак ичин карай ого бетер түртүлгөнүн сезди. Мындан соң катуу бир силкип алганда гараждар артта жана төмөндө кала берди.

Толкундагы кайык сымал ары-бери чайпалган «Харриер» тик өйдө көтөрүлдү. Мария учактар ушундай уча аларын билбептир. Ал эгер көзүн жумса коркунуч азаярын ойлоду, бирок кызыгуу коркууну жеңип, бир мүнөткө жетпей эле көзүн кайра ачты.

Көздү ачып биринчи эле көргөнү жылып өтүп бараткан үйдүн терезеси болду. Ал ушунчалык жакын болгондуктан, ал тургай бөлмө ичинде иштетилген сыналгынын экранындагы танкты да көрдү. Ал бурулуп келип атып жиберди. Ошол замат самолет бир жагына катуу кыйшая түшүп, үйдөн тездик менен алыстады. Кулап кете жаздап канатты таянган Мария чайылдай кыйкырып жиберди.

— Антеннаны карма! — деп Шварценеггер кабинадан баш чыгарып, колун шилтегилей берип кыйкырды.

Мария төмөн карап, так эле алдында башы тогологураагынан келген сүйрү темир чыгып турганын көрдү. Муну мурда кандайча көрбөгөнүнө ал түшүнгөн жок. Ал ары да, бери да жыгыла берген, тик да турган нерсеге түспөлдөш келип, чыныгы жашоодогудан алда канча чоң болсо да, Марияны олуттуу ойлорго чакырбастан, күлкүсүн келтирди. Бул бекем урчукту бир караганда эле жандүйнөсүндө коркунуч менен кубаныч орун алмашты. Мындай жагымдуу сезим ушул чарчаңкы Мигелдер, жуунбаган Лендер менен, масайган Ивандар менен жүргөнүндө кандай гана жетишпей жатты эле.

Бул жерде баары башкача болчу: ал тургай антеннанын учундагы тоголокто майда тешикчелер бар экен, бул дароо эле суу алуучу кранды эске салып, ошол эле учурда жер тиричилигине туура келбеген сүйүү менен жашоо жөнүндө ойлонууга мажбурлады. Мария аны сөөмөйү менен көрсөтүп, Шварценеггерди суроолуу көзү менен карады. Ал баш ийкеп, жамажайын жайылта жылмайганда тиштеринен күн чагылышты.

Мария азыр башынан өтүп жаткандардын баары балалык кыялдарынын ишке ашышы экенин түшүндү. Кайсы бир жомок боюнча тартылган фильмди ал бала чагында көп көрүп, андагы асманда учкан ажыдаар менен зор канаттуунун жонуна минип учканын элестеткен. Азыр эми ошолор өз башынан өтүп жатат. «Балким такыр эле мындай эместир, — деп ойлоду ал темир антеннаны тутка сымал кармай берип, — кыялдар так эле биз ойлоп күткөндөй болуп ишке аша бербейттир».

Учак бир аз ылдамдай түштү, мунун Мария өзүнүн антеннага тийгени менен түз байланышы бар экенин байкады. Болгондо да антенна учактын эң сезимтал бөлүгү сыяктанып, учууну демдендиргендей сезилди. Мария темир тутканы сылап өтүп, анын тоголок башынан кармады. «Харриер» жактырбагансып канаттарын кагып алды да, дагы бир нече метр жогору көтөрүлдү. Ушул ирмемдерде ага самолет керебетке байлангандыктан өзүн кучактай албай жаткан, ушундан улам туйлаган эркек сыяктуу туюлду. Эки жакка кеткен канаттар бекем булчуңдуу, бирок кыймылдай албаган буттарга окшошкондуктан ортодогу дал келишүү ого бетер күчөп келди.

Бул кызыктуу болгону менен, өтө татаал болгондуктан, Мария эгер өзүнө тандоо эркиндиги берилсе, бул темир куштун ордуна гараждардын ортосундагы боштуктагы бүктөмө керебетти тандамак. Бирок ал Шварценеггер менен мындан башкача болмок эместигин ойлоду. Ал кабинаны карады, бирок анын айнегинен күн чагылышып тургандыктан ичи даана көрүнгөн жок. Кебетеси ал өз ордунда отургандай, ал тургай өзүнүн кол кыймылына жараша башын буруп, ийип жаткансыйт.

«Ал эми кинодогу темирден жасалган, — деп ойлонду ал антеннаны бир колунан экинчи колуна өткөрө берип, — тулкусун каалаганындай өзгөртө алган роботтун мүчөсү кандай эле? Кебетеси, өзү каалаганындай болсо керек».

Бул арада самолет улам жогорулап бараткан. Үйлөрдүн чатыры алыста калып, Мариянын көз алдына Москванын көрүнүшү алаканга салгандай тартылды.

Ар кай жерде чиркөөлөрдүн куполдору жалтырады, мындан улам шаар туш келди жылма жалпак топчулар кадалган жоолукка окшошту. Жана жээкте баратканына караганда Москванын үстүндө түтүн алда канча аз сыяктанды. Ар кайсы жерден калың түтүн көрүнүп турду, бирок алар өрт экени, заводдордун мору экени же төмөндөп учкан булут экени айырмаланбай турду.

Ар бир бөлүктүн өзүнчө көңүл жипкирткен жагы болсо да, жалпы көрүнүш укмуштай көрктүү, бирок бул сулуулуктун булагы түшүнүксүз болчу. Орусия дайыма ушундай болуп келатканын Мария муздак темирди кармалай берип ойлонду: «Сүйөсүң жана ыйлайсың, а эмнени сүйүп жатканыңа чындап көз салсаң, кусуп жибере жаздайсың».

Капысынан алдындагы учак катуу солк этип алды, ошол замат колундагы антеннанын башы алаканында кандайдыр ойноп жүргөнүн көрдү. Ал колун тартып алганында антеннанын башында тешиги бар тоголок темири ылдый кулап, фюзеляжка тийип, жерди карай кулаган бойдон кетти. Ал эми урчуктун калган бөлүгүнөн башында кызыл жана көк түстөгү зымы бар кыска түтүк калды.

Мария көз карашын кабинага бурду. Айнектен арытадан Шварценеггердин агыш өңдөгү кыймылсыз далысы көрүндү. Башында Мария ал эч нерсени байкаган жок деп ойлогон. Мындан соң анын башына Арнольддун эстен танып калганы келди. Мария айласы кеткендей эки жакты каранып алды да, самолеттун тумшугу жай жана кандайдыр ишенимсиз түрдө бурула баштаганын байкады. Анан анын бул божомолу акырындан ишенимге өсүп жетти. Дээрлик эмне кылып жатканын билбестен ал фюзеляждан канаттардын ортосундагы аянтчага ооп түшүп (минтем деп атып ал антеннанын түтүгүнө курткасын айрып алды), кабинага сойлоп келди.

Кабина ачык экен. Канатта жатып, Мария бир аз көтөрүлө берип, кыйкырды:

— Арни! Арни!

Бирок жооп угулган жок. Ал этияттана тизеси менен чыканагына өбөктөп, анын шамалга учкан чачтары чапкылаган далысын көрдү.

— Арни! — деп дагы бир жолу чакырды ал.

Шварценеггер башын буруп аны карады.

— Кудайыма шүгүр! — деп кыйкырып жиберди Мария.

Шварценеггер көз айнегин чечти.

Анын сол көзү бир аз жүлжүйүңкү тартып турганы менен абдан ачык жана ошол эле учурда сезимдердин ченемсиз айкалышын көрсөтүп турду. Мында бирдей ченемде жашоону сүйүү, күч-кубат, балдарга болгон таза сүйүү, америкалык автокуруучулардын Жапония менен оңой эмес кармашына моралдык колдоо, сексуалдык азчылыктардын укугун таануу, феминизмге карата жеңил мыскыл жана демократия менен иуда-христианчылык баалуулуктары дүйнө жүзүндөгү бүт жамандыктарды сөзсүз жеңээри байкалып турган.

Бирок анын оң көзү таптакыр башкача экен. Муну көз деп айтыш кыйын болчу. Кандын катып калган издери байкалган каректин артында майда зымдары көрүнгөн айнектен турган ак тоголок линзаны темирден жасалган кармагыч кыпчып туруптур. Линзанын так ортосунан кыпкызыл ичке нур көзгө уруп турду, муну Мария нур көзүнө чагылышканда гана көрдү.

Шварценеггер жылмайды. Мындан улам анын бетинин сол жагы кадимки каарман Арнольд Шварценеггер жылмайгандагы билинбеген мыскылды, баланыкындай тазалыкты, мындай бир көргөндө эле түшүнүктүү боло түшкөн маанини туйду: эгер ал бир нече кейбирди өлтүрө турган болсо, камера ар тарабынан алардын айбан кылбас кылыгын тарткандан кийин гана буга барарын көрсөтүп турду. Бирок мындай жылмаюу анын жүзүнүн сол тарабынан гана байкалып турду, ал эми оң тарабы муздак, коркунучтуу, бир чекитке тигилген бойдон өзгөрүүсүз калды.

— Арнольд, — айласы кете үн катты Мария өйдө тура берип, — Арнольд, эмне болуп атасың? Болду эми!

Бирок Шварценеггер унчуккан жок. Кийинки ирмемде учак ордунан жогору карай жүткүндү эле, Мария анын канаты аркылуу төмөн карай кулады. Учуп баратып ал бир нече жолу бирдемелерге урунду, андан соң анын эч кандай карманары калбады. Ал эми чындап кулап баратканын түшүндү да, жакындап келаткан үйлөр менен дарактарды көрбөш үчүн көзүн жумду. Бирок бир нече секунд өтсө да, эч нерсе болгон жок. Мария жанында жанагыдай эле кыймылдаткыч күрүлдөп иштеп жатканын сезип, көзүн ачты.

Көрсө ал канаттын алдында салаңдап туруптур — курткасынын капюшону кандайдыр алдыга чыгып турган урчукка илинип калыптыр. Мария анын ракета экенин араңдан-зорго тааныды. Ракета өзүнүн учтуураак келген тоголок башы менен мындан бир нече мүнөт мурунку өзү байланышкан антеннаны эстетти. Муну көрөрү менен Шварценеггер жөн гана өзү менен сүйүү оюнун ойноп жатканын түшүндү. Бирок бул өтө эле аша чапкандык болчу — анын жүзүндө бир нече көгүш так калганы туюлуп, оозу кан даамданды.

— Арнольд, — деп кыйкырды ал кабина жакка жүзүн буруш үчүн колдорун тарбалаңдатып абада чабак ура, — токтот! Мен мунуңду каалабайм! Угуп атасыңбы? Мага мунуңдун кереги жок!

Акыры ал кабинаны жана Шварценеггердин жылмайыңкы жүзүн көрө алды.

— Арнольд, мен мындайды каалабайм! Угуп койчу! Сенин каалаганыңды аткарыш мага оор!

— No? — деп сурады ал.

— Ооба, жок!

— O. K., — деди Шварценеггер. — You are fired.

Кийинки көз ирмемде анын жүзү артка чабылып, анан адам акылы жеткис күч Марияны самолеттон алыстата алып жүрүп кетти. Ал артка бир карап алып, учак бир заматта артында түтүндөн турган апакай узун жолу бар темир кушка айланганын көрдү. Шамал аркырап уруп жаткан алдыга көз салганда өзүнө найзадай болуп сунулуп келаткан Останкино теле мунарасынын шишин байкады. Урунарга ирмем калганда анын тездик менен жооноюп бараткан ортоңку бөлүгүнөн Мария өзүн калың айнектердин артынан таң кала карап турган кандайдыр бир ак көйнөк, кара галстукчан адамдарды көрдү.