Кум саат

Шайтанга каршы периште. Башатын дайра унуткан.
Өмүрдүн күнү кемиште — өлүмгө кумдай чубурткам.

Махабат, көз жаш, жек көрүү, аязым жана аптабым
Чубуруп улам өткөнү, качырбай кайдан сактадым.

Кечеде жүрүп кирди түн, кейидим батып мүшкүлгө:
Дал ушул кумда бир күкүм — августум кулайт түпкүргө.

Саат сезбейт жандын азабын, күнү да, түнү сапарда,
Жолугуу, кеп-сөз, казалым түпкүргө түшөт... Жок арга.

Үмүттү үзбөй турсакпы, караны ак деп сүйлөбөй,
Кудурет колу кум саатты көңтөрсө кана дүйнөдөй!

Бүт нерсе — жандуу... көңүлдө, баарына сүйүү буюрсун,
Өлүмдөн кайра өмүргө жашоонун куму куюлсун.

Апамда жашап байкалбай, чимирик атам кайра да.
Периште болот шайтандай, башатын эстеп дайра да.