Ким айтты саа мени ырды сүйөт деп? Сүйбөймүн...
* * *
Ким айтты саа мени ырды сүйөт деп? Сүйбөймүн.
Начарларын окуп алып, эми таакыр жек көрөм.
Андан көрө ак кемеге кол булгалап үндөймүн,
Жаандан качып коңулга, айкел менен чектелем.
Ал ызы-чуу салды белем кумду чачып сырттагы,
Алыстыкты жалтырата көшөгөлөп салгандай.
Көзгө толуп көйрөңү жок, узун ырдан сырт жаны —
Пайда-бата көздөбөгөн жандуу жыргал ал кандай.
Эй, чачылган устундардан секиргин жөн турбастан,
Жулмалагын ольханы жалбырактан тартып да.
Чынын айтсам: тажадым мен акындардан ыр жазган,
Андан көрөк, менимче, жай адамдар артык да.
Айткың келет келгенде сөз оролу:
Жакшы болмок жазбасаңар дегеле,
Жакшы болмок сүйсөңөр эң оболу
Жаанды, күндү, сейилдөөнү жөн эле.





