Эми бир элегия

Ой, бул сенби? деген ойго чөккөнү,
түштүм отуз жетинчи трамвайдан,
жаңы гана жамгыр төгүп өткөнү,
көпүрөнүн үстүнө буу тор жайган.

Май айы эле, күндү эстеймин мен кайдан,
сен белең чын? көздөр көзгө чагылып,
түштүң отуз жетинчи трамвайдан,
көк асмандай көк плащың жамынып,

жаш баладай моюнуңду койкойтуп...
мен да түштүм арт жагыңан кадамдай,
чындап сенби? деп кайталап ой толкуп,
карайладым валидолду табалбай,

билбейм канча күндөр өткөн, жыл жылып,
сен алыста жүргөн окшоп турам жай,
аракеттен, көкмээ! — дедим кыйкырып,
кездештирип жүргөн тура трамвай,

Лефортово жакка тетир жолду улайт,
сен көнүмүш оңго кадам салдың жай,
тээ түпкүрдөн сотка кимге шыңгырайт?
Көңүл бурба, жолдо турба, далдырбай,

келечекти билип-билбей келтабыз, —
деп ойгонсом, сен жапжакын жүрүпсүң,
жубансыңбы, жубайсыңбы, бейтааныш,
сөзгө илинбей калды неси үмүттүн,

бирок кайда кача аласың тагдырдан:
экөөбүзгө берген окшоп маалымат,
биз жолугар күндү болжоп алдыртан
койгон болсо, кантип эми жаңылат,

элегия римдик жана рим эмес
мезгили өттү, түндү кыска кылбасын,
күмүш саамай жүзүң сенин нур элес,
көргөнүмдө, сен ишенсең, кымбатым,

унутулуп жылдар, муң-зар, талыкшуу,
жүрөк кыскан карылыктай каапырдын —
баары кетет узагандай агып суу,
жыты калат жалгыз сенин чачыңдын,

байкатпастан кыркып алып бир талын,
жан китепке катсам — болор таберик,
кыйын күндө курулдабас курсагым,
ал китепти жыттап турсам жан эрип,

кайра-кайра осуяттай ырларын
жаттасам да, табышмак көп күтпөгөн,
бара-бара бүтөт баардык жыргалың,
а таберик керемети бүтпөгөн,

анткени ал сөзү жок да, чеги жок,
мээ чулкулдайт: жолуктукпу кечигип?
Жолуктук го... башка сөздүн эби жок,
«Сүйүү жеңет!» — Сталин жазган чечилип,

жалгыз үмүт: кежир болбой башчылар,
өз үйдө тынч өтсөң жакшы дегеле,
алды жактын түрү жаман, асты жар...
Ой, тобо дейм, сен бул жерде чын эле,

үмүт бердиң кездешүүгө ой жокто,
башталган иш калмак беле уланбай,
аттиң, бирок, ардагым бар, ойготпо —
көшүп жатат... өтүп кетти трамвай.