Үч ыр
1
Жоокерлер келе жатат —
Трам... трам... трам...
Кечилдер келе жатат —
Храм... храм... храм...
Өтүктөр келе жатат —
Тарп... тарп... тарп...
Баарына чагылат көз —
Жарк... жарк... жарк...
Октору жоокерлердин —
Атылбасын.
Каалоосу кечилдердин —
Ачылбасын.
Муң-зары өтүктөрдүн —
Талпаң-тешик.
Баарына урунат ой —
Каңк... каңк... этип.
2
Кайык карс-курс урунуп,
Казыгына байланды.
Перилердин кошууну,
Пешенеде ай калды.
Ба-а деп чыга калчудай
Башка кошуун күттүргөн!
...Түн терметет кайыкты,
Күн кыйкырат түпкүрдөн.
Жайланышар замат мен
Уктабасам болбос ко.
Жаңы жерде таңга жуук
Жакшынакай ойготсо.
Кайык ичи бир туруп
Казанындай калптардын.
Уруш-талаш күлдөрү
Толтургандай шарт жармын.
Абайласам, алтын жээк
Ай-асманга өбүлөт.
Шагыл-таштар жарка-журк —
Шамдар сымал көрүнөт.
Ушул, ушул абалда
Уйку тартып... уюп бат...
Кыйч-куйч, кычыр-р — тынымсыз,
Түн уктабай, күн уктап.
3
Соксоңдошот соколор,
Чаар каргабы — желеги?
Жер түбүнө жеткен күч
Эгин болуп келеби?
Алай-дүлөй — кызганыч!
Асыл нурлар качканы оң!
Кайкып ойлор жүр бирге,
айрымдары арстан ой!
Алай-дүлөй келүүдө
Асман, чатыр аркылуу.
Ээлендирген мезгилди
Эркиндиктин наркы улуу.
Көз-жаш сымал — жамгырга
көкүрөк тур өрөпкүп.
Өрөпкүгөн сайын ал
Төгүп жашты — өнөк бүт!





