Эстеликтин төбөсүнө дагы бир...

* * * Эстеликтин төбөсүнө дагы бир Кептер конду көпчүлүктүн көзүнчө. Бут алдында кимдин башы, баары бир! Канаттуунун чындыгы бар өзүнчө. Ага жагат уясындай түнөгү — Чыкыйдагы коло чачтын арасы. Канакей даңк! Сый дегенди билеби. Көгүчкөнгө болдуң чындап нааразы. Андан көрөк бүркүт келип консочу, Туулгадагы куш канат деп айткыдай. Бирок, досум, сен намыскөй болбочу, Троя эмес — Невадасың, аттиң-ай. Бир чымчыкка бурдуң мынча көөнүңү, Кармап алып, салгың келет тебелеп. Көгүчкөндөн көтөрүлүп көңүлү, Учпасын деп баштын ээси тиленет.